Атаандашынын уулун алкаган президент Жээнбеков

Жалпы республикалык тесттен жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо аземи. Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жалпы республикалык тесттен жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо аземи.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган бүтүрүүчүлөр "алтын сертификаттарын" колдоруна алды. Быйыл өлкө боюнча 59 бүтүрүүчү жогорку упайга ээ болду. Балдарга сертификатты мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков тапшырып, андан тышкары акчалай сыйлык жана ноутбуктарды белек кылды.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балды Бишкектин №70-мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Айлин Албанова алды. Ал 237 балл топтогон. Айлин мыкты окуучулардын катарын толуктаса дагы, эң жогорку балл алам деп күткөн эмес. Учурда анын кубанычында чек жок.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жалпы республикалык тесттен эң жогорку балл алган Айлин Албанова.

"Ата-энем жогорку билимди Кыргызстандан алуумду каалап жатат. Андыктан Кыргызстандагы мыкты жогорку окуу жайлардын бирине тапшырдым. Келечекте аудитор болгум келет. Мени буга эжем шыктандырды. Аудитордук азыркы учурда эң керектүү кесиптердин бири деп ойлойм".

Кийинки эле жогорку баллга Якир атындагы №61- автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Перизат Оңолбекова ээ болду. Ал 232 балл алган. Перизат жалпы республикалык тестирлөөгө акыркы бир жылда катуу даярданган. Учурда ал Борбор Азиядагы Америка университетинин экономика бөлүмүнө тапшырды.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Жалпы республикалык тесттен 232 балл алып, экинчи орунду ээлеген Перизат Оңолбекова.

"Мындай жыйынтыкты күткөн эмесмин. Кубанычымда чек жок. Мен үй-бүлөдө балдардын улуусу болгондуктан мыкты окуп, тесттен жогорку балл алып, инилериме, сиңдилериме үлгү көрсөткүм келди",- деди Перизат.

Ааламга жол айылдан башталат.

Ал эми Бексултан Исаев жалпы республикалык тестирлөөгө эки жыл даярданган. Ал жогорку балл алуу үчүн Кочкордун Чекилдек айылынан Бишкектеги №69-мектеп-тарбия комплексине которулуп келген. Эми анын үмүтү акталып, жалпы республикалык тестирлөөдөн 225 балл алды.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Келечекте программист болууну кыялданган Бексултан Исаев.

"Мен жогорку балл топтогонум күтүлгөн эле иш болду. Анткени мыкты жыйынтыкка жетүү үчүн аябай даярдангам. Учурда Кытайдагы жогорку окуу жайлардын бирине документтеримди жиберип, жооп күтүп жатам. Чет мамлекеттен билим алып келип, өз мамлекетимдин өнүгүүсү үчүн салым кошом деген тилегим бар",- деди Бексултан.

"Алтын сертификатка" ээ болууда аймактардын дагы уучу кур эмес. Жогорку балл алган элүү тогуз бүтүрүүчүнүн ичинен он беш бала 11-классты аймактардан аяктаган. Алардын катарында Ат-Башы районунун Керималиев атындагы катардагы орто мектебин аяктаган Айназик Коногалиева дагы бар. Ал 220 балл алган.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Ат-Башынын "алтын сертификатты" багындырган кызы Айназик Коногалиева.

"Мен эле эмес, үй-бүлөм, мектеп, атүгүл район жетекчилиги дагы кубанып турат. Анткени жалпы республикалык тестирлөө долбоорунун башталганына он жети жыл болсо дагы бул убакыт аралыгында Ат-Башы районунан эч ким "алтын сертификатка" ээ болгон эмес экен. Быйыл өзүбүздүн эле райондон үч окуучу алдык"- дейт Айназик.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Мамлекет башчы бүтүрүүчүлөрдү экзамендерди ийгиликтүү тапшырып, орто мектепти аякташы менен куттуктады.

"Билими күчтүү миңди жыгат"

Президент Сооронбай Жээнбеков республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү куттуктап жатып, билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатынын эң башкы принциби-сапаттуу жана үзгүлтүксүз билим берүү системасын түзүү экенин белгиледи. Ошондой эле ал жалпы республикалык тестирлөө жогорку окуу жайларына кабыл алуудагы коррупциялык коркунучтарга каршы ийгиликтүү долбоор болуп калганына токтолду.

"Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат". Силер Кыргызстанда 60 миңге жакын бүтүрүүчүнүн арасынан өзүңөрдүн билимиңер менен эмгегиңер менен айырмаланып, эң жакшы бийиктиктерди багынтып отурасыңар. Силерге терең билим, татыктуу тарбия берип, ушул даражага жеткирген мугалимдердин жана ата-энелердин эмгеги чоң. Турмуш жолуңарга багыт берген мугалимдериңерди дайым ыраазычылык менен эстеп жүрөсүңөр деп ишенем"- деди мамлекет башчы.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Өмүрбек Бабановдун уулу Нурэмир Бабанов.

Ошондой эле мамлекет башчы президенттик шайлоодо башкы саясий атаандашы болгон Өмүрбек Бабановдун уулу Нурэмир Бабановго сертификат тапшырып жатып, бетинен сүйдү. Нурэмир жалпы республикалык тестирлөөдөн 224 балл алган. Ал эми Өмүрбек Бабанов баласынын ийгилиги менен куттуктап, жакшы каалоо айткандыгы үчүн президентке коомдук сайт аркылуу терең ыраазычылык билдирди.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жалпы республикалык тестирлөө өткөн жылдарга салыштырмалуу бир нече олутту өзгөчөлүктөр менен коштолду. Маселен, аймактардагы мектептерде алдыңкы бүтүрүүчүлөр көбөйүп, тестирлөөнүн орточо баллы жогорулаган.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева:

"Маселен, үч жыл мурун орточо босого балл 114 болсо, учурда орточо босого балл жогорулап 119га жетти. Орточо босого балдан жогору упай топтогон балдар үч жыл мурун 47 пайызды түзсө, быйыл көрсөткүч 57 пайыз болду. Тактап айтканда, жалпы республикалык тестирлөөгө 46 миң 512 бала катышып, алардын 57 пайызынын баллы жүз ондон жогору балду".

Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алгандардын көбү гимназия жана лицейлердин бүтүрүүчүлөрү. Ал эми жөнөкөй мектепти аяктап, жогору балл топтогондор саналуу. Муну агартуучулар билим берүү тармагындагы шарттын бирдей түзүлбөгөндүгү менен байланыштырат. Билим берүү мекемелерин бир беткей күчтүү мугалимдер менен толуктап, андан тышкары керектүү болгон жабдыктар менен бирдей камсыз кылуу менен гана натыйжалуу ийгиликтерге жетүүгө болот дейт адистер.

Тектеш темалар