Жогорку Кеңеш: мактоолор жана аксоолор

Жогорку Кеңеш Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жогорку Кеңеш

Парламенттин кезектеги сессиясынын жыйынтыкталышы менен коомдо эл өкүлдөрүнүн жарым жыл аралыгында аткарган иштери кызы талкууланууда. Айрымдар депутаттар коррупцияга катуу басым жасап, бир топ резонанстуу иштердин бетинин ачылышына жардамчы болгондугун айтып парламенттин ишин мактоого алууда. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин принципиалдуу көз карашы жок деп сындап, кемчиликтерин четтен санап бергендер дагы жок эмес.

Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупциялык иштерге байланыштуу маселе алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин аброюн көтөрүп койду. Көпчүлүк муну парламенттин негизги чечкиндүү кадамдарынын бири катары баалоодо. Бирок мурдагы депутат Курманбек Осмоновдун айтымында, депутаттык комиссия түзүлүп, ЖЭБ маселесин иликтөөгө алынышы адаттагыдай эле көрүнүш. Анын баамында, парламенттин мыйзам чыгаруу иштеринде мүчүлүштүктөр жана аксоолор арбын.

"Парламент көбүнесе чарбалык, саясий иштерге ашкере киришип кетип жаткандай сезим калтырат. Ошондой эле мыйзам чыгаруу процессинде мыйзамдар тыкыр иликтенбей жатат. Депутаттар азыраак демилге кылып, көбүн эсе өкмөттүн берген мыйзам долбоорлору каралып жатат"- деди депутат.

Балык башынан сасыйт

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Аскербек Шадиевге "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмаш иши козголгон.

Депутаттар коррупциялык иштердин бетинин ачылышына жол салганы менен парламенттин өзү жемкорлуктан алыс деп айтууга болбойт. Буга чейин Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Аскербек Шадиевге жана аппарат кызматкерлерине Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн бөлүнгөн отуз миң доллардын уурдалышы боюнча кылмыш иштери козголгон эле. Андан тышкары бир нече депутаттарды коштогон кош жарандык маселеси дагы парламенттин аброюна көлөкө түшүрбөй койгон жок.

"Акыркы учурда мурун соттолуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган депутаттар тууралуу дагы катуу талкуу жүрүп жатат. Мунун бардыгы парламенттин ишине терс таасир тийгизет. Бирок жалпылап алганда парламент өз миссиясын аткарып жатат",- деди мурдагы депутат Курманбек Осмонов.

"Элпек парламент"

Парламенттин дээрлик бардык фракцияларынын мамлекет башчынын реформа жүргүзүү боюнча идеяларын колдоп жатканы жакшы. Бирок ошол эле учурда Жогорку Кеңеш принципиалдуу көз карашты карманышы керек, -дейт саясий серепчи Марс Сариев. Азыркы Жогорку Кеңеште туруктуу көз караштын жоктугу, парламенттин кандайдыр бир деңгээлде алсыздыгынан кабар берет.

"Маселен, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков боюнча парламент бир заматта көз карашын өзгөртүп жиберди. Бул сыяктуу иштер көп эле болот. Парламент өзү контур-өнөктөш болушу керек. Бийлик бутактарында альтернативдүү пикир болуусу шарт. Парламент бийликти сындап, башка бийлик бутактарына конструктивдүү көз карашта болуусу маанилүү. Азыркы Жогорку Кеңештин өзүнүн көз карашы жок. Элпек парламент болуп, бийликтин көз карашын жактап келет. Парламенттин мурдагы чакырылышында принципиалдуу пикирди карманган эл өкүлдөрү арбын болчу. Азыр бизнесмендер топтошуп алышып, концентрация көбөйүп кетти".

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров президент, өкмөт жана көпчүлүк коалициянын эриш-аркак иш алып барып жатканын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалады. Ошондой эле ал алтынчы чакырылыштагы парламенттин аброюна көлөкө түшүргөн айрым маселелерди эске албаганда, жалпы Жогорку Кеңештин ишине оң баасын берди.

"Оппозициячыл азчылык бардык маселе боюнча өзүнүн конструктивдүү пикирин айтып келе жатат. Учурда парламент саясий маданияттын башка багыты менен иш алып барууда. Ал эми Аскарбек Шадиев 30 миң долларга байланыштуу маселе боюнча акталат деп ишенем. Бул ишке Жогорку Кеңештин аппарат кызматкерлеринин аралашканы, парламенттин эле курамы эмес, аппараттын дагы курамы алмашып туруусу керек экенинен кабар берет",- деди депутат.

Кайсыл өлкөнү албайлы, парламент жүз пайызга шайлоочулардын мактоосуна арзыган учурлар өтө сейрек кездешет. Бирок Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы бизнесмендерден куралган "элпек парламент" атка конушу жөн жеринен эмес. Жогорку Кеңештин коомдогу аброюн жогорулатуу үчүн анын курамы принципиалдуу көз карашты карманган чыныгы эл өкүлдөрү толукташы керек дейт адистер.