Кылмыш иши козголгон Жогорку Сот судьяларынын ысымдары ачыктала элек

Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева сот тармагынын ишмердигине байланыштуу журналисттерге маалымат берди. Жыйында Жогорку Соттун үч судьясына кылмыш иши козголгондугу тууралуу комментарий да берди.

"Жогорку Соттун үч судьясына кылмыш иши козголгону тууралуу токтомдун көчүрмөсүн биз колубузга ала элекпиз. Тааныша элекпиз. Андыктан кайсыл судьялардын үстүнөн иш козголгону тууралуу так айта албайм. Бирок көрсөтүлгөн иш боюнча тиешелүү органдар юридикалык баасын берет", -деди Жогорку Соттун төрайымы.

Ошондой эле Токбаева кылмыш ишинин фигуранттары болуп жаткан судьялардын арасында Качыке Эсанканов, Арзыбек Акыевдин бар же жок экендиги тууралуу маалыматты тастыктаган, төгүндөгөн да жок.

Башкы көзөмөл органынын материалдарына караганда, Жогорку Соттун үч судьясы аларга түшкөн көзөмөл арызды убагында карабай коюшкан.

"11-июнда кызматтык иликтөө болгон экен. Судъялар ал ишти кароо мөөнөтү 15 күн болсо, ал бир айга дайындалып калыптыр. Канцелярияда, аппарат кызматкерлеринде жаңылыш кетип , соттук материал кылмыш иш катары катталып калган экен. Ал эми кылмыш иштерди кароонун мөөнөтү узагыраак, соттук материалдардын болсо мөөнөтү - кыска. Ишти 15 күндө караш керек болсо, судьялар бир айда карашкан", -деп кошумчалады Токбаева.

Жогорку Сот төрайымынын билдиришинче Жогорку Соттун үч судьясына кылмыш иши козголгон факты боюнча Соттордун Кеңеши жыйынга чогула элек. Кеңештин уставына ылайык сотторду кылмыш же администравтивик жоопкерчиликке тартуу үчүн бул органдын макулдугу талап кылынат.

Мурда-кийин Жогорку Соттун судьяларына кылмыш иши козголбогондуктан бул жобо соңку окуяда кандай иштеди белгисиз.

"Соттор кеңеши соттордун өзүн-өзү башкаруу системасы. Кеңештин ошондой уруксаат берүү ыйгарым укугу бар",- деп белгиледи Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Сот реформасы: Кыргызстан өстүбү же өксүдүбү?

Убагында ишти карабай койгон Жогорку Соттун үч судьясына кылмыш иши козголгон бул кыргыз коомчулугуна белгилүү болгон биринчи окуя. Бул иш Сот жана укук коргоо органдарынын ишмердиги Коопсуздук кеңешинде каралып, катуу сын айтылгандан кийин ачыкка чыгууда. (EKa)