Кыз ала качуу менен коррупцияны тыюу - Орозо айттын башкы чакырыктары

Бишкектин эски аянтындагы майрамдык айт намазына жылдагыдай эле он миңдеген адам келди Сүрөттүн автордук укугу kenesh.kg
Image caption Бишкектин эски аянтындагы майрамдык айт намазына жылдагыдай эле он миңдеген адам келди

Кыргызстан мусулмандар диний башкармасынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкектеги Орозо айттын майрамдык намазында сүйлөгөн сөзүндө мусулмандарды сабырдуу жана кечиримдүү болууга үндөп, кан төгүү, уурулук жана паракорлук кылмыштарынан алыс болууга чакырды.

Эски аянттагы майрамдык айт намазына жылдагыдан кем болбой, ашса ашып, он миңдеген адам келди. Милиция сакчылары эски аянтка барчу жолдордун баарын тосуп, ар бир адамды текшерип өткөрүп жатышты.

Айт намазына Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов келип, майрамдык куттуктоо айтышты. Башкы муфтий Максатбек ажы Токтомушев өзүнүн сөзүндө мусулмандарды Орозо айындагы карманган сабырдуулук жана кечиримдүүлүк, тазалык сапаттарды калган он бир айда дагы улантууга чакырып, кыз ала качуу, кан төгүү, коррупция сыяктуу кылмыштардан алыс болууга үндөдү.

Сүрөттүн автордук укугу kenesh.kg

"Уурулуктан өзүбүздү кармайлы. Жеке адамдын мүлкүн уурдаган өтө чоң күнөө. Жараткан Алланын алдында өтө чоң күнөө. Мамлекеттин чөнтөгүнө кол салуу андан дагы чоң күнөө. Ошондуктан туугандар биз уурулуктун кичинеси болобу, чоңу болобу, жеке болобу, мамлекетики болобу, анын баарына тобо кылалы, этият бололу",-деди муфтий.

Орозо айы Кыргызстанда беш көкүл кызды бир кызуу кандуу жигит ала качып, аны макул болбой койгону үчүн бычактап өлтүрүп койгон кайгылуу окуя менен эсте калды. Болгондо кыздын өмүрүнө кол салуу милиция бөлүмүндө болгону коомчулуктун кыжырын ого бетер кайнатты. Бул кылмыш азыр тергелип жатат, бирок ага чейин эле ички иштер министри кылмыш болгон Жайыл райондук жана Чүй областтык милициянын башчыларын бүт кызматтан алды.

Соңку ай ошондой эле Бишкек ЖЭБдеги коррупцияга шектелип, экс-премьер-министр Сапар Исаковдун, мурдакы энергетика министри Осмон Артыкбаевдин жана Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун камакка алынышы менен тарыхта калды.

Коррупция кыргыз бийлигин чырмаган көрүнүш бойдон калууда. Ошондуктан президент Сооронбай Жээнбеков президенттик ишмердигин коррупцияга каршы күрөштүү күчөтүү менен баштаган. Бирок эл ичинде бул саясатты колдоо менен катар аны саясий бийлик менен байлыкты кайра бөлүштүрүү өңүтүнөн карагандар да бар. (КС)

Тема боюнча башка макалалар