Кош жарандык коркунучу

Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны Сүрөттүн автордук укугу kenesh.kg
Image caption Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны

Кыргызстанда саясий кызматты ээлегендерге байланыштуу кош жарандык маселесинин айланасындагы талкуу кайрадан жанданды.

Бул боюнча шектелген айрым аткаминерлердин Кыргызстандан башка дагы өлкөлөрдүн жарандыгын алганы аныкталса, башкаларыныкы тастыкталган жок.

Баш мыйзамга ылайык, кош жарандыкка ээ болгондорду кылмыш жазасына тартуу же административдик айып салуу чарасы каралган эмес. Болгону аткаминерди ээлеген кызматынан кетирүү менен чектелет.

Мурдагы депутат Ыргал Кадыралиеванын Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Сагындык Келдибаев кош жарандыкка ээ деген маалыматы, маселенин айланасындагы талкуунун кайра жанданышына себеп болду.

Шайлоо кодексине ылайык, Кыргызстандын жараны гана депутат болуп шайланууга укуктуу экенин айткан экс-парламентарий Сагындык Келдибаев БШКны алдоо жолу менен жасалма документтерди көрсөтүп, мандат алганын билдирди.

"Бизге белгилүү болгон маалыматтарга ылайык, Сагындык Келдибаев бүгүнкү күнгө чейин Орусиянын жараны. Андан тышкары аталган өлкөнүн аймагында ага тиешелүү бир нече фирмалар бар жана алар иштеп жатат. Мыйзам боюнча депутат бизнес кылууга укугу жок. Сагындык Келдибаев 2017-жылдын 20-июнунда Орусиянын жараны катары соттолгондугу тууралуу дагы маалымат бар. Депутат БШКны алдап, аларга консулдуктун маалым катын тапшырган. Жобого ылайык, консулдук эмес, Орусиянын Ички иштер министрлигинин атайын жарандыкты аныктоочу өкүлчүлүгү маалымдама бериши керек болчу", -деди депутат.

Ал эми Сагындык Келдибаев Ыргал Кадыралиеванын айткандарын төгүндөп, аны каралоо үчүн жасалып жаткан аракет катары баалады. Ошондой эле депутат анын соттолгонун далилдеп берүүсүн талап кылып прокуратурага арыз берди.

БШК тарабынан кабыл алынган жаңы жобого ылайык, учурда депутаттыкка талапкерлер документ толтурганда алардын жарандыгы тууралуу маалыматты кошо тапшырат жана Боршайком тарабынан маалымат такталат.

Кош жарандыгы ачыкталган саясатчылар

Сагындык Келдибаев өлкөдө кош жарандык боюнча шек жаратып жаткан жалгыз аткаминер эмес.

Сүрөттүн автордук укугу RUFAT ERGESHOV
Image caption Кулматовдун кош жарандуулугуна байланыштуу маселе 2011-жылы дагы көтөрүлгөн

Маселен, бир нече күн мурун абактагы мурдагы калаа башчы Кубанычбек Кулматовго Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган деген шек менен жаңы кылмыш иши козголду.

Кулматовдун кош жарандуулугуна байланыштуу маселе 2011-жылы дагы көтөрүлүп, бирок Башкы прокуратура Кулматов орус жарандыгынан баш тартканы тастыкталганын билдирген эле.

Сүрөттүн автордук укугу kenesh.kg
Image caption Гүлнара Клара-Самат

Буга чейин мурдагы депутат Аида Салянованын ордуна келген "Ата Мекен" фракциясынан депутат Гүлнара Клара-Саматтын жарандыгы дагы коомдо кызуу талкууланып, күмөн саноолорду жараткан.

Эл өкүлүнүн бир топ жыл Орусияда эмгектенген кош жарандык тууралуу пикирдин жаралуусуна түрткү болгон. БШК анын Кыргызстан жараны экенин аныктаган соң, депутаттык мандат тапшырган.

