Жерден жок же сомдон жок. Мигранттар президентке кайрылды

Москвадан 120 чакырым аралыкта алгачкы кыргыз конушу түптөлүп жатканын кыргызтандыктар буга чейин айтып келген. Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Москвадан 120 чакырым аралыкта алгачкы кыргыз конушу түптөлүп жатканын кыргызтандыктар буга чейин айтып келген.

Орусиянын Тула облусунан жеке-турак жай курууга жер алган кыргыздар колдоо жана укуктук жардам сурап Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылаарын Би-Би-Сиге билдирди. Алар жергиликтүү бийликтин аталган жер боюнча чыгарган соңку чечими өтө оор сокку болгонун айтышууда.

Сөз болуп жаткан Тула облусунан жеке турак-жай куруу үчүн жер алган 400 чамалуу кыргыз жердин документтери мындан ары эмне болот деп маң болуп турган чагы.

Алар буга чейин тийиштүү документтер мыйзам чегинде даярдалып, атайын төлөмдүн баары төлөнүп келгенин жүйө келтирүүдө. Буга далил катары сөз болуп жаткан 50 гектар жерде суу, свет, жол сыяктуу маселелер чечилип жаткандыгын айтышууда.

"Ала-Тоо 1" деп аталган бул конуштун айрым жашоочулары каттого туруп, Орусияда төрөлгөн балдары үчүн жөлөк пул алабыз деген үмүттө турган экен.

"Кандай болуп кеткенине башыбыз жетпей турат. Буга чейин баары мыйзамдуу, баары туура деп келип эле бир заматта ушундай чечим чыгып калды. Колубузда документтер, уруксат кагаздары бар эле. Кырк киши үйдү салып, он жетиси фундамент куюп, дагы бир канчасы ана-мына баштайбыз деп камынып жаткан",- дейт бул конушту уюмдаштыргандардын бири Гүлмира Казыбекова.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Жергиликтүү бийлик мынча аянтка 250дөн ашык бүлө жашоого болбой турганын, жашоочулар бир эле улут эмес, көп улутту болушу керек деген бир нече талаптарды койгон.

Бирок буга карабай жергиликтүү бийлик турак-жай кура турган жерди айыл-чарба багытындагы категорияга күтүүсүз которгону аларды дендароо кылды.

Орусияда эмгектенген кыргызстандыктар турак-жай азабы көкөйлөрүнө көк таштай тийгенин байма-бай айтып келишет.

Дал ушундай маселени чечүүнүн жолун издеп, жаңы конуш түзүүгө аракет кылгандар жер тилкелерине ээ болгондо төбөлөрү көккө жеткен эле. Алардын ошол жерде той же түлө өткөрүп жаткандарын интернеттен да көрсө болот.

Алар жергиликтүү мыйзамдардын бир топ чектөө, тыюуларын эми гана билип олтурабыз дейт. Тыюу демекчи, жергиликтүү бийлик мынча аянтка 250дөн ашык бүлө жашоого болбой турганын, жашоочулар бир эле улут эмес, көп улутту болушу керек деген бир нече талаптарды койгон. Буларды аткарууга азыр да даяр экендигин айткан кыргыздар орус бийлигине өтүнүчтөрүн жеткире албай жаткандыктарын айтууда.

Сүрөттүн автордук укугу Gulmira Kazybekova
Image caption "Урматтуу президентибиз Сооронбай Жээнбеков, жакшы ниетте келип ушул маселени чечип берсеңиз абдан жакшы болот эле. Биз бул жерде таңдан-кечке зарыгып, саргайып иштеп жүрүп ушул жерлерди алдык эле",- дейт аталган конуштун тургуну Гүлмира Казыбекова.

Эми айыл-чарба жери болуп пайдаланылсын деген чечимден улам, тиешелүү органдар ал жерди бошотуп чыгып кетүүгө бир жарым ай убакыт берген. Айласы түгөнгөн кыргыздар бул маселени чечүүгө президент Сооронбай Жээнбековдон башканын күчү жетпейт деп, атайын кайрылуу да жолдой тургандыктарын билдирди.

"Урматтуу президентибиз Сооронбай Жээнбеков, жакшы ниетте келип ушул маселени чечип берсеңиз абдан жакшы болот эле. Биз бул жерде таңдан-кечке зарыгып, саргайып иштеп жүрүп ушул жерлерди алдык эле. Тиешелүү документтерибиз да колубузда бар. Бирок чечим башкача чыгып, азыр аябай оор абалда турабыз. Элчиге да кайрылдык",- дейт аталган конуштун тургуну Гүлмира Казыбекова.

Чет жердеги мигранттар менен иш алып барып келген "Замандаш" ассосациясы бул иш боюнча башынан кабардар экенин, аларга юридикалык кеп-кеңештерди берип келишкенин айтат.

"Бул иштер ошол өлкөнүн мыйзамдары менен тескелет. Албетте, баары мыйзам чегинде чечилиши керек. Өтө кылдаттыкты талап кылат. Себеби чыгымдарды ким, кантип, кимге төлөйт деген суроолор чыгат да. Бул маселеге колубуздан келишинче биз да көз салып турабыз. Бирок буга чейин кабыл алынган чечимдерди арыдан бери эле жокко чыгарып салуунун кандайдыр бир олуттуу себеби болсо керек. Балким бул алардын улуттук коопсуздук сыяктуу маселелерине байланыштуу ишпи деп турам",- дейт ассосация өкүлү Азамат Айтбаев.

Москвадан 120 чакырым аралыкта алгачкы кыргыз конушу түптөлүп жатканын кыргызтандыктар буга чейин айтып келген. Алар документ иштери дээрлик аяктап, баары мыйзамдуу болгонун жер тилкесине берилген мамлекттик акт менен ырастап жүрүшкөн эле.

Тема боюнча башка макалалар