Жаңы бийликтин эски камчысыбы?

  • Сапаргүл Абдинабиева
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Жогорку сот

Сүрөттүн булагы, official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жогорку сот

"Ата Мекен" партиясы өлкөдө жаңы саясий режимдин түзүлүшү менен көпчүлүк үмүт арткан сот акыйкаттыгы орной электигин айтып чыкты. Кечээ Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши боюнча мурдакы өкүмдү күчүндө калтырды. Жогорку сот буга чейин мурдагы баш прокурор Аида Саляновага карата да мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырган эле. Ал эми мурда күнү Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап чыгуудан баш тарткан. Соттолгон саясатчыларга карата бул сыяктуу соңку чечимдер нааразылык жаратып, жаңы бийликтин камчысы чабыла баштады деген кептер айтылууда.

"Ата Мекен" партиясы бүгүн тараткан маалыматында, башкы прокурордун соңку жүрүштөрү укук коргоо органдарына болгон ишенимди ого бетер кетирет деп айтылат. Ал турсун президент Сооронбай Жээнбековдун Коопсуздук кеңешинде Кыргызстанда укук коргоо органдарына жоголгон ишенимди кайтаруу жөнүндө айткан сөздөрүнө каршы келери белгиленген.

"Биз Баш прокуратураны акыйкат чечим кылат деп күткөнбүз. Коопсуздук кеңешинде президент өзү биздин өлкөдө коррупция күчөгөн, сотторго ишеним жок, күч структуралары эл үчүн иштебей жатат, мунун баарын оңдош керек деген. Баарыбыз кубанганбыз. Андан бери убакыт өттү. Жарым жылда айткан сөздөрү менен кылган иштери дал келбей жатат", - деди Би-Би-Сиге ЖКнын мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Коопсуздук кеңешинин соңку жыйынында Кыргызстанда укук коргоо органдарына жоголгон ишенимди кайтаруу жөнүндө чечим чыккан.

Билдирүү 12-июнда башкы көзөмөл органы "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тартып, ишти башынан карап чыгуу негизсиз деген маалымат тараткандан кийин айтылып жатат.

Бул окуяларга катарлаш камактагы саясатчы, мурдагы депутат Садыр Жапаровдун иши дагы Жогорку Сотто каралып, 13-июнда соттук коллегия биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Ага ылайык, Жапаров он бир жыл алты айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесилген. Бул чечим саясатчынын жактоочулары үчүн күтүүсүз болуп, сот залында эле кыйкырыктар менен коштолду.

Андан мурдараак Жогорку Сот мурдагы баш прокурор, юстиция министри жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аида Салянованын көзөмөл арызын канааттандырбай, мурдагы чечимди күчүндө калтырган. Салянова анын алдында адилеттүү чечимге үмүт артып жатканын билдирген. Өкүм угузулгандан кийин, "демек азыркы президенттин сот реформасы тууралуу айткандары куру сөз экен" дегени бар.

"Жогорку Сот мындай мыйзамсыздыкка барбайт деп ойлогом, чечим күтүүсүз болду",- деген Салянова.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Аида Салянова

Камактагы саясатчылардын иштери кайра акыйкат кароого өлкөдө президент алмашып, жаңы саясий кырдаал түзүлгөндөн кийин көпчүлүктө үмүт жаралган. Ѳкмөт башына, УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилигине президент Сооронбай Жээнбековдун өзүнүн командасындагы адамдар келгенден сырткары, президенттин өзү февраль айында Коопсуздук кеңешинде айткан сөздөрү ишенимди ого бетер бекемдеген болчу. Анда өлкө башчы сотторго болгон "элдин ишенимин кайтарып келүү керектигин" баса белгилеген.

Ал эми мурдагы прокурор Индира Жолдубаевны баш прокурорлук кызматынан алып жаткан учурда учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башкы көзөмөл органы адам укуктарын коргогон эмес, кордогон органга айланып калды дегени бар. Жаңы шайланган прокурор Өткүрбек Жамшитов болсо, резонанс туудурган чырлуу иштердин баары кайра караларын билдирген. Булардын баарын эске алганда Жогорку Сот менен Башкы прокуратуранын соңку чечимдери көпчүлүк үчүн сокку болду дейт саясий серепчи Эмил Жураев:

"Чечимдер абдан күтүүсүз болду. Саясатчылардын жакындары соттордон кеминде кайра кароого жиберет же жарым жартылай актайт деп үмүт артышкан. Тилекке каршы, президенттин айткан сөзү, убадасы жарым жолдо калып калчудай мүмкүнчүлүк байкалып турат. Албетте, сотторду комплекстүү оңдоо өтө чоң иш. Буга кайра эле эрк керек".

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

12-июнда башкы көзөмөл органы "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра кароодон баш тарткан.

Ал эми дагы бир саясат талдоочу Алмаз Акматалиевдин пикиринде, күч органдарынын соңку чечимдерине бир беткей баа берүү туура эмес. Аларды дале болсо Ак үйдүн камчысын чабат дегенден алыс болушубуз керек:

"Менин оюмча, бир нерсени эске алышыбыз керек. Башкы прокуратура дагы, Жогорку Сот дагы көз карандысыз иштеши керек. Кандай чечим чыгарса дагы "Ак үйдөн буйрук болгон" дегенге ишенбейм. Баарын эле азыркы бийликке, азыркы президентке жүктөй берген туура эмес. Себеби азырынча андай фактылар жок, мурдагы режимде соттордун өздөрү айтып чыккан эле да".

Ал тапта бийликтин саясий буйруктарын аткарып жатат деп сындалып жаткан дагы бир күч органдарынын бири - Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кылмыш иштеринин бетин ачуу үчүн экс-премьер-министрлерди суракка чакырууну улантууда. Мурдагы өкмөт башчылары Жантөрө Сатыбалдиев менен Темир Сариев бир күн мурда УКМКга чакырылып, сурак берди.