Тик учакта жабыркагандар Бишкекке жеткирилди

Кыргыз армиясынын саналуу эле тик учагы бар
Image caption Кыргыз армиясынын саналуу эле тик учагы бар

Ысык-Көлдө кулаган тик учактан жабыркагандар башка аскердик тик учак менен Бишкекке жеткирилди. Аталган областтын Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарапта Ми-8 аскердик тик учагы альпинисттерге жүк жеткирип барып, шамалдын күүсү менен турган жеринде бир капталына кулап түшкөн. Курмандыктар жок, бирок андагы төрт адам ар кандай жаракат алды.

"Болжол менен жергиликтүү убакыт боюнча 16:25 те Бишкекте Кыргыз Республикасынын абада коргоо күчтөрүнүн Ми-8 тик учагы конду. Ал бүгүн эртең менен Түштүк Эңилчек районунда капталы менен түшкөн тик учактагы алты адамды, анын ичинде жабыркаган төрт адамды алып келди. Жабыркаган төрт адамга жеринде тийиштүү медициналык жардам көргөзүлдү. Азыркы учурда алар Бишкектеги ооруканаларга жайгаштырылды. Алардын абалы канааттандырарлык",-деди Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын маалымат башкармалыгынын жетекчиси Гүльзат Жарашова.

Куткаруу иштерине ошондой эле Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин өзгөчө кырдаалдар департаментинин тик учагы да катышты.

Ысык-Көлдө кырсыктаган тик учак тоодогу алпинисттерге тамак-аш, дары-дармек сыяктуу жүктөрдү жана адамдарды жеткирип барган. (KC)