Куткаруучунун бир күнү: cулуулар, мастар же балдар

Бир караганда кайда агып жактаны байкалбай, дымып турган Чоң Чүй каналы куткаруучунун айтымына караганда, саатына 60 км ылдамдык менен агат.
Image caption Бир караганда кайда агып жактаны байкалбай, дымып турган Чоң Чүй каналы куткаруучунун айтымына караганда, саатына 60 км ылдамдык менен агат.

Мээ кайнаткан аптапта Бишкектин жака белинде сууга түшкөндөрдүн саны да кескин өстү. Алардын бир бөлүгү кароосуз калган же тыюу салынган жерлерде сууга түшүп, ар кандай кырсыктарга кабылып, ал тургай каза тапкандар да бар. Өзгөчө кырдаалдар министирлиги адамдар тыюу салынган жайларга барып, коопсуздукка кош көңүл мамиле кылып жатышат дейт.

Чуру-чуу түшкөн бул балдар көлмө четинде ойноп жатышат. Аларга баш-көз болуп келгендер жок эмес, бирок алар балдардан кыйла эле алыс олтурушат. Мен мунараны көздөй шашып бараткан куткаруучуну байкадым. Ал үн күчөткүчү менен "Жээктен алыс кетпегиле, ата-энелер балдарды унутпагыла",- деп эскертип жатты.

Куткаруучуну кепке тартканымда, ал мындан эки эле күн мурун 17-18 жаштагы кызды кантип куткарып калганын сыймыктанып айтып берди. Айтымына караганда, бир көргөн кишиге жакшынакай эле чумкуп, сүзүп жүргөндөй көрүнгөн кыз бир убакта чабалактап калганы байкалган. Жетип барган учурда эсин жоготуп, боюн таштап койгон экен. Качан гана аны жасалма дем алдырып, жуткан суусунан арылтканда эсине келиптир. Куткаруучунун аты-жөнү Калинур Эркинбаев.

Бирок такай эле куткаруучулардын аракети бул жолкудай оңунан чыга бербейт. Жетип барганга үлгүрбөй же жардам бере албай калган оор кырдаалдар да болот. Андайда ачууга алдыргандар ого бетер тоскоолдук кылып, ур-токмокко алып жиберген учурлар да кездешет дейт.

Image caption Адистер уруксаты бар жерлерде гана сууга түшүү менен ар бир адам кырсыктын алдын ала алат дешет.

Калинур Эркинбаев азыркы куткаруу иштери кыш мезгилине караганда кыйла жеңилирээк болоорун өз башынан өткөргөн. Өткөн кышта эле Бишкек четинде муз жарылып, күбүргө кирип кеткен улакчыны издөө өтө машакаттуу болгон дейт. Анын айтымында 20-25 см калыңыдыктагы муздун алдына кирип издеп жактан учурда улакчынын жансыз денеси табылган. Куткаруучу анын турган турпатына карап бир колу менен музду тиреп, экинчи колундагы камчы менен музду жарганга далалат кылган деп болжойт. Ал күндөрү кыш чилденин ызгаары сөөккө жетип турган эле.

Image caption Калинур Эркинбаев

Биз көлмө жээкетеп дагы бир аз басканда эле суудан мас абалында чыгып келе жаткан эс алуучуну байкадык. Бирок ал суудан коркпой турганын айтып эскертүүгө да, суроого да чолок эле жооп узатты. Теңселгенине карабай кайра сууга секирди.

Мындай учурда мыйзам боюнча куткаруучу ал адамды күчкө салып же мажбурлап суудан сүйрөп чыга албасын айтууда. Демек, кайра-кайра эскертүү берүү менен ал адамды тынымсыз байкоого алуудан башка айла жоктой.

Өзгөчө кырдаалдар министирлиги жыл башынан бери Кыргызстанда 57 киши сууга чөгүп же агып каза тапканын билдирди. Алардын 35 жай айларына туура келет. Мындан сырткары куткаруучулар жакында эле бир адамды Баткенде, экинчисин Чүйдө аман алып калышкан.

Адатта суудан каза тааптыр десе көбү Ысык-Көлдө болсо керек деп болжошот. Бирок санай келгенде Чүй облусу сап башында. Мунун себеби - тыюу салынган ачык көлмөлөргө өз билемдик менен барып түшкөндөрдүн арбындыгы. Андан сырткары Чоң Чүй каналынын агымы өтө жай деген туура эмес ойдо жүргөндөрдөн улам келип чыгат.

Бир караганда кайда агып жатканы байкалбай, дымып турган Чоң Чүй каналы куткаруучунун айтымына караганда, саатына 60 км ылдамдык менен агат. Үстү мелтиргени менен төмөн жагы будуң-чаң. Калинур муну баары эле биле бербегендиктен кантип ушул сууга акты же чөктү деп сурагандар четтен табылат дейт.

Ичкилик ичип же өз кудурет-күчүн ашыкча баалап сууга түшкөндөн улам каза тапкандардын да саны азайбай келет. Адистер болсо уруксаты бар жерлерде гана сууга түшүү менен ар бир адам кырсыктын алдын ала алат дешет.

Бирок дал ушул эле адистерди ишине шалаакы мамиле кылды же кесипкөй болбогондуктан куткара албай калышты деп сындагандар да бар.

ӨКМ болсо көлмө аттунун барына көзөмөл коё албай турганын жүйө келитирип, жеке менчик эс алуу жайлары өз куткаруучуларын сөзсүз камдашы керек дейт.

Аталган министирлик жылдан жылга техникалык базасын чыңдап жатканын айтканы менен өтө зарыл техникалардын тартыштыгы жоюла элек. Мисалы аталган министирликте бир тик учак болсо, азыр ал да бузук. Соңку жылдары эле Чычкан капчыгайында чыккан өрттү өчүрүүдө Кыргызстан канча далалат кылганы менен Казакстандан тик учак келмейинче бийик жерлерге жете албай катуу убара тарткан жайы бар. Бул сыяктуу дагы бир нече мисалдан улам айрымдар ӨКМдин техникалык базасын чыңдамайын кайсы гана куткаруу иши болбосун натйыжасы ойдогудай болбойт деген пикирде.

Тема боюнча башка макалалар