Чуусу бүтпөгөн ЖЭБ: кышка көмүр камы талкууда

Бишкек ЖЭБге көмүр сатып алууда талаш чыкты Сүрөттүн автордук укугу AINURA DUISHOK KYZY
Image caption Бишкек ЖЭБге көмүр сатып алууда талаш чыкты

"Электрдик станциялар" ишканасы Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алууда бир фирманын кызыкчылыгын сүрөп, мамлекетке 90 миллионго сомго чыгым алып келгени жатат",- дейт серепчи Расул Үмбеталиев.

Бирок ишкана бул айыптоолорду четке кагып, тендердик комиссияга мүчө болуп туруп аны үзгүлтүккө учуратып жатканы үчүн Үмбөталиевдин өзүнө айып койду.

"Арзан көмүр турса, неге кымбатына качырабыз?"

"Электрдин станциялар" ишканасы Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр ташууга тендер уюштуруп, ага катышуу ниетин сегиз компания билдирген. Бирок көрсөтүлгөн мөөнөткө арызды болгону эки "Евротранс групп" жана "Рассвет компани" ЖЧКУсу берди.

Биринчиси тийиштүү көлөмдөгү көмүргө бааны 90 миллион сомго арзан кылса да, "Электрдин станциялар" ишканасы кымбатына качырып жатканына нааразы эксперт Расул Үмбөталиев бул жерде айрым адамдардын кызыкчылыгы жатат деген ойдо.

"Жылуулук электр борбору үчүн жөнөкөй көмүрдү алганы жатышат. Бирок энергетикалык көмүр ага караганда 30-35%га арзан. Экинчиден аларды тиги жөнөкөй көмүрдөй кылып майдалап отурбайбыз, түз эле буу казандарга жүктөсө болот. Бирок талаптарга жооп бербейт деп албай атышат, мен көмүргө техникалык талаптарды бир жумшарталы дешсем болушпады", - деди Расул Үмбөталиев.

Image caption Расул Үмбөталиев

"Электрдик станциялар" ишканасынын талабы боюнча Д, ДГ жана Г үлгүсүндөгу кубаттуулугу 5500 ккал/кг кем эмес көмүрдү сатып алуу каралган.

Эксперт алты жылдан бери көмүр сатып алууда "Электрдик станциялар" ишканасы бир эле компанияга артыкчылып берип жатканы, бул жерде туруктуу коррупциялык схемалар орногонбу деген күдүк ойлорго түртөт деди.

Арзан, бирок сапатсыз

"Электрдик станциялар" ишкананын басма сөз кызматынын өкүлү Анара Жумагулова Үмбөталиев сүрөп жаткан "Евротранс групптун" көмүрүн сатып алуу менен ишкана кошумча чыгымдарга учурарын Би-Би-Сиге деп түшүндүрүп берди.

"Сынакка катышкан "Евротранс Групп" компаниясы көмүрдү 70 миллион сомго арзаныраак сунуштаганы чын. Бирок ал көмүрдүн сапаты жана кубаты жагынан "Рассвет компани" компаниясынын көмүрүнө жетпейт. Ал көмүрду сатып алуу менен "Электрдик сатынциялар" ишканасы болжол менен 520 миллион сомго чыгымга учурайт", - деди Жумагулова.

Анын айтымында кубаты жок көмүрдүн табы бат өчкөндүктөн ЖЭБ үчүн кошумча дагы 48 миң тонна сатып алуу керек болот жана анын баасы 162 милион сомго жетиши мүмкүн. Башкача айтканда ЖЭБ үчүн башта талап кылынган 400 миң тонна көмүр аздык кылып, сатып алуу көлөмү 448 миң тоннага көбөйөт.

Ошондой эле ал көмүрдү Бишкек Жылуулук электр борборунун буу казандарына даярдоо үчүн дагы кошумча 25 миллион куб газ зарыл, анын баасы 428 миллионго барышы мүмкүн.

Чуусу бүтпөгөн ЖЭБ

"Рассвет компани" жоопкерчилиги чектелген уюму 400 мин тонна көмүрдү 1 миллиард 420 миллион сомго, ал эми "Евротранс групп " 1 миллиард 206 миллион сомго баалап жатат.

"Тендерде утчу компания ортомчу эле компания. Болгону эки эле адам иштейт ал жерде. Бир директор, бугхалтер, уборщица жана кароолчусу бар. Ошолор эки-үч милиард сомго бизге көмүр алып келип атат", - дейт Үмбөталиев.

"Рассвет компани" Кыргызстанда катталган, сырттан көмүр ипорттогон жоопкерчилиги чектелген коомдук уюм. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча ал Болотбек Абиров аттуу жаранга катталган. Болотбек Абиров Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун атасы болот. Компания таш көмүр жана күрөң көмүр (бурый) менен алектенет.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption ЖЭБде орун алган кышындагы авариядан кийин бир катар жетекчилер камакка алынды

Чуусу бүтпөгөн ЖЭБде мындан бир нече жыл мурун да чоң чуу чыккан эле. Анда Казакстандан радиацияланган көмүр тымызын ташылып келип, ал кийин гана ачыкка чыккан. Бул иште Аскарбек Шадиев баштаган бир нече кишинин ысымы аталып, бирок аягы бүдөмүк бойдон.

Кышындагы авариядан кийин эки өкмөт башчы, бир министр дагы бир нече жетекчини абакка сүйрөгөн ЖЭБ чуусу ар башка өңүтүнөн дагы далайга уланчудай.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар