Талас элитасы: саясий дымагы жана кубаты

Жээнбеков соңку жолу Таласка былтыр сентябрда президенттикке талапкер катары барган Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Жээнбеков соңку жолу Таласка былтыр сентябрда президенттикке талапкер катары барган

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоодо башкы атаандашы болгон Өмүрбек Бабанов чыккан облуска-Таласка барды. Шайлоодо Жээнбеков так ушул Таласта жана Чүй облусунда утулуп калганы белгилүү.

Президенттин Таласка иш сапары бир күнгө гана созулмакчы.

Атаандашынын кичи мекенине сапар

БШК президенттик шайлоодо Таластагы шайлоочулардын 84,8% пайызы Бабанов, 12,5% Жээнбековго добуш бергенин эсептеп чыккан.

Таласта "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго шайлоодон кийин Башпрокуратура тарабынан олуттуу айып тагылып, кылмыш иши козголгонуна нааразы эл бир аз толкуп барып, тынчтанганы эсте.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Өмүрбек Бабановдун шайлоо өнөктүгү мааалындагы сүрөтү

Андан кийин көп өтпөй эле кадрдык саясатта жүрүш жасалып, башкаруучу элитага Таластын эки-үч адамы бакандай кызмат орундарына келген.

Былтыр 25-октябрда Дастан Жумабеков парламент спикери болуп шайланды.

2017-жылдын 8-ноябрында президент Даир Кенекеевди вице-премьер-министр кылып дайындап, бирок ал мүчө болгон өкмөттүн тагдыры узакка созулган жок.

Шайлоодон кийинки бул окуялардын мисалында кыргыз саясатында регионалдык-географиялык балансты кармоо маанилүү фактор экенин байкаса болот.

"Биздин саясатта регионализмдин ролу абдан чоң. Ак үйдүн же парламенттик саясатта бул ачык айтылбаган менен реалдуу саясатта регионализм чоң ролду ойнойт. Себеби, президент түндүктөн боло турган болсо премьер-министр түштүктөн же болбосо тескерисинче болот. Ошондой эле маанилүү министрликтерди бөлүүдө же жалпы эле өкмөттүн курамын куроодо ал фактор сөзсуз өзүнун ролун ойнойт", - деди экс-депутат Равшан Жээнбеков.

Талас эмнеси менен маанилүү?

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков сапарын "Манас-Ордо" улуттук комплексинен баштады. Андан соң Таш-Арык айылында бала бакча куруу иштери жана Тараз-Талас-Суусамыр автожолун жаңылоо долбоору менен таанышты.

Ошондой эле 15 жылдан ашуун төө буурчак экспорттоп, азыр Сербия, Польша, Түркиядан алма көчөттөрүн алып келип ишкерлик кылган Миргазы Оморовдун чарбасын көрдү.

Президент ушу тапта облус тургундары жолугушуп жатат.

Сооронбай Жээнбеков бул сапарында эл менен жолугушууда "Талас элинин шайлоодогу ызасын басып, таарынычын жазуу аракетин кылат" деп күтүлүп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Равшан Жээнбеков, парламенттин экс-депутаты

Талас саясий жактан алганда канчалык маанилүү облус?

"Бийликке каршылык көрсөтүүдө Таластын ролу чоң. 2005 жана 2010-жылдардагы окуялар Таластан жана талас факторунан аябай көз каранды болгон. Соңку президенттик шайлоодо жаңы президентке Талас аябагандай аз добуш бергенден кийин кайрадан айланып келип саясий карама-каршылыкта, саясатта абал курчуган кезде Таластын ролу алдыга чыга тургандыгы билинип калды", -деди Равшан Жээнбеков.

Соңку жолу Жээнбеков Таласка былтыр сентябрда президенттикке талапкер катары эл менен жолугушуу үчүн барган. Талас үчүн маанилүү төө бурчак рыногунда баа саясатына байланышкан маселелерди премьер кезинде чечип келгенин айтып, бул жаатта дагы кош убадаларын берип кайткан.

Таластыктарды уяткаргысы келген Атамбаев

Жээнбековго чейинки президент Алмазбек Атамбаевдин Талас менен мамилеси дурус эмес болду деп мүнөздөсө деле болчудай.

2007-жылы 26-майда иш-сапар менен Таласка барган ал кездеги премьер-министр Атамбаевдин кортежин Жерүй кенин иштетүүгө нараазы жергиликтүү тургундар таш баранга алган болчу. Расмий билдирүүлөрдө кортежди коштогон үч милиционер жараат алганы да айтылган. Ал окуяда сегиз адам камакка алынган эле.

Андан кийин деле Атамбаев-Талас мамилеси жакшыра албады.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Экс-президент Алмазбек Атамбаев

Былтыр өткөн президенттик шайлоодон кийин дагы Атамбаевдин Таласка келтирип айтканына териккендер көп болду.

"YouTubeдан видео көрүп алып жаман кайгырдым. Таластын губернатору Даир Кенекеев "Манасты" окуп берем десе, ышкырып-бакырып укпай койду. Аркасында кимдер турат билебиз, албетте. Абыке, Көбөштүн урпактары элдин башын айлантып Манас атабыздын сөзүн Таластан окутпай атат. Уят, таластыктар үчүн абдан уят", - деген эле былтыр 18-октябрда "Ала-Арча" резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып Алмазбек Атамбаев.

Мындан кийин экс-президентке Таластан чыккан акын Анатай Өмүрканов "А король жылаңач турбайбы…" ырын жазып, ал да бир топ талкуу жаратканы бар.

"Президент кайдан болсо да, аялы Таластан болсун"

Эгемен Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин тушунда таластыктарда ушул сөз ылакап болгону айтылып жүрөт.

Акаевдин жубайы Майрам Акаева кезинде мамлекеттик кадр саясатына таасир этип, Искендер Айдаралиев, Тойчубек Касымов, Дастан Сарыгулов, Кеңеш Карачалов өңдүү дубандын тың чыкмаларын бийлик сересине тарткан дешет.

Ошол эле убакта дубандагы майлуу-сүттүү орундарга тууган-туушкандарын тартканы үчүн жергиликтүүлөрдүн нааразылыгына да кабылган.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Талас, 6-апрель 2010-жыл

Таластыктар өздөрү Бакиевдик режимди кулатууда саясатчы Болот Шердин 6-апрелде Таласта элди көтөрүп берип, кийин ал коомдук маанай бүт өлкөгө тарап, жыйынтыгында Апрель ыңкылабы ишке ашканын да сыймыктануу менен белгилешет.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар