Учакта көз жарган энелер: кош бойлуу аялдар үчүн эреже кандай?

Учакта көз жарган эненин жана ымыркайдын саламаттыгы жакшы болуп, ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Ош шаардык төрөт үйүнөн кабарлашты.

7-июлда Ош-Екатеринбург каттамында бараткан кыргызстандык келин учак Ош аба майданынан көтөрүлгөндөн жарым сааттан кийин толгоосу башталып, учакта көз жарды. Бул окуя кызуу талкууланып, аялдын аман-эсен көз жарганын кыргызстандыктар жагымдуу окуя катары кабыл алса, экинчи жагы, ай-күнүнө жетип турган аялга учакта учууга ким уруксат берди деп суроо салгандар болду. Кош бойлуу аялдын учуу эрежелери кандай?

"Бизге эне-баланы таңга маал алып келишти. Келгенде эле ымыркайдын дагы, энесинин дагы абалы жакшы болчу. Келиндин экинчи төрөтү экен. Ал эки-үч дарыгерлердин кароосунда болуп, андан кийин үйүнө чыгып кетти", - деди Ош шаардык төрөт үйүнүн башкы дарыгери Зейнеп Исраилова.

Дарыгердин айтымында, бала ай-күнүнө жетип төрөлгөн. Эне-баланын саламаттыгы жакшы деген кабарлардан кийин бул жаңылыкты окуган миңдеген кишилер жеңилдей түштү окшойт.

Ушундан кийин гана ай-күнүнө жетип турган аялдын учуусуна ким уруксат берди деген маселе чыкты. Медициналык эрежеге ылайык, аялдын боюндагысы 30 аптадан ашкандан кийин учакка чыгууга уруксат берилбеши керек. Мындай учурда бала чоңоюп, айланадагы өзгөрүүлөргө, абанын алмашуусуна, кычкылтекке батыраак реакция кылат. Буга байланыштуу эненин кан басымы өзгөрүп, мөөнөтүнөн мурда толгоо келиши мүмкүн дейт адистер.

"Эгерде кош бойлуу аял эч кандай экстрагениталдык оорулар менен оорубаса, тондун жатындан эрте ажырашы же боюнан түшүп калуу коркунучу бар деген аныктама коюлбаса, эне каттоодон турган болсо, 30 жумалык мөөнөткө чейин учууга болот. Бирок, айрым авиакаттамдар 36 жумага чейин деле кабыл алган учурлары бар. Бул алардын өздөрүнүн эрежелерине ылайык кабыл алынышы мүмкүн. Эгерде ушундай эреже болсо, анда эненин саламаттыгын тыкыр текшерүүдөн өткөрүп, анан уруксат менен учуруш керек", - деди Би-Би-Сиге акушер-гинеколог Наргиза Ормонбекова.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Медициналык эрежеге ылайык, аялдын боюндагсы 30 аптадан ашкандан кийин учакка чыгууга уруксат берилбеши керек.

Расмий маалыматка ылайык, учакта көз жарган учур ички каттамдарда бир да жолу катталган эмес.

2013-жылы Санкт-Петербург шаарынан Ошко келаткан учактын бортунда кыргызстандык келиндин көз жарганы биринчи учур болсо, 7-июлда Ош-Екатеринбург каттамында бараткан кош бойлуу аялдыкы экинчи ирет катталды. Экөө тең эл аралык авиакомпанияларга таандык учакта учушкан.

Кыргызстанда "Авиа-Трафик", "Эйр Кыргызстан", "Эйр Манас" жана "Тез жет" аталышындагы төрт авиакомпания негизги каттамдарды ишке ашырат.

Жергиликтүү авиакомпанияларда кош бойлууларды кабыл алуу, чукул кырдаалда жардам көрсөтүү эрежелери кандай? Бул суроо менен "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын Оштогу өкүлү Бакыт Усаровго кайрылдык:

"Бизде борт коштоочулары сөзсүз түрдө алгачкы жардам көрсөтүү боюнча атайын окутуудан өтөт. Ага ылайык, кандай гана кырдаал түзүлбөсүн жардамга муктаж жүргүнчүгө биринчи жардам көрсөтүлөт. Себеби, учакта ар кандай кырдаал болуп калышы мүмкүн. Андан сырткары, эрте төрөттүн белгилери жок деген учурда гана 28 апталык кош бойлууларга учууга уруксат беребиз. Жети айдан өткөндөрүнө катуу көзөмөл бар".

Кыргызстандын Ош аймагына Орусиянын ири шаарларынан аба каттамдары тынымсыз болуп турат. Негизги себеп - миграция. Көп учурда кыргыз коомунда үй-бүлөнү пландоонун жок экени, миграциянын кесепетинен кош бойлуу аялдар учурунда дарыгердин көзөмөлүнө алынбаганы чоң көйгөй болуп келе жатат. Учакта төрөгөн сейрек учурларды эсепке албаганда деле, аз кандуулук, кыз-келиндер арасында ай-күнүнө жетпей төрөө сыяктуу көрүнүштөр көп катталып келүүдө. Бугүн Бишкекте "Бүткүл дүйнөлүк эл күнүнө" байланыштуу "Үй-бүлөнү пландаштыруу - бул адам укугу" деген темада иш-чара уюштурулуп жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанды былтыр 155 миңден ашык бала төрөлгөн. Жалпы 6 193 400 миң калктын үчтөн бирин 14 жашка чейинки балдар түзөт.

Тектеш темалар