Жогорку Соттун үч судьясына кылмыш иши козголду

Жогорку Сот жаңы имаратка көчкөнүнө эки жыл болуп калды. Сүрөттүн автордук укугу Sot.kg
Image caption Жогорку Сот жаңы имаратка көчкөнүнө эки жыл болуп калды.

Башкы көзөмөл органынын материалдарына караганда, Жогорку Соттун үч судьясы аларга түшкөн көзөмөл арызды убагында карабай коюшкан. Ал эми Бишкектеги биринчи тергөө изоляторунун кызмат адамдары бир айга камалган адамды бошотуп жибербей, аны камакка 12 күн мыйзамсыз кармашкан.

Көзөмөл арыз Жогорку Сотто бир айдан ашык убакыт өткөндөн кийин, камактагы адам бошотулгандан кийин араң каралган. Натыйжада кызмат адамдары менен соттордун мыйзамсыз иштеринин айынан бир адамдын эркиндикке болгон конституциялык укуктары бузулган.

Азыркы учурда Башкы прокуратура бул кылмыш ишин тергөөнү УКМКнын Башкы тергөө кызматына тапшырды.

Убагында ишти карабай койгон Жогорку Соттун үч судьясына кылмыш иши козголгон бул кыргыз коомчулугуна белгилүү болгон биринчи окуя. Бул иш Сот жана укук коргоо органдарынын ишмердиги Коопсуздук кеңешинде каралып, катуу сын айтылгандан кийин ачыкка чыгууда.

Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө президент Сооронбай Жээнбеков сот органдарында коррупциянын жогору деңгээлин, анын ишиндеги адам укуктарын бузуу көрүнүштөрүн сынга алган. (КС)

Тектеш темалар