Сүрөттүн автордук укугу TABYLDY KADYRBEKOV
Image caption Дамирбек Асылбек уулу 2009-жылы Жогорку Кеңешке "Ак Жол" партиясынан депутат болгон

Ал эми аткезчилик боюнча учурда Казакстанда абакта жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандыкка ээ экени аныкталып, аны эки өлкөнүн тең тиешелүү органдары тастыктаган.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен

2007-жылы "Республика - Ата Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов дагы кош жарандык маселеси менен кагылышкан. Мындай жагдай ошол учурда КСДПнын тизмеси аркылуу парламентке келүүнү көздөгөн жаш саясатчынын, тизмеден чыгаруусуна негиз болгон. Бул маселе кийин 2010-2015-жылдагы парламенттик шайлоодо дагы Өмүрбек Бабановду атаандаштары тарабынан көтөрүлүп, саясатчы Казакстан жарандыгынан баш тартканын билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Кош жарандыгы аныкталган Жыргалбек Саматов

2015-жылы "Республика - Ата Журт" фракциясынан дагы бир депутат Жыргалбек Саматовдун кош жарандуулугу аныкталып, БШК аны мандатынан ажыраткан. Ал орус жарандыгына ээ экени тастыкталган.

Кош жарандыкка кылмыш жоопкерчилиги каралууда

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан эки өлкөнүн жарандыгын алып жүргөн жогорку саясий кызматтагыларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоору даярдалууда.

Учурда документ коомдук талкуудан өтүп, тиешелүү комитеттин кароосуна жиберүү алдында турат. Мындай документ 7 жыл мурда дагы сунушталып, бирок парламент тарабынан четке кагылган.

Сүрөттүн автордук укугу kenesh.kg
Image caption "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков кош жарандык боюнча кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү колдойт

"Кыргызстан мыйзамдарына ылайык кош жарандуулукка жол берилбейт. Бирок маанилүү мамлекеттик кызматтарда отурган жарандар кош жарандыкка ээ экени аныкталса, эч кандай деле чара көрүлбөйт. Сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, кош жарандыкка ээ мамлекеттик кызматкерлерге үч жүз миң сомдон беш жүз миң сомго чейин айыппул салып, же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратууну сунуштап жатабыз. Мыйзам долбооруна дагы өзгөртүүлөр киргизилүүсү мүмкүн",- деди "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков.

Профессор Алмазбек Акматалиев кош жарандык дүйнө тажрыйбасында иштеп келген ыкма экенин айткан. Ал мамлекет башчы жана УКМКнын кызматкерлеринен башкаларга эки мамлекеттин жарандыгын алып жүрүүгө уруксат берсе кантет деген суроону кабыргасынан койду. Профессор аны беш жүз миңге жакын кыргызстандык кош жарандыкка ээ экени менен байланыштырды.

"Ал жарандар Кыргызстандын атуулдугунан баш тарткан жок. Тескерисинче тапканын үй-бүлөсүнө ташып, мамлекеттин өнүгүүсүнө шарт түзүүдө. Анан коопсуздук маселесин карманып алып, аларга мамилени катуулатуу туура эмес. Эмне үчүн алар Кыргызстанга келип шаардык же айылдык кеңешке депутат боло албайт? Чет элдин жаранын алгандарга ошол мамлекеттин тыңчысы катары мамиле кылуу болбойт", -деди Алмазбек Акматалиев.

Кыргызстандын мыйзамына ылайык өлкөдө кош жарандыкка уруксат жок. Ал үчүн бир дагы мамлекет менен атайын келишимге кол коюлган эмес. Демек, башка өлкө жарандыгына ээ болгон кыргызстандыктар саясий, соттук жана муниципалдык кызматтарга келе албайт.

Бул мамлекеттик сырдын жана стратегиялык документтерин купуялуулугу үчүн өтө маанилүү дешет адистер.

Алсак коңшу Орусияда кош жарандыгын ачыктабагандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ал эми Кыргызстанда тиешелүү мыйзам долбоору эми гана сунушталууда. (VA)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар