Ѳздөн чыккан жат же "бийликтеги оппозиция"

Президенттик шайлоо КСДПнын ыркын кетирди Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Президенттик шайлоо КСДПнын ыркын кетирди

Кыргызстанда бир эле партия бийликти да мыкчыган, оппозиция да болгон уникалдуу кырдаал түзүлдү дешет серепчилер. Президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин тирешинен улам КСДП партиясы ичтен ыдырап, саясий уюмдун келечеги суроо жаратууда.

Бүгүн Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын Москва районундагы мүчөлөрү партия лидери Алмазбек Атамбаевге каршы кезексиз жыйынга чогулду. Алар өз конференциясын "Атамбаевсиз КСДП" деп атап, күн тартибине аны партия төрагалыгынан кетирүү жана партиянын тизмесинен чыгаруу маселесин коюшту.

"Атамбаевсиз КСДП"

"Атамбаевсиз КСДП" деген резолюцияны кабыл алдык. Анда республиканын бардык аймактарында "КСДП Атамбаевсиз" деген ураанды кабыл алуу. Экинчиси - кезексиз жыйын чакыруу. Үчүнчүсү -партиянын саясий кеңешиндеги татыксыз адамдардан арылуу. Төртүнчү партиянын жаңы программасын кабыл алуу", - деди конференциянын уюштуруучусу Сагынбек Абдрахманов.

Айтымында жыйынга Москва районунун 12 айыл өкмөтүнөн 100гө жакын делегат катышты. Эми бул мазмунда жыйындар башка райондордо уюштурулуп, бара-бара облустук деңгээлге өтмөкчү.

Бирок көп өтпөй КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирүү таратып, анда Абдрахманов партиянын мүчөлүгүнөн 2017-жылы эле чыгарылганын жана ал партия атына жамынып атканын жазды.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Атамбаев КСДП лидери болуп быйыл 31-мартта шайланган

КСДП бул иш чараны партия уставына ылайык макулдашылбагандыгы үчүн мыйзамсыз деп атады.

Партия тараткан билдирүүдө ошондой эле Сагынбек Абдрахманов үч айдан бери өзүнүн айланасына таарынган партиялаштарды чогултуу аракеттерин көрүп жатканы жазылган.

Сагынбек Абдрахманов былтыр президенттик шайлоодо КСДП атынан өзүн талапкер катары жылдырылбай калганына нааразы болуп, кийин анысын ачык айтып чыкканы үчүн партия мүчөлугүнөн чыгарылганы белгилүү.

Кечээки дос, бүгүнкү кастар

Ал арада экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров мурдагы ички иштер министри Молдомуса Контантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышын сындап чыкты. Ал бул тууралуу пикирин Бишкектеги атайын басма сөз жыйынында билдирди.

Ошондой эле саясатчы азыркы бийлик жана анын оппозициясы тууралуу кеп козгоду. Азимбек Бекназаров өлкөдө учурда КСДП бир эле учурда бийликтин да, оппозициянын да партиясы болуп калганын белгиледи.

"КСДП азыр өзүнө өзү оппозиция. Атамбаев менен Жээнбеков бүгүн бири-бирине оппозиция. Анткени буларда дагы деле бийликтин каймактуу жерлеринин таасирин талашуу бүтө элек. Кыргызстанда оппозиция так ошондон башталат. Бийлик талашкандан жана байлык талашкандан. Бүгүн аларды Атамбаев менен Жээнбековдун эки тобу талашып атат", -деди мурунку Убактылуу өкмөт мүчөсү, экс-баш прокурор.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Бекназаров: КСДП азыр өзүнө өзү оппозиция

Азимбек Бекназаров өзүн учурдагы Жээнбековдун бийлигине оппозиция эмес экендигин айтып, өлкөдөгү саясий күчтөр президенттин аракеттерине азырынча жөн гана байкоо салып турганын кошумчалады:

"Башка саясий күчтөр жөн эле күтүп турабыз. Жээнбековго мүмкүнчүлүк береличи, жок дегенде саясий куугунтук менен жасалма иштер ачылгандардын иштерди аягына чыгарып койчу, Кумтөр маселесин, Батукаевди ким качырганын айтып койчу деп эле күтүп атабыз".

Оппозиция болчу күчтөр

Серепчилер Жээнбековдун оппозициясы азыр калыптанып жатат жана анын түрү жана туруму бир аз убакыт өткөндө дагы дааналана баштайт дешет. Азырынча Атамбаевден башка Жээнбековго дагы ким оппозиция болот, бир аз бүдөмүк. Себеби оппозицияныны ана башы делген камактагы Өмүрбек Текебаевдин парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы баш болуп президенттин азыркы саясий стратегиясын колдоого алып жатканы байкалат.

"Сооронбай Жээнбековго карата азыр ишеним кредити берилип жатат. Үмүт чон болуп атат. Ошол эле "Ата Мекен" партиясын алалы. Алардын Жээнбековду ишенип, саясатын туура көруп колдоп жаткандыр, бирок аларда президент менен жакшы мүнөздө коммуникация кура алсак, мүмкүн, партия лидери Текебаевди жана анын үзөңгүлөшү Дүйшөнкул Чотоновду бошотууга барат деген үмүт бар", - деди саясат талдоочу Эмил Жороев.

Анын пикиринде саясатташкан сот чечимдерин жокко чыгарып, аларды жаңыдан кароого шарт түзүлбөсө ошол эле "Ата Мекен" партиясынын Жээнбековду колдоосу жокко чыгат.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Азырынча Атамбаевден башка Жээнбековго дагы ким оппозиция болот бүдөмүк

Жээнбековго оппозиция болчу күчтөрдү жалаң эле парламенттен эмес, тыштан да күтүүгө болот.

"Салмактуу саясатчылардан Адахан Мадумаров бар. Анын парламентте партиясы жок болгондуктан көп этибарга албай калабыз, бирок өткөн президенттик шайлоодо анын маанилүү саясатчы экени байкалды. Анын көз карашы так айтыла элек. Бирок анда жарым сын-пикир жарымы колдоо ирээт болууда. Бирок убакыт менен анын дагы бир жакка позициясы ооп, оппозицияга өтүп кетиши толук ыктымал", - деди Жороев.

"Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт"

Келерки парламенттик шайлоого КСДП кимдин жетегинде барат, кимдин саясатын жана программасын колдойт суроосу ачык бойдон калууда.

Image caption "Парламенттик шайлоодо касташкан жетекчилери менен КСДПнын жеңип чыгышы оор болот"

"Социал-демократтар толугу менен Атамбаевдин жетегинен чыгып, президент Жээнбековду колдой баштайт. Же экиге бөлүнүп, бир партиядан эки канат чыгышы толук ыктымал. Себеби партиянын бири-бирине атаандашып, кас карап турган президент менен жетекчиси менен шайлоого барып жеңип чыгуу өтө кыйын болот",-дейт серепчи Эмил Жороев.

Ал арада КСДПдагы жараңка мурункудан да тереңдеп баратканы бүгүнкү Москва районундагы иш чара айкын көрсөттү.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар