Токон Мамытов: коңшу өлкө маселени дипломатиялык жол менен чечкендин ордуна тескери кетүүдө

Кыргызстандын чек ара кызматы Баткендеги чек арадагы чырлуу окуяда Тажикстандын чек арачыларынын мыйзамсыз аракеттери себеп болгон деп билдирүү жасады.

"2018-жылдын 4-июнунда Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда жаңжал чыгып, анда тажик тарап курал колдонуп, асманды карай эскертүү ок чыгарган. Жаңжалдын себеби, чек ара тилкесинде тажик чек арачылары тарабынан жүрүм-турум эрежелери бузулганы. Ошондой эле тажик чек арачылары "Футбол талаасы" участкасында соода кылган кыргызстандык жарандарын кубалаган. Чыр-чатакты Кыргызстандын чек арачылары токтотууга аракет кылганда тажик чек ара аскерлери курал колдонуп, чыр-чатак пайда болгон. Учурда абал туруктуу", - деди Би-Би-Сиге Чек ара кызматынын басма сөз кызматкери Салкын Абдыкариева.

Чек ара кызматынын басма сөз кызматкери Салкын Абдыкариеванын айтымында, чек арадагы жаңжал боюнча тараптар жолугушуу өткөрүп, жаңжал учурунда кармалган тажик чек арачылары Тажикстан тарапка эсен-соо өткөрүлүп берилди.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, эртең чек арадагы кырдаалды жана мындай окуяларды болтурбоо, алдыналуу чараларын талкуулоо үчүн кыргыз-тажик чек ара жетекчилеринин жолугушуусу күтүлүүдө.

Ал ортодо Тажикстандын Чек ара кызматы билдирүү таратып, кыргыз тараптын аракетин "чагым" катары баалаган. Кыргызстан тараптын билдирүүлөрү чындыктан алыс экенин айтып, чатакка кыргыз тарап алдынала даярданган деп билдирген. Жергиликтүү агенттиктер тараткан билдирүүдө, Тажикстандын Чек ара кызматы "болуп өткөн окуяда кыргыз чек арачылары кармап алган тажикстандык аскерлер катуу сабалып, кыргыз тарап буга чейинки келишимдерди бузган" деп айтылган.

Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев окуя тууралуу буларды айтып берди:

-Биз Кыргызстандын аймагында чек ара жакын жердеги аянтчага базар ачканбыз. Тургундар мөмө-жемиштерин сатканга шарт түзөлү деген ой болгон. Мына ушул жер чыр-чатакка себеп болуп калды. Тажикстандын чек ара кызматкерлери келип, соода кылганы келгендерди кубалап, ок чыгаргандан кийин анан ызы-чуу башталды да.

Би-Би-Си: Сиз айтып жаткан жер - базар курабыз деген тилке Кыргызстанга таандык жер тилкесиби?

Сапарали Адинаев: Ооба, бул жер Кыргызстанга таандык. Буга чейин базар болгон эмес. Биз тажиктердин дүң соода базарына кирип соода кылып турат элек. Бирок эл кыйналып кетти, тажик чек арачылары кээде акча талап кылат дегендей. Ошого өзүбүздө базар кылалы дегенбиз.

Би-Би-Си: Максат айылы бир учурда жылма экспансияга каршы курулган айыл эле. Жашоо-турмуш кандай?

Сапарали Адинаев: Бүгүнкү күндө 265 кожолук жашап жатат. Чек ара тилкесинде болгон үчүн маселе көп. Чек ара такталбаганы өзүнчө мүшкүл. Айылдан мамлекет жер тилкесин бергени менен суу, электр энергиясы, жол маселеси чечилбесе эл көчүп келбейт экен. Өзгөчө жаштардын келип жашап калышы кыйын.

Кыргыз-тажик чек арасында чек арачылар бири-бирине курал кезешкенге чейин жеткен чатакташуулар көп катталып келүүдө. Би-Би-Си Чек ара кызматынын жана Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, генерал-лейтенант Токон Мамытовго кайрылып, соңку окуя боюнча пикирин сурады.

Токон Мамытов: Баткенде чек аранын көпчүлүгү тактала элек. Такталбаган чек арада чарбачылык же башка иш-чараларды жүргүзүүгө уруксат берилбейт. Жергиликтүү бийлик базар курса дагы, дүкөн курса дагы, арык казса дагы эки өлкөнүн чек ара кызматтары менен макулдашуусу керек. Кошуна болгондон кийин куру дегенде эскертип коюу керек. Ошондой эреже сакталбаганы үчүн соңку окуя чыкты деп ойлойм.

Би-Би-Си: Кыргыз-тажик чек арасында бул сыяктуу ондогон чыр-чатактар катталган. Бирок кооптондурганы чек арачылардын курал кезешип калган учурлары тажик-кыргыз чек арасына мүнөздүү болуп келүүдө. Тараптарды ушундай абалга түрткөн себепти эмнеден көрөсүз?

Токон Мамытов: Бул кадимки эле көрүнүшкө айланып келатат. Өзүңөр билгендей, 2014-жылы биздин чек арачыларды тажик тарап миномёт менен деле аткылабады беле. Андан кийин дагы, азыр дагы ошондой эле болуп отурат. Биз мындай болбошун талап кылышыбыз керек. Алар элди тынчтандырып, өзүбүз чечебиз деп элди баскандын ордуна курал көтөргөнү туура эмес. Ошондуктан жергиликтүү бийлик, Чек ара кызматы, Тышкы иштер министрлиги өздөрүнүн деңгээлинде бул маселени көтөрүшү керек.

Би-Би-Си: Өзүңүз белгилегендей, чыр-чатактын негизги булагы чек аранын такталбаганы. Бирок чек ара тактоодо тажик тарап менен жылыштар болбой келүүдө. Кандай аргасы же жолу бар?

Токон Мамытов: Азыр биздин бийликти он ирет алмаштырсак дагы чек ара маселеси алдыга жылып кетпейт. Чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн өзүнчө бир ыкмасы, эл аралык тажрыйбалары бар. Анын ичинде кыргыз өкмөтүнүн дагы тажрыйбасы жок эмес. Ошонун баарын колдонуп, алдыга жылдырса болот. Экинчи жагы, кыргыз тарап, "азыр барып эле бул маселени мындай чечтик" деп элге маалымат бергенден эч нерсе өзгөрбөйт. Аракет эки тараптан тең болушу керек. Айрымдар "кыргыздар тажиктин эшигин тээп барып, чек араны чийип, отуруп алыш керек" дегендей пикирлерди айтып жатышпайбы. Мындай учурда бизди эл аралык мыйзамдарды бузуп жатасыңар деп күнөөлөгөндөр четтен чыгат. Бирок коңшу өлкө маселени дипломатиялык жол менен чечкендин ордуна тескери кетип жатат, биз мына ошого каршы туруштук беришибиз керек. Атайын ыкмаларды колдонуп, кез-кезде ордуларына коюп турушубуз керек. Бардык өлкө чек араны өз кызыкчылыгына жараша чечкенге аракет кылат. Тайсалдап, коркуунун кереги жок. Түз эле талап кылып, катуу-катуу айтыш керек. (AbA\SA)

Тектеш темалар