Жантөрө Сатыбалдиев темир торго түштү

Жантөрө Сатыбалдиев Сүрөттүн автордук укугу kenesh.kg

Бишкек ЖЭБдеги коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдакы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 18-июнда камакка алынганын УКМК билдирди. Коррупция боюнча бир ай ичинде камакка алынган мурдакы премьер-министрлерден эми экөө болуп калды.

Жантөрө Сатыбалдиев буга чейин УКМКнын тергөөчүлөрүнүн сурагына барып жаткан. Андан мурда Бишкек ЖЭБдеги кырсыкты иликтеген депутаттык комиссиянын отчету каралганда Жогорку Кеңеште дагы таламайга түшүп чыккан.

УКМКнын басма сөз кызматы билдирген маалымат боюнча, Ж. Сатыбалдиев КР Кылмыш-Жаза Кодексинин 30-беренесинин алтынчы бөлүгү (кылмышка шериктеш болуу) 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмышка шектүү катары кармалып, УКМКнын тергөө изоляторунун камак жайына камалды.

Бишкек ЖЭБдеги коррупция боюнча буга чейин экс-премьер-министр С. Исаков, мурдакы энергетика министри О. Артыкбаев, ошондой эле энергетика тармагынын бакандай беш жетекчиси кармалып, камакта отурушат. Андан сырткары, Бишкек ЖЭБди модернизация кылган Кытайдын TBEA компаниясынын мектеп курууга берген эки миллион долларын мыйзамсыз пайдаланган деген шек менен Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматов да камалды.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин коопсуздук кеңешинде күч органдарындагы коррупция маселесин карап, УКМК, Башкы прокуратуранын жетекчилерин бүт алмаштырган. Бирок коррупцияга каршы президент баштаган күрөштүн сыйыртмагы биринчи кезекте анын өзүнүн мурдакы партиялаштары, СДПКнын активдүү мүчөлөрүнө салынууда.

Коомчулук муну президент коррупцияга каршы күрөштө тууганга да, мансапка да карабайм деген убадасын аткарып жатат деп колдоого алууда. Ошол эле учурда бул көрүнүштү жаңы башкаруучунун бийликти жана байлыкты кайра бөлүштүрүү аракети катары карагандар да бар.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Бишкек ЖЭБдеги коррупция боюнча буга чейин экс-премьер-министр С. Исаков, мурдакы энергегтика министри О. Артыкбаев, ошондой эле энергетика тармагынын бакандай беш жетекчиси кармалып, камакта отурушат.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жаңы президенттин аракетин коррупцияга каршы күрөш эмес, "Райым миллиондордун өч алуусу" деп атаган. Коррупцияга баткан адамдардын тилине кирип кайра казынаны толтурган азаматтарды айыпка жыгып жатат деп сынга алган.

Январь айында Бишкек ЖЭБдеги болгон кырсыкты депутаттык комиссия эки ай иликтеп чыгып, кытайдан алынган 386 миллион доллар акчага ЖЭБди модернизациялоо көптөгөн мыйзам бузуулар менен болгонун аныктап чыккан. Модернизациялоо долбоорун ишке ашырган Кытайдын TBEA компаниясы тендери, ТЭОсу жок тандалып алынганы, курулуш материалдарынын наркы абдан кымбат болгону, кыргыз тарап курулуштун сапаты менен чыгымын көзөмөлдөй албаганы айтылып, буга жооптуу бир нече чоң кызмат адамдарынын тизмеси көрсөтүлгөн.

А. Атамбаев анын убагында бүткөрүлгөн ири долбоорлордун баарын өзү карап, өзү чечкенин билдирген. Бирок азырынча экс-президенттин кол тийбестик укугу болгондуктан, аны суракка чакырууга батынбай турушат. Ошол эле учурда Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоору парламентте каралып жатат.

Тема боюнча башка макалалар