Менингит мээге чапса, иштин бүткөнү

Менигит инфекциялык оору болгондуктан тез өөрчүп, күчөп кеткенде инфекция мээге чейин чаап кетиши ыктымал. Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Менигит инфекциялык оору болгондуктан тез өөрчүп, күчөп кеткенде инфекция мээге чейин чаап кетиши ыктымал.

Коңшу Казакстан мамлекетинде менингит илдетинин күч алып жатканы коомчулукту дүрбөлөңгө салууда. Өтө жугуштуу оорунун бул түрү тууралуу Кыргызстанда дагы эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алдын-алуу чаралары көрүлүүдө.

2018-жылдын беш айында республика боюнча менингит илдетине чалдыккандардын саны 12 кишиге жеткен. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эки эсеге аз. Былтыркы жылдын алты айында менингит оорусуна чалдыккан 32 учур катталган. Азыркы учурда менингит болуп, ооруканада жаткандар жок.

Иммунитети чоң кишиге салыштырмалуу алсызыраак келгендиктен, менингитке кабылгандардын 80 пайыздан ашыгын 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Менингит - өтө жугуштуу жана коркунучтуу илдет болуп саналат. Ал курч мүнөздө өөрчүп, аз убакытта кишини абалын начарлатат.

"Оорунун биринчи эле белгиси кишинин дене табы жогорулап, 40-41 градуска чейин чыгат. Башы катуу ооруп, кежиге тартылат. Абдан кусат. Жүрөк катуу согуп, тарамыштар тартылып, кишини калтырак басат. Балдар жарыктан жана катуу чыккан үндөн чочуп баштайт",- дейт Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Казакстанда менингиттен 12 адам өлгөнүн Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги расмий билдирди.

Менингит мезгил-мезгили менен козголуп туруучу оорулардын бири. Ал 10-15 жылда бир массалык түрдө катталып турат. Акыркы жолу Кыргызстанда 2015-жылы ал оорунун күч алганы байкалып, төрт жүзгө жакын киши менингиттин ар кандай түрү менен жабыркаган. Алардын арасында каза болгондор дагы болгон. Менингит инфекциялык оору болгондуктан тез өөрчүп, күчөп кеткенде инфекция мээге чейин чаап кетиши ыктымал. Мындай абалда адам өмүрүн сактап калуу мүмкүн эмес.

"Андыктан бейтапты үйгө алып жатып албаш керек. Алар ооруканага канчалык тез кайрылса, дарылоо ошончолук жеңил өтөт. Менингитти алдын- алуунун негизги эрежеси эң эле жөнөкөй. Биринчиден санитардык- гигиеналык нормаларды сактоо зарыл. Иммунитетти чыңдап, туура тамактануу керек. Бөлмөлөрдү бат- баттан желдентип туруу шарт. Бул оору эрте жазда, кеч күздө жана кыш айларында көп катталат. Андыктан жылуу кийинип жүрүү өтө маанилүү",- дейт Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Аалиев.

Гүлжигит Аалиевдин айтымында, быйылкы жылдын беш айында менингит вирусуна кабылып, инфекциялык ооруканага эки киши кайрылган. Алардын бири чоң киши болсо, экинчиси бала.

"Былтыр ушул учурда биздин ооруканада беш бала, эки чоң киши дарыланган. Мындай көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу быйыл менингитке чалдыккандардын саны алда канча аз экенинен кабар берет. Ошондой болсо дагы биз маалымдоо каражаттары аркылуу оору жана аны алдын-алуу чаралары тууралуу кеңири маалымат берүүгө аракет кылып жатабыз",- дейт башкы дарыгер.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, мекеме илдетти тез арада аныктоочу заманбап жабдыктар менен толук камсыз болгон. Андан тышкары менингит боюнча медициналык кызматкерлер окутуудан өткөрүлүп, чет мамлекеттик дарыгерлер менен тажрыйба алмашып турат.

Менингит сейрек кездешүүчү илдет болгондуктан мамлекет тарабынан ага карата вакцинация жасалбайт. Бирок каалоочулар ооруну алдын- алуу үчүн жеке медициналык жайлардан эмдөөдөн өтсө болот.

Тектеш темалар