Петербургдагы метродогу жардыруунун артында турган уюмдун лидери кыргызстандык

Орусиянын Тергөө комитети Санкт-Петербург метросундагы жардыруу боюнча кармалгандарга жаңы айыптоолорду такты.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Катиба Таухид валь-Жихад" 2014-жылы Сириянын аймагында түзүлгөн.

Тергөөчүнүн айтымында, шектүүлөр Орусияда тыюу салынган террордук уюм "Катиба Таухид валь-Жихаддын" мүчөлөрү болгон.

Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы сотто шейшембиде каралды. Бул кылмыш ишинде жабыр тарткан деп, 112 киши табылган.

"Катиба Таухид валь-Жихад" 2014-жылы Сириянын аймагында түзүлгөн. 2015-жылы "Аль-Каидадан" бөлүнүп чыккан, Сирия жана Ливандын аймагындагы "Жебхат ан-Нусра" тобуна кошулууга ант берген. Бул уюм Сирияда оппозиция тарапта согушуп жатат. "Аль-Каида" жана "Жебхат ан-Нусра", "Катиба Таухид валь-Жихад" уюмдарына Кыргызстанда тыюу салынган эле.

"Катиба Таухид валь-Жихад" уюмунун башында Кыргызстандын жараны теги уйгур "Абу Салах" деген каймана аты бар Сирожиддин Мухтаров тураары белгилүү болду. Ал 1990-жылы Ош шаарынын чет жакасындагы Кашкар-Кыштак айылында туулган.

2000-жылдары Мухтаров Сириядан диний билим алган. 2012-жылы Сириядагы "Катибат Имам аль-Бухари", тобуна кошулуп кетип, кийин тарапташтары менен "Катиба Таухид валь-Жихад" тобун түзгөн.

"Мындан үч жыл мурун декабрда Кара-Суунун Кашкар-Кыштак айыл аймагында өз үйүнө жакын жерде атып өлтүрүлгөн 37 жаштагы Юнусжан Абдужалиловду террордук уюмдун өкүлдөрү атып кеткен. Кийин бул окуя боюнча 16 киши кармалган. Бул куралдуу топко адам өлтүрүү боюнча буюртманы "Абу Салах" (Сирожиддин Мухтаров) ысымдуу террордук топтун амири бергени белгилүү болуп, ага издөө жарыяланган",-деди Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев.

Топтун курамы

Бул жаңы экстремисттик топко Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан жарандары кирген. Ошондой эле Кытайдын батышындагы уйгурлар кошулган.

Топко келип кошулгандар негизинен Кыргызстан жана Өзбекстандан азгырылып келген. Сирияга азгырыктар 2014-2015-жылдары катуу жүргөнүн кыргызстандык күч органдары да белгиленгени бар. Кийин Кыргызстан мындай азгырыктарга каршы масштабдуу операцияларды өткөрүп, бир нече булактарды ачыкка чыгарган.

2016-жылдын башында айрым маалымат каражаттары "Таухид валь-Жихад" Абу Салахтын Орусияга жихад жарыялаган кайрылуусу тууралуу жазышкан.

Петербург жана Стокгольм

Өткөн жылы 3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо жардыруу орун алган. Андан тышкары, колго жасалган жардыргыч метродогу "Площади Восстания" станциясынан табылган. Орусиянын Тергөө комитети "теракт" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, аны ишке ашырган деп теги кыргызстандык Орусия жараны 1995-жылы туулган Акбаржон Жалиловду шектүү аташкан эле.

Терактан каза тапкандар саны 16 кишиге жеткен. Жардыруудан кийин Москвада жана Санкт-Петербургда Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген бир нече киши камакка алынды.Орусиянын атайын кызматы аларды террордук уюмдарга катыштыгы болгон жана метродогу жардырууга тиешеси бар деген шек менен кармаганын айткан.

Петербургдагы терактан үч күндөн кийин Швециянын Стокгольм шаарында оор жүк тарткан унаа катуу ылдамдыкта келип, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен окуя катталды. Бул террордук аракет катары каралып, жакында эле 39 жаштагы Өзбекстан жараны Рахмат Акилов өмүр бою эркинен ажыратылган.

Шведдик Sveriges Radio журналисттери Абу Салах менен Акилов "Одноклассники" коомдук сайтында дос экенин жазып чыгышты. (AbA)

Тектеш темалар