Төлөйкан Исмаилова: "Июнь коогалаңы боюнча отчетко тиешебиз жок"

"Бир дүйнө - Кыргызстан" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова.
Image caption "Бир дүйнө - Кыргызстан" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова.

Кыргызстанда "Бир дүйнө - Кыргызстан" бейөкмөт уюмунун катышуусундагы укук коргоо уюмдарынын эки отчёту экстремисттик деп табылды. Мындай чечимди 2017-жылдын 5-январында Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарган. 5-июлда уюмдун доо арызы Бишкек шаардык сотунда каралды. Сот даттануу убагында берилген эмес деген жүйөө менен арызды канааттандырган жок.Учурда аталган уюм бул боюнча Жогорку сотко даттанганы жатат.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилованын айтымында, экстремисттик деп табылган отчеттор 2010-жылдагы Оштогу июнь окуясы жана коңшу мамлекеттердеги мигранттар маселесине байланыштуу.

"Биз июнь окуясы боюнча отчетко тиешебиз жок. Документ Норвегиянын Хельсинки комитети, "Мемориал", "Фридом Хауз" укук коргоо уюмдары тарабынан 2010-жылы даярдаган. Биз алардын талкуусуна катышканбыз. Ал жерде президенттин аппаратынын өкүлдөрү дагы болгон. Өкмөт аябай сонун жардам бердиңер деп мактап, отчётту кабыл алышкан. Орто Азияны мыкты билген эксперт катары Виталий Пономаревдон консультация алышкан",- дейт Төлөйкан Исмаилова.

Сот экстремисттик тапкан экинчи отчётту "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюму өзү даярдаган экен. Төлөйкан Исмаилова документте экстремисттик багыттагы көз караштар камтылган деген айыптоону четке кагып, экспертиза тарабынан чыгарылган котурунда дагы экстремисттик деп көрсөтүлбөгөнүн айтууда.

"Биз 2005-жылы ички жана тышкы мигранттардын абалы оорлоп жатканы тууралуу отчет даярдаганбыз. Бул жерде тажрыйбабызга таянып, анализдеп берилген. Анда айрым учурларда жылына төрт жүздөн алты жүзгө чейинки жарандарыбыздын сөөгү келип жатканы камтылган. Биздин эксперттер Орусияга, Казакстанга барып мигранттардын абалы менен жеринде таанышып чыгышкан.

Орусияда "экстремисттик уюмдарга каршы иштеп жатабыз" деп жарандарыбызды кармап алып, зомбулук көрсөткөн окуялар тууралуу айтылган. Мигранттардын 40 пайыз аялдар экени, Кыргызстанда балдар жана кары-картаңдар каралбай калгандыгы жазылган. Бул бир гана биздин эмес, эл аралык мыкты эксперттер менен бирге Кыргызстандагы сексенден ашык улуттун тагдырын камтыган документ болгон. Бул тууралуу биз Женевадагы Эмгек мигранттардын укуктарын коргоо комитетине барып отчёт бергенбиз. Ага эксперттер, Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү дагы катышкан".

2010-жылдагы Оштогу июнь коогалаңы боюнча бир нече комиссия иш алып барган. Улуттук комиссиянын мүчөсү Жыпар Жекшеев, укук коргоо уюмдарынын берген отчётторуна, алардын берген баасы менен жакындан тааныш кишилердин бири.

"Июнь коогалаңы боюнча Улуттук комиссиянын мүчөсү катары эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн бир нече жолу кабыл алдым. Ошондо өзүбүздүн отчётторду фактылар менен көрсөтсөк дагы аны бейөкмөт уюмдар өздөрүнүн отчётторуна кошкон эмес. Төлөйкан Исмаилованын отчетторунун негизинде гана бир жактуу баа берип койгон. Алардын отчёттору мага бир тараптуу, саясий өңүттө жазылган документтей сезилген. Алардын отчётун окуп чыккам жана объективдүү деп айткандан алысмын",- деди Жыпар Жекшеев.

"Бир дүйнө - Кыргызстан" бейөкмөт уюмуну көп жылдан бери Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча иш алып барып келет. (VA)

Тектеш темалар