Баурдаска баш калка: акыркы үмүт президентте

  • Элеонора Сагындык кызы
  • Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Бактыбола Тунгишбаева. Бишкек. 20-июнь, 2018.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бактыбола Тунгишбаева. Бишкек. 20-июнь, 2018.

Кыргызстанга башпаанек издеп жалаң эле согуш же коомдук абалы олку-солку өлкөлөрдөн эмес, жакынкы кошуна мамлекеттерден Тунгишбаевге окшоп качып келгендер да бар.

Айрым укук коргоочулардын айтымында, Кыргызстанга мындай саясий башпаанек издеп келгендердин коопсуздугу үчүн кепилдик жок.

"Президент, экстрадицияга жок деңиз!"

Кыргызстанда кармалган казакстандык блогер Мурат Тунгишбаевдин апасы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, уулун өз өлкөсүнө өткөрүп бербөөнү өтүндү.

"Президенттен Мурат Тунгишбаевди Казакстанга экстрадиция кылбасын деп суранам. Ал жакта баламды кыйнашат. Анын артында жаш балдары, карыган апасы мен турам. Президент, силердин мыйзамдар боюнча уулум бул жакта эле калыш керек. Казакстанга бербесеңер",- деди Бактыбола Тунгишбаева.

Тунгишбаева менен парламент имаратынын алдына чыккан блогердин жакындары жана укук коргоочулар акциянын соңунда кыргыз президентинин атына кайрылуу жолдошту.

Тунгишбаевдин тагдыры кандай чечилет, азырынча белгисиз.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Казак блогерин мекенине экстрадициялоого каршы кыргыз укук коргоочулары

Жергиликтүү укук коргоочулар казак блогерин экстрадициялоо улуттук жана эл аралык мыйзамдардын жоболоруна туура келбейт дешүүдө.

"Кыргызстанга келген адамдын үстүнөн саясий куугунтук болсо, биз андай адамды эч качан башка өлкөгө бербешибиз керек. Себеби, ал Качкындар тууралуу Кыргызстан ратификациялаган БУУ конвенциясына, Качкындар тууралуу улуттук мыйзам, Кыйноолорго каршы конвенция жана эл аралык пактка каршы келет",- деди Тунгишбаевдин адвокаты Нурбек Токтакунов.

Кыргызстандык укук коргоочулар казакстандык активист Муратбек Тунгышбаевге качкын макамын берүүнү талап кылып 12-июнда Жогорку Соттун алдында, 18-июнда Башкы прокуратуранын алдында нааразылык акцияларын өткөрдү.

Казакстандык активист жана блогер казак бийлигинин өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. Ал ушу тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында отурат.

"Кыргызстан саясий качкындар үчүн коопсуз эмес"

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү ичинен салыштырмалуу демократиялык баалуулуктарды карманып, адам укуктары менен эсептешкен өлкө эсептелет. Бул себептүү коңшу мамлекет жарандары саясий куугунтуктан улам качканда, биринчи эле Кыргызстанда утурумдук баш калкалагылары келет.

Бирок айрым укук коргоочулардын баамында, Кыргызстанга келген саясий качкындардын коопсуздугу үчүн кепилдик жок.

"Борбор Азиядагы бардык качкындар, анын ичинде Кыргызстандагылар да дайым кандайдыр бир түпөйүл жүрүүгө аргасыз. Анын баары качкындардын коопсуздугун камсыздоодо жетишерлик шарттардын жокутугу менен байланыштуу. Мисалы, Өзбекстан менен Казакстандан келген качкындар тууралуу сөз кыла турган болсок, бул мамлекеттин атайын кызматтары өз жарандарынын аркасынан эле түшпөстөн, БУУнун Качкындар боюнча талаптарын да көзгө илбейт. Ошондой эле издөөгө алынган атуулдарды колго түшүрүү боюнча биргелешкен операцияларды жүргүзөт", - деди Борбор Азиядагы Адам укугу ассоциациясынын жетекчиси, укук коргоочу Надежда Атаева.

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

"Борбор Азиядагы бардык качкындар, анын ичинде Кыргызстандагылар да дайым кандайдыр бир түпөйүл жүрүүгө аргасыз"

2005-жылы Өзбекстандагы Анжиян окуяларынан кийин да Кыргызстанга миңдеген адамдар башпаанек издеп келген. Айрымдарын кайра күчтөп мекенине кайтаруу аракеттери болгон деп айтылат.

Быйыл 21-февралда Өзбекстанда Анжиян окуясынан кийин камалган оппозициячыл активист жана укук коргоочу Исраил Халдаров эркиндикке чыкты.

Айрым маалыматтар боюнча, Халдаров 2005-жылдын соңунда саясий башпаанек сурап Кыргызстанга келип, бирок 2006-жылы Ошто жоголуп кеткен. Расмий билдирүүлөрдө ал 2006-жылы сентябрда Улуттук коопсуздук кызматынын Анжиян облустук бөлүмүнө арыз менен кайрылып, бийликке өзү багынып берген.

Бейрасмий маалыматтарга ылайык, аны 2006-жылы июлда Бишкекте кармап, Өзбекстанга алып кетишкен.

Саясий качкындан, согуш бозгундары көп

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанга жылына 300гө жакын адам башпаанек сурап кайрылат. Алар негизинен Афганистан жана Пакистан жарандары. Бирок бардыгынын эле суранычтары оңунан чечиле бербейт.

Кыргызстанда качкындар менен жалгыз эле миграция кызматы эмес, БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгы да иш алып барат. Кыргызстандын миграция кызматынан бул макамды ала албаган жарандар дал ушул эл аралык уюмдун Бишкектеги кеңсесине кайрылышат.

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгү 2015-жылдан тарта көп сандап качкын макамын бербей калды.

Бирок өзгөчө абалдагы айрым башпаанекке муктаж жарандарга бир-экиден макам ыйгара алат.