Туристтик сезон суз башталды

Тар-Суу айылы
Image caption Тар-Суу айылы

Быйыл Ысык-Көлдө 9 пансионат экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарына жооп бербегени үчүн жабылды. Мамлекеттик экотехинспекциянын адистери туристтик сезонго карата жалпы 200дөй эс алуу жайын текшерүүгө алган.

"Жалпы 193 пансионат, санаторий текшерүүгө алынды. Өзүңүздөр билгендей эле жылдагыдай көйгөй быйыл да чыкты. Атап айтканда, саркынды суулары туш-тарапка аккан учур катталып, жалпы экологиялык-техникалык коопсуздук талабына жооп бербеген 9 эс алуу жайы жабылды. Дагы жыйырмадайына эскертүү берилди. Ишин токтоткон пансионаттардын ичинде: "Казак тукуму", "Белек", "Телтору", "Береке", "Аян-Резорт", "Билимдер академиясы" бар", - деди Би-Би-Сиге Мамэкотехинспекциянын өкүлү Тилек Текебаев.

Кыргызстанга туристтердин тартылышы үчүн шаардагы, мейманканалардагы экологиялык, техникалык коопсуздуктан сырткары, өлкөдөгү аба-ырайы, транспорттук каттамдар дагы маанилүү ролду ойнойт.

Бул жайдын башында Кыргызстанда жаан-чачын көп жааганына байланыштуу сезон кечирээк башталып, туристтердин саны дагы жылдагыга салыштырмалуу аз дейт Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жамангулов:

"Бизде негизги туристтик сезон аба-ырайыга байланыштуу. Бул учурда күн жылып калчу. Быйыл суугураак. Эгерде жай мезгили азыркыдай жаанчыл боло берсе, кардарлар аз келет. Эмитеден эле салыштырып көрсөк болот, быйыл жылдагы ушул учурдан бир нече пайызга аз турист келип жатат".

Image caption Дээрлик эки айга кеч башталып жаткан быйылкы туристтик сезондун көрсөткүчү кандай болорун азырынча болжоо кыйын

Кыргызстанда 2018-жылдын жайкы туристтик сезону 6-майда расмий ачылып, анда 100дөн ашуун эс алуу жайлары менен туристтик компаниялар эс алууга даяр экенин жарыя кылган. Андан бери эки ай өттү, бирок чет өлкөдөн бирин-серин гана турист келбесе, жылдагыдай көл жээгине жабыла калган учур каттала элек.

Ага карабастан расмийлер быйылкы туристттик сезондон чоң үмүт артууда. Анын негизги себеби, Кыргызстан быйыл эл аралык каттамдарды көп кабыл алууда. Алыс барбайлы, кечээ "Ысык-Көл" аэропортуна быйылкы эс алуу сезонундагы алгачкы эл аралык каттам конгон. Ал эми Ташкент-Балыкчы-Ташкент темир жолунун жанданышы дагы бир топ туристтин агымын Кыргызстанга айдайт:

"Кечээ Казакстандан туристтердин биринчи агымы келди. Андан сырткары, Өзбекстан менен мамиленин жакшырышы албетүү түрдө бизге жакшы таасир этүүдө. Биздин туристтик операторлор дагы, компаниялар дагы өзбек тарап менен тыгыз иш алып барууда. Дале болсо келишимдер уланууда. Поезд эле эмес, автобус, унаа сыяктуу транспорттун ар кандай түрү менен келип жатышат", - дейт Жамангулов.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр 4,5 миллион чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын чек арасынан кирген. Анын жарымынан көбү туристтик багытта келгенин Туризм департаменти ырастоодо. Муну эске алганда, туристтердин агымы жыл сайын 10-15% өсүш көрсөтүүдө. Дээрлик эки айга кеч башталып жаткан быйылкы туристтик сезондун көрсөткүчү кандай болорун азырынча болжоо кыйын.

Тектеш темалар