Алтын кендери. Эл эмнеге бушайман?

7-февралда Казарманда эки жүзгө жакын адам чогулуп, жаңы салынып жаткан фабриканын айнектерин сындырып, дагы башка мүлкүн жараксыз кылып кетишкен. Сүрөттүн автордук укугу Govori.tv
Image caption 7-февралда Казарманда эки жүзгө жакын адам чогулуп, жаңы салынып жаткан фабриканын айнектерин сындырып, дагы башка мүлкүн жараксыз кылып кетишкен.

Жалал-Абаддагы Иштамберди, Таластагы Үр-Марал алтын кендеринде убактылуу иш токтотулуп, изилдеп-иликтөө иштери жүрүп жатат. Сөз болуп жаткан эки кен тең бири иштеп турганда, бири ишке киришээрде жергиликтүү элдин катуу каршылыгына кабылды.

Эл негизинен экология бузулуп, кендин пайдасынан зыяны көп болуп жатат деген каршылыгын билдирүүдө. Үр-Маралдагы казуу иштери парламент трибунасында да талкууга алынып, айрымдардын ачуу сынына кабылган эле.

Дептутат Зарылбек Рысалиев маселе көтөрүп, өкмөт башчыга да кайрылган. Ал бир жагынан элди таза суу менен камсыз кылуу үчүн грант издеп, убара тартып жаткан чакта башка бирөөлөр таза сууну кен казабыз деп ууландырганы турат деген.

Бул иш көз жаздымда калбаганын айткан парламент төрагасы Дастан Жумабеков, аталган кенде айрым мыйзам бузуулар да аныктала баштаганын, өкмөткө тапшырма берилгенин белгиледи.

Айтылган кен жайгашкан Корчубек Акназаров айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Тынысов иш мындан ары кимдин пайдасына, кандай чечилээрин болжоп болбой турганын айтууда. Ал кытай да, казак да эмес жергиликтүү эле инвесторго эл каршы болуп жатат дейт. Анын айтканына караганда, кенди иштетүүгө келген компаниянын атайын уруксат кагазы болгон. Ал ошондой эле ал жерде он бир киллограм алтын болсо анын тогуз киллограмы алынмак дейт.

Image caption "Кытайдан инвесторлор көп келип жатат. Себеби алар Кыргызстанда аябай коррупциялашкан башкаруу түзүмү бар экенин жакшы билишет. Алар келип аткан Кытай мамлекети бизден өтүп коррупциялашкан мамлекет болгондуктан алар көп келип атат",- дейт саясатчы Равшан Жээнбеков.

Инвестор демекчи, Кыргызстандын аймагында негизинен кытайлык комапаниялары кен казуу, чалгындоо иштерин жүргүзүп келишет. Адатта эл алардын технологиясынан күмөн санап, табият бузулат деп эсептейт. Бул сыяктуу доомат, сындан дээрлик баардык кендер четте калган эмес.

Жалал-Абаддагы Иштамберди кени да атайын лабараториялык иликтөөлөрдөн өткөрүлүп, пайда-зыяны аныкталганча ишин токтотту.

Буга туташ эле Нарын районундагы Солтон-Сары алтын кени бир нече айга созулган чуулу талаштан кийин жаңы эле комбинат куруу келишимине жетишти.

Адистер бул тармактагы башкы кемчилик жергиликтүү бийликтин эл арасында түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөй жатканынан деп келишет. Ал тургай айыл өкмөт, акимдер талаш чыккан учурда эл тарабына өтүп кутулуу аракетин көрүшөт деген жүйөнү айтышууда.

"Мындай чырлар эмнеден чыгып атканын биз тереңинен талдап көрдүк. Эң негизигиси эле жергиликтүү бийлик маалымат берип, ошол жердин тургундары менен инвестордун ортосуна көпүрө боло албаганында. Кандай киреше болот, кен иштетүүдөгү жаңы технологиялар сыяктуу өтө маанилүү маалыматтарды жеткирбей жатат. Ошондон улам элде мурдагыдай эле эски ыкмалар менен кен иштетет, экологияны булгайт деген кооптонуу чоң рол ойноп жатат. Жыйынтыгында ким бирөө ууланган суу ичесиң, балаң майып болуп төрөлөт деп көкүтсө көчөгө чыгып кетип аткан мисалдар бар",- дейт Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу.

Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун кызыкчылыгы менен мүлкүн коргоо тууралуу мыйзамдар да маал-маалы менен талкууга түшүп келет.

Сүрөттүн автордук укугу Govori.tv
Image caption Адистер бул тармактагы башкы кемчилик жергиликтүү бийликтин эл арасында түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзбөй жатканынан деп келишет.

Бирок жазылган мыйзамдардын кагаз жүзүндө калышы бул ишти аябай эле аксатат дегендер четтен табылат.

"Кытайдан инвесторлор көп келип жатат. Себеби алар Кыргызстанда аябай коррупциялашкан башкаруу түзүмү бар экенин жакшы билишет. Алар келип аткан Кытай мамлекети бизден өтүп коррупциялашкан мамлекет болгондуктан алар көп келип атат. Адатта авторитардык, инвестициялык климаты начар өлкөгө башка жактан инвестор келбейт. Биз эмне үчүн Европадан инвестор келбейт дейбиз. Себеби, алар биздин чөйрөнү билбейт. Аларга бул жарабайт. Ошондуктан бизге Орусия, Кытай, Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн гана келет",- дейт саясатчы Равшан Жээнбеков.

Буга чейин Кум-Төр баштаган ири кен же долбоорлордо инвесторлорду качырып албоо сыяктуу маселелер өкмөт тарабынан да көтөрүлуп келет. Бирок жыл башында Тогуз-Тородогу Макмал кенинде катуу кагылыш, жаңжал бул тармактагы оркойгон кемчиликтерди дагы бир жолу ачыктагандай болду.

.

Тема боюнча башка макалалар