Т.Кушчубеков: АКШ менен мунасага келүү, ириде, Түндүк Кореяга пайдалуу
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Кушчубеков: АКШ менен мунасага келүү, ириде, Түндүк Кореяга пайдалуу

Сингапурда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышкан тарыхый саммит аяктады. Дональд Трамп менен Ким Чен Ын кол койгон документте Кошмо Штаттар менен Түндүк Корея “бекем жана туруктуу тынчтыкка” умтулары айтылат. Дүйнөлүк Массалык маалымат каражаттарынын бутасында турган бул окуянын тегерегинде тарыхчы Талантбек Кушчубеков Би-Би-Сиге маек куруп берди.

Би-Би-Си: Эмне үчун Түндүк Корея ийкемдүүлүк кылып өзүнүн өзөктүк куралын кыскартууга барып жатат?

Т.Кушчубеков: Эң эле негизги себеби бул -Түндүк Кореянын экономикалык акыбалына байланыштуу болду. Ошондой эле Түндүк Корея канча жыл жалгыз гана ички күчтөргө таянган саясатын алып барып, ал мактанарлык жетишкендикке алып келе албады. Көзгө көрүнө турган бирден бир нерсеси бул өзөктүк атомдук куралга ээ болгону болууда. Түндүк Корея башка өлкөлөрдөй өнүгүп-өсүп кете алган жок. Ошондой саясатын дагы деле уланта бере турган болсо, ал мамлекеттин жана башка дүйнө өлкөлөрү, ошол эле кошуна мамлекеттер менен болгон асман менен жердей айырмасы кеңейе бермек. Бул Түндүк Корея жетекчилигине деле түшүнүктүү болуп калган. Экинчиси, бийликтин алмашканы дагы себеп болду. Атасы бийликте болгон мындай кадамдар болмок эмес. Ал өткөн кылымдын жана идеологияга өтө берилип кеткен адам эле. Баласы болсо, жаманбы-жакшыбы Батыш Европадан билим алган адам. Ал дүйнөнү да көрүп келген.

Би-Би-Си: Дүйнөнүн көп өлкөлөрү өзөктүк куралды таркатпоо тууралуу келишимге эбак эле кошулушкан да. Түндүк Кореянын андан сырт калышынын себептери кандай болду?

Т.Кушчубеков: Массалык кыйроого алып келе турган куралды таркатпоо тууралуу келишим бар эмеспи. Ага жалпы дүйнө коомчулугу кошулган, анын ичичнде Кыргызстан дагы бар. Бирок алк елишимге кошулбагагн бир нече өлкөлөр дагы калган, алар: Түндүк Корея, Пакистан, Индия жана дагы бир-эки өлко бар. 1992-1993-жылдары өзөкт ук куралга ээ болгон өлкөлөр: Казакстан, Украина андан баш тартышкан. Бирок аларга салыштырмалуу Түндүк Кореянын шарты башкараак болду. Созсуз түрдо аны да эске алышыбыз керек. 1948-жылдагы согуштун натыйжасында алар дагы Батыш менен Чыгыш Германиядагыдай экиге бөлүнуп калган. Ошол эн чон себеп болуп туруп берди. Түштүк Кореяга АКШ арка-бел болуп жатты. Ал эми Түндүк Кореяны Советтер союзу менен Кытай болуп калды. Ал кезде "биздик болбосоң, тигил жактыксың" деген саясат болгон да. Ошонуну уландысы ушул күнгө чейин келди. Анан дүйнөдө глоаблдашуу деген башталды. Бул дагы өзүнчо бир чоң агым. Андан сырттан калыштын натыйжасы өтө оор болмок.

Маектин толук версиясы тиркелген аудиодо.