Исаковго козголгон кылмыш иши боюнча саясатчылардын пикири

Кыргызстандын мурунку премьер-министри Сапар Исаковго козголгон кылмыш иши боюнча Социал-демократтар партиясы жакынкы сааттарда билдирүү таратат.

Сүрөттүн автордук укугу Rufat ergeshov

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковго карата козголгон кылмыш иши коомдо ар кандай кайчы пикир жаратууда. Исаковдун жактоочулары аны экс-президенттин командасына карата жүргүзүлгөн саясий куугунтук катары бааласа, Бишкек жылуулук борборун оңдоп-түзөөдөгү мыйзам бузуулар боюнча мурдакы премьер түздөн-түз жооптуу дегендер дагы жок эмес.

Бишкек жылуулук борборундагы чуулгандуу окуя башталгандан тартып, аны менен бирге мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун ысымы кошо айтылып келет. Аталган маселе боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде Исаков бир нече жолу күбө катары суракка дагы чакырылган эле. Ошондой эле Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу мыйзамсыз иштер тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясынын корутундусунда Сапар Исаковдун аты аталып, анын жоопкерчилигин кароо каралган. Ушундан улам УКМКнын экс-премьер-министрге карата кылмыш ишин козгоосу коомчулукту таңгалдырган жок.

ЖЭБди модернизациялоодо мамлекетке зыян келгени талашсыз маселе экенин айткан депутат Алмамбет Шыкмаматов Сапар Исаковдун иши боюнча тергөө органдарына ишенбөөгө негиз жок дейт.

"Сапар Исаковдун ишин саясат менен байланыштырбаш керек. Ага саясий кысым эмнеге көрсөтүлөт? Ал эмне мурун оппозицияда жүрдү беле же бирөөнү сындап жатты беле? Ал ушул эле командадан чыккан КСДПнын ана башчыларынын бири. Анан бул иште каяктагы саясий өңүт. Саясий куугунтукка дуушар болду деп, башкаруу режими менен айоосуз күрөшкөн адамды айтат. Булар бир командада жүрүп эле былык иштери чыгып жатпайбы. Бул жерде саясат жок", - деди ал.

Сапар Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетектеп турганда чарбалык, коммерциялык маселелерге аралашканын айрымдар мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарынан аша чапкандык катары баалашууда. Баш мыйзамга ылайык, анын вазипасына президенттин тышкы саясаттагы иштерин аткаруу кирет, ал эми ЖЭБди ондоп-түзөө чарба иштери тикелей өкмөтүн жумушу болчу,-дейт саясий илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбеков:

"Факты деген өжөр нерсе. Эгер ал фактылар менен айыпталып жатса анда калкалап, чаң жугузбай, саясий куугунтук болуп жатат дештин кереги жок. Ак болсо тергөө далилдейт. Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп туруп мамлекеттик ири долбоорлорго аралашканы күмөн жаратууда. Ал чебер дипломат. Тышкы байланыштар боюнча күчтүү адис катары өз багытында так иш алып барганда аброю жогору болмок".

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясындагы депутаттардын бир тобу сабырдуу сүйлөп жатышат. Аталган фракциянын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров:

"TBEA менен болгон келишим тууралуу бир топ кишинин фамилиясы айтылып күмөн саноолор болуп жатат. Бирок алардын күнөөсү бар жогун сот аныктайт",- деди.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Исаковго ЖЭБди модернизациялоого Кытай тарабынан берилген 386 млн доллар насыяны максатсыз пайдаланылды деген негизде кылмыш иши козголду.

Исаковго ЖЭБди модернизациялоого Кытай тарабынан берилген 386 млн доллар насыяны максатсыз пайдаланылды деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү, тактап айтканда "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. УКМКда алты сааттан ашык сурак бергенден кийин Исаковдон башка жакка чыкпоо тууралуу тил кат алынып, кое берилген. Ал өзүнө айтылган дооматтарды саясий куугунтук деп жатат.

"Чынын айтсам, айып тагуу боюнча токтомду толугу менен окуп чыга элекмин. Эмне деп айтмак элем, алгач социалдык тармактарда, маалымат каражаттары аркылуу Сапар Исаковдун атын тебелешти. Андан соң ушундай антураж түзүп, кишини кылмышкер катары көрсөтүп жатат. Мүмкүн мен эмоцияга алдырып жатам, албетте, кечирим сурайм. Адвокаттар менен тыгыз иштеп, күнөөсүз экенибизди далилдейбиз. Мен болгон нерселерге нес абалда калдым. Бул таптакыр чектен чыгуу деп эсептейм",- деди Исаков.

Ал ортодо баш прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн парламентте отчет берип жатып, коррупциялык кылмыш иштери негиздүү козголуп жатканын баса белгилеп, бул жерде саясат издештин кереги жоктугун билдирди.

Тектеш темалар