Алсыраган Атамбаев, кыйчалыш жолдогу КСДП

Атамбаев Алмазбек

Сүрөттүн булагы, B.STAMKULOFF

Кыргызстанда коррупциялык кылмыш иштерге байланыштуу мурдакы жетекчилердин камалышы боюнча соңку камоолор жөнундө экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн позициясын билдиргенден кийин, анын өзүнүн жоопкерчилиги жана саясий келечеги жөнүндө талкуу жанданды. Экс-президентти СДПК партиясынан чыгаруу жөнүндө демилге көтөрүлүп жатканы тууралуу кабар бул талкуунун отун ого бетер үйлөп салгандай.

Алмазбек Атамбаев шаршембиде жарыялаган билдирүүсүндө мурда жетекчилик чоң кызматта жүргөн СДПКнын көрүнүктүү үч мүчөсүнүн коррупция боюнча кылмышка шектелип, камакка алынышын коррупцияга каршы күрөшүү эмес, "Райым миллиондордун өч алышы" деп атап, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо жана башка ири долбоорлор боюнча жоопкерчиликтин баарын өзүнө алды.

Бирок Атамбаевдин бул жүрүшү экс-премьер-министр Сапар Исаковду, экс-мэр Кулматовду жана мурдакы энергетика министри Осмон Артыкбаевди жоопкерчиликтен куткарбайт, ал түгүл чогулуп жасашкан экен деп кайра алардын күнөөсүн оорлотушу мумкүн деп жатышат.

«Балким, ага сизде кол тийбестик бар, сизге эч нерсе болбойт, балдарды куткарып калалы деп кеңеш беришкендей. Бирок Атамбаевдин өзгөчө оор кылмышты өзүнө алып жатканы башкаларды сактабайт, тескерисинче алардын күнөөсүн оорлотот, анткени баары чогулуп алып жасаган болуп жатпайбы. Финансы министрлиги, Тышкы иштер жана Экономика министрликтери кредиттик келишимдердин абдан пайдасыз түзүлгөнүн билип, Атамбаевди эскертип келишкени, бирок ал укпай койгону азыр элге белгилүү болуп калды. Атамбаев күмөндүү иштердин баарын өзү түздөн түз жетектеген, Конституция боюнча укугу жок мамлекеттик башкаруу тармактарына кийлигишкен, б.а. өлкөнүн Баш мыйзамын бузуп келген, ал эми тегереги жардам берген. Ошондуктан Атамбаевдин билдирүүсү Исаковду жана башкаларды актабайт, жөн гана иштин чоо жайын түшүндүрүп койду",-дейт коомдук ишмер Эмил Каптагаев.

Ошол эле учурда Атамбаевдин билдирүүсүнө коомдук пикир көбүнчө жакшы болгон жок, анын өзүн сындаган, тилдеген пикирлер коомдук сайттарга жайнап чыкты. Анын себеби, Атамбаевдин популярдуулугу мындан ары кемигендин үстүндө болот дейт Эмил Каптагаев:

"Азыр Атамбаевдин абалы ошондой, кандай жүрүш жасаса да позициясы начарлай берет".

"Бакиевдин куйруктары", шопур жана жансакчылар

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сагынбек Абдракмановду 2017-жылы КСДПнын айрым мүчөлөрү Жээнбековго атаандаш кылып, президенттикке талапкер катары көрсөтүшкөн.

Атамбаевдин билдирүүсүнө улай, анын өзүн КСДПнын катарынан чыгаруу демилгеси от алганы жөнүндө кабар таркады. КСДПнын эң эски активисттеринин бири болуп келген Сагынбек Абдракманов таркаткан билдирүүдө, "Атамбаев КСДП партиясынын тарыхый эмгектерине жамынып жатат" деп, ал эми "Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматов Бакиевдин куйруктары" деп аталат.

Ошондой эле "Атамбаев бийликкке кан менен келип, бардык күчүн жеке байыганга, жана бийликти өзүнүн шопуру менен жан сакчыларына бөлүп берген" дейт. Ошол себептүү, азыркы учурда КСДПнын кезексиз съездин чакырууга даярдык болуп жатканы, Атамбаев КСДПнын төрагасы кызматынан жана мүчөлүгүнөн чыгарылмайынча, аракет токтобой турганы баса белгиленет.

Бүгүн КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Сагынбек Абдракмановдун кезексиз съезд чакыруу жөнүндөгү маалыматын негизсиз деп билдирүү таркатты. Билдирүүдө Сагынбек Абдрахманов 2017-жылдын 9-августунда 16-съезддин чечимине баш ийбегендиги үчүн КСДПдан чыгарылганы, анын үч айдан бери тегерегине таарынган партиячыларды чогултууга курулай аракеттенип жүргөнү айтылат.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын активисттери дагы чукул съезд жөнүндө эч маалыматы жок экенин айтып жатышат.

"Сагынбек Абдракманов жана аны менен кошо бул идеяны көтөрүп жаткандар мага же башка депутаттарга келгенин эч бир депутаттан укканым жок",-деди ЖКнын мурдакы төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

КСДП партиясынын съезди 31-мартта болуп, анда Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасы болуп шайланган. Ошол жыйында Атамбаевдин президент Жээнбеков жөнүндө айткан сөзүнө нааразы болуп, партиянын бир топ мүчөсү чыгып кеткени белгилүү. Ошондо эле КСДП партиясынын ичинде бөлүнүп-жарылуунун белгиси байкалган. Андан берки окуялар башкаруучу партиянын ичинде Атамбаевди жактагандар менен ага каршы болгондордун ортосунда ажырым тереңдеп курчуп баратканын көрсөтүүдө дешет. (КС)