Фарида: Короодо төрөлдү деп чуу кылган жетинчи балабыз

Бишкектин экинчи төрөтканасынын короосунда көз жарган аялдын окуясынын чоо-жайы жөнүндө Би-Би-Сиге республиканын башкы гинекологу Раиса Асылбашева түшүндүрмө берди.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Дарыгердин айтымына караганда, 40 жаштагы аял жетинчи ирет көз жарды. Ал буга чейин атайын каттоодон өтүп, тизмеде турган. Буга дейре тиешелүү процедуранын баарынан өткөн. Бирок аталган төрөткана оңдоо иштери башталгандыктан убактылуу жабылып, ал жакка каттоого турган кош бойлуу аялдарга атайын маалымат берилген. Каттоого алынгандарды башка төрөткана кабыл ала турган болгон.

Бирок, бул тууралуу көз жара турган аялга кабар кайсы бир себептер боюнча жетпей калып, убактылуу жабылган төрөтканага келип, чукулунан толгоосу башталып калган. Имаратта куруучулар иштеп жаткандыктан, алар эч кандай жардам көрсөтө алган эмес. Бирок кабарды уккан дарыгерлер жетип барып, тезинен жардам көрсөтүп эне-баланы атайын бөлмөгө жайгаштырышты. Ымыркайдын да эненин да саламаттыгы жакшы. Төрөлгөн уул баланын салмагы 4 кг 900 гр.

Сүрөттүн автордук укугу Screenshot
Image caption Бул окуя тартылган тасма коомдук сайттарга тарап, кызуу талкуу жаратты.

"Жанымда жолдошум дагы бар эле. Биз төрөтканада оңдоо иштери жүрүп жатканын билген эмеспиз. Азыр абалым жакшы, балам дагы жакшы. Төраткана маалымат бергенин укпай келип алдым ушундай абалга кабылдым. Жети баланын энесимин",-деди Би-Би-Сиге Фарида аттуу келин.

Тектеш темалар