А. Аргембаева: Футбол деп бизди түтүнмө-түтүн текшерди

  • Абдыбек Казиев
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Сочидеги Фишт стадиону
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сочидеги Фишт стадиону

Футбол чемпионаты миллиондогон футбол күйөрмандарына эргүү берип, айрымдарынын түн уйкусун алып жаткан чак. Орусиянын ондон ашык шаарында чемпионаттын мелдештери уланууда. Алардын бири Сочи шаары.

Би-Би-Си Сочиде жашап жаткан Краснодар диаспорасынын жетекчиси Айкан Аргымбаевага кайрылып, чемпионат башталгандан бери сиздер жашаган аймакта кандай өзгөрүүлөр болуп жатат деп сурады.

А. Аргембаева: Чемпионат алдында коопсуздук үчүн бир эле кыргызстандыктарды эмес, Сочиде түтүнмө-түтүн текшерди. Муну туура түшүнүү менен кабыл алуу керек. Ошол учурда бизге сырткары кишилер келбей турсун деп өтүнүштү. Ошондон улам биз жыйындарды өткөрүп, ар кандай социалдык тармактарда атайын түзүлгөн группалардан тууган-урукка зарыл иш болбосо токтой тургула деп эскертип аттык. Андан сырткары Сочиде иштеп жүргөндөргө кайрылып, документи жайында эместер депортацияга жеткирбей өзүңөр эле чыгып кеткиле деп сунуш да бердик. Азыр эми андай текшерүү токтоду. Документи толук кандуу бир топ эле улан-кыздарыбыз тейлөө жагында жакшынакай эле иштеп жатышат. Бирок такыр эле көзөмөл жок деп айтууга болбойт. Сочиге башка шаарлардан полицейскийлер да келип, көчөлөрдө байкоо салып жүрүшөт.

Би-Би-Си: Соңку жылдары Орусияда экономикалык кыйынчылыктардан улам жергиликтүү эл баштагыдай бардар жашай албай жаткандыгы айтылып келет. Футболдун башталышы элдин маанайын жакшы жагына өзгөртө алдыбы?

А. Аргембаева: Көпчүлүк кризис, кыйынчылык деп кеп кылып жатканы чындык. Бирок ошол эле учурда эбин таап оокатын кылып, үйдөн-үй алып байыгандар бар. Жалпысынан алганда бул чемпионатта маанай жакшы. Тынч өтүп жатат. Буга чейин Сочиде Олимпиада өткөндө бир топ кымгуут болгонбуз. Бир туруп полицияга, бир туруп алардын мекемесине чуркаганбыз. Себеби ар кандай чалуулар, өйдө-төмөн иштер болду эле. Бул жолу тынч. Элдин маанайы жакшы десек болот.

Сүрөттүн булагы, Aikan Argymbaeva

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Краснодар диаспорасынын жетекчиси Айкан Аргымбаева

Би-Би-Си: Сочиде буга чейин да чоң масштабдагы олимпиада болду эле. Эми футбол чемпионаты өтүп жатат. Ушул эки чоң иш-чаранын кандай окшоштуктарын жана айырмачылыктарын байкадыңыз?

А. Аргембаева: Олимпиаданын алдында да дал ушундай эле катуу текшерүү жүргөн. Бирок анда Сочиге келгендердин саны аябай көп болгонун ачык эле айтып коюш керек. А бул жолу андай эмес. Келгендердин саны андагыдан бир топ эле аз.

Би-Би-Си: Адатта мындай чоң иш-чаралар болоордо мейманкана, кафе, ресторан дегендердин баасы абдан кымбаттап кетчү эле. Бул жолу да ошондой болдубу?

А. Аргембаева: Ооба, кафе, ресторандарда баа бир аз көтөрүлгөнүн байкоого болот. Андан сырткары дүкөндө азык-түлүктөрдүн да баасы өстү. Өзгөчө мейманканалардын төлөмү кымбаттап кетти. Мурунку олимпиадада да мейманканалар мындай кымбат баа койгон эмес эле.

Би-Би-Си: Сочиде олимпиадага деп көп имарат курулду эле чемпионтта да ошол эле имараттар пайдаланылып жатабы?

Сүрөттүн булагы, Valery Sharifullin

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Сочи - 2014

А. Аргембаева: Ошол имараттардын көбүн футболго ылайыктап өзгөртүп, оңдоп-түзөөдөн өткөрдү. Дээрлик ошол имарттар колдонулуп жатат.

Би-Би-Си: Сочиде олимпиадага курулган шаарчадагы бир топ имараттар, аянттар ошол учурда туура эмес, ойлонулбай курулду деп талкууга жем таштады эле. Бул саам андай болгон жокпу?

А. Аргембаева: Жок, бул жолу андай чуу болгон жок. Оюндардын баары эмес, бир бөлүгү өтө турган болгон соң тынч болуп жатат окшойт.

Би-Би-Си: Эки жактан келгендерди эске албаганда Сочинин калкы футболдук мелдештерди стадиондөн көрүп атышабы же экран аркылуу эле күйөрман болуп турушабы?

А. Аргембаева: Эки жактан атайын көрөм деп келгендер стадиондо жүрөт. Жергиликтүү элдин көбү ар кандай эс алуу жайларына барып экрандан көрүп жатышат. Иштеп жүргөндөр да бири-бирибиз менен сүйлөшкөндө ушуну кеп кылып калабыз. Билеттин баасы да ар кандай экен. Орточо беш миң рубль десе туура болчудай. Себеби андан арзан алганы да, андан кыйла кымбат алганы да бар. Мага Кыргызстандан атайын оюн көргөнү Сочиге келдик деп телефон чалгандар да болду. Бирок зарыл иштерим менен аларга жолуга алган жокмун.