Искендер Ормон уулу: Эрдоган өзү баш болуп шайлоонун экинчи турун сөз кыла баштады

Искендер Ормон уулу: Элдик демократия партиясынан улам президенттин "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы көпчүлүк орундарын жоготушу ыктымал Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Искендер Ормон уулу: Элдик демократия партиясынан улам президенттин "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы көпчүлүк орундарын жоготушу ыктымал

Түркияда бүгүн президенттик жана парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул саясий чоң өнөктүктү Түркиянын заманбап тарыхындагы эң маанилүү шайлоо деп аташууда.

Президенттик жарышта Эрдоган жеңишке жетсе, анын ыйгарым укуктары кеңейет. Өткөн жылы түркиялыктар Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду колдоп, президент бир эле учурда өкмөттүн жана мамлекеттин башчысы болуп калган. Ал эми парламенттик шайлоодо күрддөрдү колдогон Элдик демократия партиясынан улам президенттин "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясы көпчүлүк орундарын жоготушу ыктымал.

Би-Би-Си Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү боюнча адис Искендер Ормон уулуна кайрылып, Түркиядагы кезексиз шайлоолор кандай өзгөчөлүү саясий кырдаалдын шартында өтүп жатканын сурады.

Искендер Ормон уулу: Ѳтө кызык шайлоо болгону турат. Эрдогандын өкмөттү жетектеп, андан соң биринчи президент болгондон кийин анын чындап атаандаштары чыккан биринчи учур болуп жатат. 16 жыл коалициясы жок, жеке өзүнүн партиясы менен башкарган, чоң реформаларды, дүйнөнү таң калдырган өзгөртүүлөрдөн кийин кайра демократиядан баш тартып, экономикасы артка кетип, укуктук алкактан бир топ узакташкан Түркия кандай жолду тандайт деген суроо менен бул шайлоо бүт дүйнөнүн көңүлүн өзүнө буруп турат.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Искендер Ормон уулу: Түркиядагы кезексиз шайлоо таанымал эксперттердин айтуусу боюнча деле, менин көз карашым боюнча деле, кайра шайланбай калуу коркунучунун алдын алуу үчүн өткөрүлүүдө.

Шайлоо мөөнөтүнүн өзгөрүшү кимге ыңгайлуу?

Би-Би-Си: Бул шайлоону Эрдоган эмне үчүн мөөнөтүнөн мурда өткөрүп жатат?

И. Ормон уулу: Түркия жакшы өнүгүү жолун басып өткөндөн кийин соңку жылдары артка кетип жаткан учуру. Көбүнчө укуктук талаадан, демократиялык баалуулуктардан чегинип, өнүккөн өлкөлөр менен болгон тыгыз байланыштары начарлап, катардагы авторитардык өлкөгө айланууда. Ошого байланыштуу экономикасы дагы артка кетти. Ошого жараша он алты жыл альтернативасыз башкарып келген Эрдогандын дагы рейтинги түшүп баштаган. Авторитардык өлкөлөрдө тобокелдиктердин алдын алуу үчүн кезексиз шайлоо өткөрүшөт. Түркиядагы кезексиз шайлоо таанымал эксперттердин айтуусу боюнча деле, менин көз карашым боюнча деле, кайра шайланбай калуу коркунучунун алдын алуу үчүн өткөрүлүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Франкфурттагы түрк консулдугунда добуш берүү

Чет өлкөлөрдөгү 3 миллондон ашуун түрк жараны шайлоого кандай таасир этет?

Би-Би-Си: Бул шайлоодо сыртта жүргөн түрк жарандары дагы олуттуу роль ойнойт деп жатышат серепчилер. Буга чейинки шайлоодо Эрдогандын Германиянын канцлери Меркель менен бул маселе боюнча талашып-тартышкан учуру болду эле.

И. Ормон уулу: Чет жердеги түрк жарандарынын көпчүлүгү Европада, анын ичинде Германияда. Буга чейинки шайлоолордо эң кеминде үч-төрт баллга чейин аныктап келген электоратты. Бирок азыркы учурда алардын активдүүлүгү анча жогору болбой жатат. Анын үстүнө Европанын көп өлкөлөрү кош жарандык менен жашап аткандардын кырдаалды баш-аламандыкка алып келишинен чочулап же демократиялык баалуулуктарга тескери мүнөздөгү сөздөрдүн көбөйүшүнө, ошондой талаш-тартыштардын чыгышына бөгөт коюп жатышат. Ошол себептүү көп өлкөлөр митинг өткөрүүгө уруксат беришпеди.

Жылда шайлоолордун алдында чоң жыйындар уюштурулчу. Бул жолу Европа буга дээрлик уруксат бербеди. Эрдогандын акыркы учурда демократиялык салттан чегинип жатканы, Европа менен карама-каршы боло турган саясатты жүргүзүп баштаганы дагы себеп болду окшойт. Ошондуктан мурдагы шайлоолорго салыштырмалуу алардын чет жактагы электоратынын таасири бираз азайды.

Шайлоо эки айлампа менен өтүшү мүмкүнбү?

Би-Би-Си: Бул шайлоодо эң активдүү болуп жаткан саясий партиялар жөнүндө айта кетсеңиз?

И. Ормон уулу: Биринчиден, булар президенттик башкарууга өткөнүн эртерээк жарыялады. Себеби алар президенттик башкарууга 2020-жылдан кийин өтүшмөк. Экинчиден, бул жолу президенттик жана парламенттик шайлоо бир өткөрүлүүдө.

Түркияда азыр Эрдоган баштаган "Ак партия" менен "Улутчул кыймыл партиясы" бир кетип баратат. Аларга атаандаш катары "Консервативдик улутчул кыймылдан" бөлүнүп чыккан "Жакшы партия" деп аталган саясий күчтүн рейтинги аябай жогорулады. Ошол учурда Эрдогандын электораты болгон "Саадет партиясы", эң чоң партиялардан "Жумуриятчыл партиясы" дүйнөдөгү аналитиктерди таң калтыргандай активдешип кетти. Эрдоган муну күткөн эмес. Биринчи эле турда жеңишти алам деп турган эле. Азыр эми өздөрү баш болуп экинчи турду сүйлөй башташты. Эки тур ыктымалы да күтүлөт окшойт. Эгерде экинчи турга чыга турган болсо, күрддөрдүн ролу маанилүү болот. Деген менен биринчи тур да абдан маанилүү. Себеби биринчи айлампада парламентке кимдер, канча киши келээри дээрлик аныкталып калат.

Шайлоодо он пайыздык босого бар. Эгер алар он пайыздык босогону ашып өтө турган болсо, бул Эрдоганга мүмкүнчүлүк бере турган депутаттардын саны кыскарат дегенди түшүндүрөт. Күрддөрдүн тарыхий мааниси ушунда болуп турат. Тескерисинче, алар он пайыздык босогодон өтпөй кала турган болсо, анда утуш кайрадан Эрдоган тарапка ооп, таасири арта берет.

Би-Би-Си: Административдик ресурстар канчалык деңгээлде пайдаланылып жатат?

И. Ормон уулу: Бийлик колунан келишинче пайдаланып жатат. Үгүт ишине башкалар өз учактарын, унааларын жана башка каражаттарын пайдаланып жаткан болсо, Эрдоган мунун баарына түз эле мамлекеттик каражатты пайдаланып жатканы айтылууда. Каражат эле эмес, кызматкерлерди да толук аралаштыруу менен адам ресурсун да толук өз пайдасына тартып жатканына нааразы болгон пикирлерди байкоого болот. Ошондой эле шайлоо маалында абдан зор мааниге ээ болгон мамлекеттик телеканалдардын 80 пайызы Эрдогандын пайдасына иштеп жаткандай. Калган талапкерлерге мындай мамиле байкалбайт.

Би-Би-Си: Сиз айтып жаткан үгүт иштери "жемишин" берчүдөйбү?

И. Ормон уулу: Кайсы бир чындыкты башка жагынан көрсөтүү, орчундуу эмес, элге кызык болуп жаткан темаларды көтөрүү жагынан Эрдоган чоң чебер. Ал мындай сапатын бул жолу да өтө жогорку чеберчилик менен пайдаланып жатат. Натыйжада анын жактоочулары менен ага каршылардын ортосунда абдан чоң ажырым, жарака пайда болуп калды. Ким жеңсе да шайлоо өтөт. Бирок ушундай чоң ажырым өлкө келечеги үчүн керек беле?

Тектеш темалар