Эски өкмөттүн ишине жаңы премьердин отчету

парламент

Өкмөт бир жылдык аткарган иши боюнча кайрадан парламентке келди. Кызыгы, депутаттар өкмөт ишине кандай баа беришти билбей, ыңгайсыз абалда калды. Анткени эки ай мурда эле парламент өкмөткө ишеним көрсөтпөй, премьер-министр Сапар Исаковду кызматынан кетиришкен. Эми эски өкмөттүн ишине жаңы премьер отчет берип келгенде, депутаттар кош ача суроонун алдында турат.

Иишин эми баштаган өкмөттөн отчет

Өкмөттүн жылдык отчётун угуу парламентте кайчы пикир жаратты."Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров:

"Азыркы өкмөттөн эмнени сурайбыз?! Мухаммедкалый Абылгазиев эки ай аралыгында эч нерсеге жетише элек. Кадр маселелери менен эле алек болууда. Андан көрө отчётту эске алынсын деп таап, өкмөттү кетире берели. Же булардын отчётун дагы канааттандыралык эмес деп, таратып жиберелиби? Биз башынан туура эмес кылганбыз. Эртеңки күнү парламент кабыл алган чечим мыйзамсыз болуп калбасын деп жатам",-деп кайрылды.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов өкмөт башчылар алмашканы менен азыр министрлер кабинетинин курамынын 80 пайызы мурдагы мүчөлөр экенине белиглеп, отчетту угуш керек деп чыкты. Бирок айрым депутаттар өкмөттүн отчётун маалымат катары гана эске алуу жетишүү болоорун белгиледи.

"Кыргызстанда мындан бийик чоң жыйын жок. Бир жылда эки маанилүү иш бар. Биринчиси, өкмөттүн отчётун бекитүү, экинчиси бюджетти бекитүү. Бул Абулгазиевдин отчёту эмес. Бир жылдагы алты миллион элдин тагдырынын отчёту. Социалдык,экономикалык чарбалык иштин отчёту. Анан ошону талкуулабай эле коелу дегендерге таңкалып жатам. Мындан чоң иш жок",- деди депутат Каныбек Иманалиев.

Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов мурдагы өкмөттүн отчётуна айрым гана комитеттер канааттандырарлык эмес деген баа бергенин эске салып, ошол кездеги өкмөттүн отставкасын саясий мотив менен байланыштырууда.

"Ал жерде отчёт тууралуу кеп болгон эмес. Мурдагы өкмөттүн отставкасы чуулгандуу иштердин негизинде болду. Ошондуктан өкмөттүн отчётун сөзсүз угушубуз керек".

Кош бийлик жаралабы?

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбековдун көздөй кадры деп айтылып жүрөт. Ошондуктан алар азыр эриш-аркак иш алып баарып жаткандай көрүнөт. Бирок айрым саясатчылар баш мыйзамга катылган кош бийлик коркунучу эртели-кеч кризиске алып келиши мүмкүн деп коңгуроо кагууда.

Президент УКМКдан кетирген кадрды ошол кездеги өкмөт башчы Сапар Исаковдун кайра жогорку кызматка алып келгени президент-премьер тирешинин эң сонун мисалы болуп калганын коомчулук унута элек.

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Абулгазиев мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун отставкасынан кийин премьер-министрликке келди

"Баш мыйзамда көрсөтүлгөн үч бийлик бутагы өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан баш тартып, президентке ыктап жаткандыктан бизди Кудай сактап жатат. Эгер бийлик бутактары баш мыйзамда көрсөтүлгөн милдеттерибизди аткарабыз дей турган болсо, эмдигиче кочкорлордун башы сүзүшүп жатып калмак. Бир чети мамлекет башчыга көз каранды болуп, анын буйругунан чыкпай келе жатканы тополоңдон сактап жатат",-дейт мурдагы баш прокурор Кубатбек Байболов.

Ошол эле учурда айрым эксперттер Кыргызстандын саясий бийлик түзүлүшүнүн өзгөчөлүгүн эске алуу керек дешет. Маселен, профессор Зайнидин Курманов Кыргызстандагыдай коалициялык өкмөт туруксуз болот жана эч качан күчтүү боло албайт деген пикирде.

"Азыркы Конституцияга ылайык, өкмөт башчы партияга таянуу менен эч кимден көз каранды болбой иш алып барса болот. Бирок бизде андай иш болбойт".

Өкмөт башчы 2017-жылы өлкө экономикасында туруктуулук байкалып, иш жүзүндө өсүшү 4,6 пайызды түзгөнүн маалымдады. Ошондой болсо дагы Абылгазиев өзү өкмөттүн 2017-жылдагы аткарган ишин канааттандырарлык эмес деп баалады. Ага "РусГидро" менен болгон келишим жокко чыгарылганын, Liglass менен макулдашуу чийки болуп, MegaCom ишканасына алигиче инвестордун табылбай жатканын жана башка ушул сыяктуу бир топ кемчиликтерди мисал катары келтирди.

Сапар Исаковдун ишин баалап, өзүн кызматтан алган парламент

Апрелде Сапар Исаков башкарган өкмөткө парламент тарабынан ишеним көрсөтүлбөй, отставкага кеткен эле. Жаңы Конституция кабыл алынгандан бери кыргыз өкмөтүнө биринчи жолу ишеним көрсөтүлбөй жатканы коомдо кызуу талкуу жараткан. Көпчүлүк Сапар Исаковдун отставкасын мурдагы президент менен азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы тирешүү катары кабылдаган.

Көп өтпөй Бишкек ЖЭБдеги коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында экс-премьер-министр Сапар Исаковго Бишкек жылуулук борборун модернизациялоого Кытай тарабынан берилген 386 млн доллар насыяны максатсыз пайдаланылды деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү, тактап айтканда "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМКда бир нече жолу сурак бергенден кийин Сапар Исаков убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Исаков ага карата козголгон кылмыш ишин экс-президенттин командасына карата жүргүзүлгөн саясий куугунтук катары баалоодо. (VA)