Кубат Оторбаев акыйкатчы кызматынан кетип жатат

Акыйкатчы Кубат Оторбаев

Сүрөттүн булагы, Rufat ergeshov

Кубат Оторбаев 27-июндан баштап акыйкатчы кызматынан кетип жатканы жөнүндө билдирүү таркатты. Анда мындай чечимдин артында кандай себептер турганы ачык айтылган эмес.

"Ар бир адамдын, анын ичинде, мамлекеттик кызматкердин турмушунда анын билими менен ишбилгилиги башка жаатта, башка жерлерге керек болгон учур келет, ал чөйрөлөрдө адам мамлекетке жана коомго көбүрөөк салымын кошушу ыктымал. Мындай учур мага да келди. Бул алдын ала жакшылап ойлонулган чечим, ал өз ыктыярым менен кабыл алынды",-деп айтылат Оторбаевдин таркаткан билдирүүсүндө.

Кубат Оторбаев өзүнүн билдирүүсүндө 2,5 жылда адам укуктарын коргоо жаатында Акыйкатчы институтунда оозго аларлык, көӊүлгө толорлук бир катар иштер жасалганын, Акыйкатчы институтунун 5 жылдык Өнүгүү стратегиясы иштелип чыкканын, Акыйкатчы аппаратынын он беш жылдык тарыхында биринчи ирет 2 жыл ичинде 19 атайын докладдар даярдалганын белгилеген.

"Аларда жарандардын социалдык-экономикалык жана жарандык укуктары козголду. Таза суу, жетим балдарды коргоо, медициналык тейлөө, билим берүү, кыйноого каршы күрөш, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге камкордук, мигранттарга жардам - атайын докладдарыбыздын изилдөө, иликтөөлөрүнүн предмети болду. Жетим балдарга кол сунуп, жалгыз бой энелердин көз жашын сүрттүк, адилетсиздикке басынгандарга боор тарттык, айыпсыз камалгандарга караан болдук. Датын айткандарга жөлөк, аялуу катмарга өбөк болдук, далайларга юридикалык кеп-кеӊештерди бердик, практикалык жардам көрсөттүк. Сот, прокуратура, күч органдарынан акыйкаттык таппагандар бизге миӊдеп кайрылып турушту, аларга кол сунуп, укуктарын коргодук",-дейт акыйкатчы.

Кубат Оторбаевдин кызматтан кетип жатканынын башкы себеби Жогорку Кеңеште анын отчетунун эки жылдан бери өтпөй жатканында болушу мүмкүн деп жатышат. Айрыкча, КСДП фракциясы Оторбаевдин ишмердигин сынга алып жатканы белгилүү.

Жогорку Кеңештин вице спикери Мирлан Бакиров жакында эле Би-Би-Сиге берген маегинде Кубат Оторбаевдин баяндамасы тармактык комитетте каралып, парламенттин жыйынына чыгарууга чечим болгонуна карабай, КСДП фракциясы бул чечимди колдобой жатканын билдирген болчу.

"Парламенттеги салмактуу фракциялардын бири болгон КСДПнын башчысы Иса Шейшенкулович бул маселени көтөрүп жаткандан кийин бул жерде бир маселе бар деп ойлойм. Биз парламенттин кароосуна чыгардык. Парламент анын баяндамасын жактырат же жактырбайт. Бирок ошого жеткирбей, акыйкатчы өзүнүн кемчиликтерин сезген болсо, өзү чечим кабыл алганга убакыт келип калды",-деген эле Мирлан Бакиров.

Кубат Оторбаевдин өз эрки менен кызматынан кетип жатканы, демек, анын парламент алдына чыгып, таландыга түшкүсү келбегенин көрсөтүп турат.

Акыйкатчы ошондой эле соңку убакта "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери Текебаевдин, Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты К. Самаковдун сот ишинде акыйкаттык болбой калганы жөнүндө, андагы саясий куугунтуктун белгилери жөнүндө атайын билдирүүлөрдү жасаган эле. Кубат Оторбаевдин кызматтан эрте кетип жатканына, балким, ушул билдирүүлөр да себеп болгондур деген пикирлер да бар.