Герда Вербург: Туура тамактануу - ата-эненин балага эң мыкты белеги

"Туура тамактануу - ата-эненин балага эң мыкты белеги" Сүрөттүн автордук укугу UNICEF
Image caption "Туура тамактануу - ата-эненин балага эң мыкты белеги"

БУУнун Баш катчысынын жардамчысы, Тамактануу сапатын арттыруу кыймылынын координатору Герда Вербург Кыргызстанга расмий иш-сапар менен келип кетти. Вербург өкмөт жана жарандык коом өкүлдөрүнө өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугу жана калктын туура тамактануу маселесин БУУнун 2030-жылга карата Туруктуу өнүгүү максаттары менен шайкештирүүнү сунуштады.

Кыргызстан 2011-жылдан бери мүчө болуп келе жаткан SUN (Scaling Up Nutrution) кыймылынын жетекчиси Би-Би-Синин суроолоруна жооп берди.

Би-Би-Си: Туура тамактануунун мамлекет үчүн маанисине токтоло кетсеңиз?

Г. Вербург: Тамактануу бул адамдык капиталга сала турган эң маанилүү инвестиция жана салым. Бул адамдын физикалык эле эмес, акыл-эс өнүгүүсү үчүн да маанилүү нерсе. Тилекке каршы көп адамдар жана олуттуу чечимдерди кабыл ала турган өлкө жетекчилери туура тамактануунун комплекстүү өнүгүү үчүн терең маанисин биле беришпейт. Жакшы жана баланстуу тамактануу жеке адамдын саламаттыгын эле жакшыртбастан, өлкөнүн социалдык-экономикалык өсүшүн да камсыздай турган нерсе.

Мен силерге минтип түшүндүрөйүн, бойго түйүлдүк бүткөндөн кийинки 1000 күн кичине бала үчүн өтө маанилүү убакыт. Эгерде бул мөөнөт аралыгында апасы баласын эмизип, тийиштүү тамактануусун камсыздаса, бала физикалык жактан эле эмес, акыл-эси жагынан да жакшы өөрчүйт. Андай бала ар кандай ооруларга да туруктуу келет. Кейиштүүсү муну чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттик же мекеме жетекчилер жакшы түшүнбөйт.

Маанилүү делген бөбөктүн алгачкы "1000 күндүк" жашоосунун маңыздуулугун аңдай беришпейт. Бала эки жашка толгуча өткөн убакыт аябай маанилүү. Туура тамактануу баланын акыл-эс, когнитивдик мүмкүнчүлүктөрү менен тыгыз байланыштуу. Баланын организми жакшы азыктандырылбаса, анын менталдык өсүп-өнүгүүсү жайлайт. Ата-энени балага карата эң эле мыкты белеги - алгачкы "1000 күнүндө" анын туура тамактануусун камсыз кылуу.

Ошондой эле коомдун, улуттун өкүлү катары жаш муундун өсүп-өнүгүшүн колдосоңуз, анда бул нерсеге көңүл бөлүңүз.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Түнкүсүн иштеген көп адамдар кантип туура тамактанса болот?

Би-Би-Си: Өкмөттүн калктын туура тамактануу маселесиндеги аткара турган иш-аракеттерине эмнелер кириши керек?

Г. Вербург: Биз жарандык коом, бизнес, мамлекеттик мекемелердин: өкмөт жана Жогорку Кеңештин өкүлдөрү менен жолукканда ушул маселени көтөрүп жатабыз. Себеби бул абдан маанилүү маселе болуп жатпайбы. Көйгөйдү чечүү үчүн жогорудагы бардык тараптар менен чогуу чаран, кызматташтыкта кыймылдаш керек. Мисалы, Айыл чарба министрлиги менен дыйкандар ар түрдүү айыл чарба продукцияларын камсыздоо менен алек болушу керек. Экинчиден, Айыл-чарба министрлиги продукциялардын сапатына дагы көңүл буруп, бул продукциялар элге канчалык жеткиликтүү, арзан болуп жатканын карашы керек.

Image caption БУУнун Баш катчысынын жардамчысы, Тамактануу сапатын арттыруу кыймылынын координатору Герда Вербург

Экономика министрлиги же Тышкы иштер министрлиги адамдын саламаттыгына шек келтире турган сапаты төмөн тамак-ашты өлкөгө киргизбей, көзөмөлдөшү керек. Азык-түлүк эколгиялык жактан таза жана арзан болгону жакшы.

Биз парламент депутаттары менен болгон жолугушууда бул тууралуу сүйлөшүп, желим, полиэтилен, ГМО туураалу пикир алыштык. Бул маселени Саламаттыкты сактоо министрлигинин катышы менен гана алдыга жылдыруу мүмкүн. Алардын кызматкерлери эл менен тыгыз иш алып барат, андыктан министрлик туура тамактанууга үгүттөп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек.

Мисалы, эмчек эмген балага чай, суу берүүнүн кажети жок экенин түшүндүрүү зарыл. Бала төрөлгөндөн кийинки алты айда жалаң гана эне сүтү менен багуудан өтөр тамак жок экенин көптөгөн иликтөөлөр көрсөтүп жатат. Эмчек эмген бала, толуп же арык болуп кетпейт, инфекцияларга да туруштук берет.

Билим берүү министрлиги болсо мектептерде санитардык гигиенанын сакталышын колго алып, таза сууну бардык аймактарга жеткириши абзел. Айызы келген окуучу кыздар үчүн ажаатканалардын таза болушу маанилүү. Андай күндөрү кыздар өзгөчө шарттар үчүн мектептердин аймагынан чыкпагандай болушу керек.

Министрликтердин баары чогуу-чаран иштеп, аларды Каржы министрлиги колдоп, каражат маселесин чечип бериши абзел. Албетте, бул нерсенин баарын айтуу жеңил, бирок ишке ашыруу оңой эмес. Кыргызстанда деле бул жаатта кыйынчылыктар бар экени маалым. Бирок мындай кыйынчылык SUN (Scaling Up Nutrution) уюмуна мүчө 60 мамлекетте дагы бар.

Би-Би-Си: Туура тамактануу боюнча бул сунуштардын алдында өлкөдө бул жаатта БУУ тарабынан иликтөөлөр болгонбу?

Г. Вербург: Албетте. Кыргызстанда Бириккен Улуттар уюмунун 13 агенттиги тамактануу маселелери боюнча иш алып барат. Мисалы, ЮНИСЕФ жана башкалар. Алардын ар бири өз багыты боюнча иш жүргүзөт. Туура тамактануу боюнча БУУ бул агенттиктердин башын бириктирип, ар бири жер-жерлерде ишин жасап жатышат.

Иликтөөлөр жүргүзүп, интервью алышып, туура тамактанууга үгүттөп, анкета толтурушат. Булар өлкөдөгү кырдаалды аңдап билүү үчүн жасалып жатат. Анын негизинде иш-чараларды пландап же так кадамдарды аныктоо максаты турат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар