Л. В. Сарандреа: Балдардын ата-энелери эң көп миграцияга кеткен аймактар - түштүк облустары жана Талас

Кыргызстан - Борбор Азия өлкөлөрү ичинен аялдары миграцияга эң көп кеткен өлкө Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Кыргызстан - Борбор Азия өлкөлөрү ичинен аялдары миграцияга эң көп кеткен өлкө

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкулчүлүгү кыргыз мигранттарынын балдары тууралуу жаңы иликтөөсүн жыйынтыктады. Ага ылайык өлкөдө ата-энеси акча табууга кетип, тирүүлөй жетим калган балдар саны 260 миңге чамалап, өлкөдөгү жалпы балдар санынын 11%ын түздү.

ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Люсио Валерио Сарандреа Би-Би-Си беген маегинде өсүп келе жаткан баланын жанында ата-эненин болбошу бир катар психологиялык жана социалдык кыйынчылыктарды шарттарын билдирди.

Би-Би-Си: Мигранттардын балдарын иликтөөдө кандай жаңы жагдайлар ачыкталды?

Л. В. Сарандреа: ЮНИСЕФ жана Европа Биримдиги ата-энелери миграцияга кеткен балдарды аярлуу балдардын катарына кошот дагы, алар жардам жана колдоого муктаж деп эсептейт. Биздин эсептөөлөр боюнча өлкөдө 259 миң бала ата-энесинин бирөөсүнүн же экөөсүнүн тең миграцияга кеткенине байланыштуу кароосуз калган. Ата-энесинин кароосу жок калган бул балдар зомбулуктун түрдүү түрлөрүнө кабылуу коркунучунда турат. Ошондой эле аларда өз укуктарын толугу менен пайдалана албай калуу тобокелчиги чоң.

Биздеги маалыматтар боюнча Кыргызстандан миграцияга кеткендердин 60% - эркектер, ал эми 40% -аялдар. Миграцияга кеткен аялдар көбүнесе күйөөлөрун ээрчип кетип жатышат. Демек, миграцияга кеткендердин 40%нын балдары атасы да, энеси да жок калышууда. Анын жыйынтыгында биз эмнени көрүп жатабыз. Ал балдар туугандарынын колунда калууда, чоң ата, чоң эне; таята, таенесине таштап жатышат. Жадагалса, айрым учурда балдар кошуналардын кароосуна калтырылып жатат. Бул иликтөө өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлгөн. Иликтөөнүн жыйынтыгында балдардын ата-энелери эң көп миграцияга кеткен аймак бул түштүк облустары жана Талас дубанында экени аныкталды.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Мигранттар балдарын чоң ата-энелерине, айрым учурдарда кошуналарына да таштап кетип жатышат

Би-Би-Си: Үч жылга эсептелген бул долбоор алкагында мигранттардын балдарынын укуктарын коргоого мыйзамдык шарттар түзөбүз дедиңиз, өлкөдө балдардын, ириде, эмнеге укугу бузулуп жатат?

Л. В. Сарандреа: Бул себептүү ЮНИСЕФтин бул долбоору мамлекеттин ушуга окшогон балдарга кам көрүүсүн күчөтүүгө көбүрөөк көңүл бурмакчы. Атап айтсак, иш багытында биз биринчи мектептердеги педагогдор менен иш алып барабыз. Мамлекеттин ата-энеси иштеп кеткен балдарга кам көрүүсүн жана түрдүү шартта кеңеш берүү мүмкүнчүлүгүн да арттырабыз. Андан тышкары мамлекеттик органдардын суранычы боюнча биз мигранттардын балдарын мыйзамдын карамагына камтуу боюнча жаңы системаны иштеп чыгалы деген ойдобуз. Себеби, ата-энеси миграцияга кеткендердин балдары өзүнүн мыйзамда көрсөтүлгөн укуктарын коргой турган адамы жок (опекун) калышат. Биз азыр түптөп жаткан системабыздын башкы максаты ушундай балдардын ар бирине алардын укугун коргой турган адамды дайындоо.

Image caption ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн балдарды коргоо бөлүмүнүн жетекчиси Люсио Валерио Сарандреа

Биз жасай турган иштин дагы бир чоң бөлүгүн Уулу Британия өкмөтү каржылап жана колдоп жатат. Ал - мажбурлап турмушка чыгаруу жана кыз ала качууга каршы багытталган долбоор. Анын алкагында биз ата-энеси миграцияга кеткен балдардын укугун коргоо менен эрте турмушка берүү жана ала качууга тобокелдиги бар көрүнуштөрдү кыскарткыбыз келет.

Би-Би-Си: Миграциядан эң эле көп жапа чегип жаткан катмар, демек, бул -балдар экен да?

Л. В. Сарандреа: Дагы бир маанилүү эске ала турчу жагдай, бул миграциянын өлкө үчүн абдан чон пайдасы бар жана ал чоң. Анткени Ички дүң продуктынын 30-35%на чейинкисин мигранттар которгон акчалар түзөт. Албетте, бул мамлекет үчүн абдан чоң кирешге булагы. Бирок ошол эле убакта миграцияда абдан жогорку социалдык чыгымдар да болууда. Биринчи кезекте бул - ата-энеси миграцияга кеткен балдардын социалдык жоготуулары. Европа биримдиги менен биргеликте өткөрө турган бул долбоордун негизги максаттарынын бири - миграциянын балдарга тийип жаткан оң таасирлерин көбөйтүп, терс таасирлерин азайтууга аракет кылуу. Долбоор бир катар аймактарды камтыйт, ал Өзбекстандан башталып, Индонезия жана Непалга барып аяктайт.

Би-Би-Си: Кароосуз калган балдар үчүн негизги кандай коркунучтар аныкталды?

Л. В. Сарандреа: Бул долбоор жаңы гана ишке кирип жатат. Албетте, биз андай балдар туш болуп жаткан көйгөйлөрдүн ар кандай түрлөрүн билебиз. Бирок долбоорубуздун башталышында биз ошо өлкөлөрдү дагы тереңирээк иликтеп, изилдеп чыкканы жатабыз.

Ата-энеси миграцияга кеткен балдардын көпчүлүгү физикалык, сексуалдык зордук-зомбулукка туш болуу коркунучунда турат. Ошондой эле алардын мектепти таштап кетүү мүмкүнчүлүгү дагы жогорураак болот. Андан тышкары ата-энеси миграцияга кеткен балдардын арасында өзүнүн өмүрүн өзү кыюу учурлары да абдан көп жолугуп атат. Ошондуктан биз долбоордун алкагында мектептердеги мугалимдерге ушундай коркунуч алдында турган балдарды аныктап, кайгылуу нерселер болуп кетпеши үчүн кеп-кеңеш берүүнү ошол мугалимдерди үйрөтөбүз.

Тектеш темалар