Осмон Артыкбаевди операцияга даярдап жатышат

Осмон Артыкбаев Сүрөттүн автордук укугу kenesh.kg
Image caption Осмон Артыкбаев парламентте депутаттык комиссиянын отчету каралганда Бишкек ЖЭБди модернизация кылууга Кытайдын TBEA компаниясын тандап алууга көрсөтмө берген жогору жактагы адамдардын жоопкерчилигин биринчи кезекте кароо керек деп билдирген.

Осмонбек Артыкбаевдин Кыргызстандын бир дагы ооруканасында жок экени жөнүндө айрым ММКлардын маалыматын аталган депутаттын адвокаты Айжан Орозакунова төгүндөдү.

Адвокат тараткан маалыматка караганда, азыркы учурда Осмон Артыкбаев Бишкектеги Улуттук кардиология борборунда жүрөк оорусуна байланыштуу стационардык дарыланууда болууда, аны операцияга даярдап жатышат.

Осмон Артыкбаевди 10-июлда тергөө абагынан ооруканага которушкан. Анын ал-абалын билип чыккан Кыйноолордун алдын алуу борборунун башчысы Нурдин Сулайманов депутаттын саламаттыгы жакшы эместигин, камактагы учурда астма, аритмия оорулары күчөп кеткенин белгилеген.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдакы энергетика министри Осмон Артыкбаев Бишкек ЖЭБдеги коррупция боюнча кылмыш ишинин алкагында 7-июнда камакка алынган.

Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБдин модернизация маселесиндеги мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссиянын отчету каралганда, мурдакы министр алар жогору жактын буйругун аткарышканын, тийиштүү көрсөтмө Атамбаев президент убакта анын аппаратынын бөлүм башчысы болгон Сапар Исаковдон болгонун билдирген.

Бишкек ЖЭБдеги коррупция фактысы боюнча кылмыш ишинин алкагында Осмон Артыкбаевден башка мурдакы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Бишкек шаарынын мурдакы мэри Кубанычбек Кулматов, энергетика тармагынын бакандай алты жетекчиси кармалып, камакка алынган.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар