Аскар Салымбеков: кыргыз футболу атаандаштык чөйрөгө муктаж

  • Элеонора Сагындык кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргыз футболчулары

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргыз футболчулары

Бүгүн Орусияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталат. Төрт жылда бир өтчү таймашка 32 өлкөдөн командалар келди. Орусия конок ээси катары алгачкы оюнду Сауд Арабиясы менен ойнойт.

Чемпионатка жеринен көз салуу үчүн барган Футбол федерациясынын биринчи вице-президенти, "Дордой" футбол клубунун президенти Аскар Салымбеков Би-Би-Си суроолоруна жооп берди.

Би-Би-Си: Футбол боюнча быйылкы дүйнө чемпионатынын өзгөчөлүгү эмнеде?

А.Салымбеков: Дүйнө жүзүндөгү үч миллиард күйөрмандын күткөн күнү келди. Кечээ күнү ФИФАнын 200 мамлекет өкүлдөрү менен конгресс өттү. Конгресстеги чечимге ылайык, 2026-жылы Дүйнөлүк чемпионат үч мамлекетте: АКШ, Мексика жана Канадада өтмөй болду. Бүгүн Россия убактысы менен саат 17.00дө Москванын Лужники стадионунда биринчи оюн өтөт, ага Россия жанан Сауд Арабия командалары чыгат.

Эң эле биринчи өзгөчөлүгү, ири державалардын бири болгон Россияда тарыхта биринчи жолу футбол боюнча чемпионат өтүп атат. 11 шаарында 12 сонун заманбап стадион курулду. Чемпионатты утурлай, Россиянын чоң шаарларынын инфраструктурасы, жолдору, аэропорттору оңолду. ФИФАнын президенти Жанни Инфантино орус эли, президентине кечээ чемпионатка карата даярдык үчүн ыраазычылыгын билдирди. "Москва дагы өзгөрүлүп, дагы кооз болуп калыптыр" деди.

Би-Би-Си: Жеке өзүнуз кайсы өлкөнүн футболдук командалары үчүн күйөрмандык кыласыз? Фавориттериңиз ким?

А.Салымбеков: Бул жерде чеберчилиги өтө жогору командалар абдан көп. Германия, Бразилия, Британия, Франция, Испания, Аргентина командалары. Биринчиликке таймаш ушул командалардын ортосунда болот го деп ойлоп атам. Эми анын ичинен Россия менен деле киндиктешпиз, тарыхыбыз бир дегендей, ага да күйөрман болушубуз керек.

Мен өзүм Бразилиянын Кыргызстандагы консулумун, ага да жан тартамын. Мен күйөрмандык кыла турган дагы бир команда бул - Аргентина. Лионель Мессинин футбол боюнча бардык наамдары бар, бирок дүйнөнүн чемпиону боло элек. Акыйкат үчүн ушул Аргентина дагы чемпион болуп калса, жан тартамын. Бирок эми футбол кызыктуу оюн да, алдын ала эч ким билбейт ким жеңүүчү болорун.

Видеонун түшүндүрмөсү,

Дүйнөлүк чемпионатка арналган атайын берүү

Би-Би-Си: Кыргыз футболу качан дүйнөлүк аренага чыгып калат деп ойлойсуз?

А.Салымбеков: Советтер союзунда "Алга" деген команда мыктылардын бири болчу. Андан кийин биз өзүбүз эгемендүүлүк алгандан бери командаларыбыз азайып, кээ бирөөлөр "кыргыз футболу жоголот" дегенге чейин барышкан. Азыр "Абдыш-Ата", "Алай", "Алга" деген командаларыбыздын ортосунда чемпионат болуп, "Абдыш-Ата" менен "Дордойдун" базасында даярдалган футболисттер бүткүл дүйнөлүк клубдарда ойноп жатышпайбы. Араб өлкөлөрүндө, Түркия, Россия, Казакстан, Таиланд, Индия үчүн ойноп атышат. Биздин курама командабыз жакшы жетишкендиктерге жетишип, мурда ФИФАдагы 210 мамлекеттин ичинде 190- орунда жүрсөк, эми мына апрелдеги рейтинг менен 75-орунга чыктык. Бул чоң жетишкендик.

Бирок Кыргызстандын ичинде ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер ушул футболго көңүл буруп, көбүрөөк команда болсо, атаандаштык болуп, балдардын чеберчилиги өсөт эле. Футбол десе эле оңой ойлошот, 11 бала топ аркасынан чуркайт деп. Кытай 1,5 миллиард калкы менен 11 жакшы оюнчу таба албай жатпайбы. Бишкекте жакшы бир заманбап стадион салынса, 35-40 миңдик. Ошондо дүйнөлүк аренага чыгып, эл аралык оюндарды өткөрсөк болот. Кудайга шүгүр, азыр футболубузду өстүрүү аракетиндебиз.