Жаңы токтом: кайсы унаа канчага арзандашы мүмкүн?

"2014-жылы 106 миңден ашуун, 2015-жылы 2000ге жакын ал эми 2016- 2017-жылы бул көрсөткүч кескин төмөндөп жылына 67-68 гана автоунаа ташылып келген",- дейт эксперт Айдарбек Самыкбаев.
Image caption "2014-жылы 106 миңден ашуун, 2015-жылы 2000ге жакын ал эми 2016- 2017-жылы бул көрсөткүч кескин төмөндөп жылына 67-68 гана автоунаа ташылып келген",- дейт эксперт Айдарбек Самыкбаев.

Кыргызстанга ЕАЭБден сырткары өлкөлөрдөн ташылган унаалардын бажы төлөмү 2020-жылга чейин арзандатылды. Башкача айтканда 2014-жылкы эски тарифтер менен бажы төлөмү алынат.

Өкмөт мындай чечим экология, автопарк сыяктуу маселелерден улам жасалганын билдирди. Далай каражатка үнөм болуп берет деп жаткан бул токтом кандай жеңилдик бериши мүмкүн?

Эскилиги эбак жеткен машинасын от алдыра албай убара тартып аткан айдоочу "Aудиси" өзүнөн болгону алты жылга кичүү экенин айтып калды. Тактап айтканда унаасы 1989-жылы чыгыптыр.

Ал соңку үч жылда сырттан кирген машиналардын кымбаттыгынан жаңы унаа алуу оюна да келбей калганын кошумчалады. Бирок азыркы машинесинин кыбырап жүрүп атканына да ыраазы.

Өкмөттүн Германия, Япония сыяктуу өлкөлөрдөн ташылган унааларга бажы салыгын арзандатуу боюнча токтому айдоочуларга да майдай жаккан көрүнөт. Ал тургай мындай кабарды казакстандык айрым интернет колдоочулары да алкап жатышат.

Image caption Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга болгон соңку сапарында эле Кытай тарап менен биргелешип электромобиль чыгарууга көңүл бурган эле

Адистер бул экология, технология сыяктуу маселелерге оң таасирин берет деген пикирде. Бажы салыгынан такыр бошотулган унаалардын түрүнө Кыргызстанга жаңыдан бирин-экин келе баштаган электромобилдер кирет. Электромобиль демекчи, президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга болгон соңку сапарында эле Кытай тарап менен биргелешип электромобиль чыгарууга көңүл бурган эле.

Мындан сырткары гибрид кыймылдаткычтуу уналарга да салык кыйла төмөндөгөн. Өкмөт мындай ыкма менен элди автомобилдердин жаңы моделдерине кызыктырууну көздөйт.

Дүйнөдө автоунаа чыгаруу боюнча дөө-шаа саналган Германия, Япония сыяктуу өлкөлөрдөн соңку төрт жылда эле Кыргызстанга ташылган унаалар жокко эсе болуп калган.

"2014-жылы 106 миңден ашуун, 2015-жылы 2000ге жакын ал эми 2016- 2017-жылы бул көрсөткүч кескин төмөндөп жылына 67-68 гана автоунаа ташылып келген",- дейт Экономика министирлигинин эксперти Айдарбек Самыкбаев.

Image caption Экономика министирлигинин эксперти Айдарбек Самыкбаев

Статистика ырастап тургандай соңку эки жылда Кыргызстанга айтылган өлкөлөрдөн ташылган унаалардын саны жүз элүүгө араң чамалаган. Айрым талдоочулар дал ушул жагдай өкмөттү жаңы чечим кабыл алууга аргасыз кылды деп эсептешет. Себеби, ички базарда тандоо азайганы аз келгенсип автопарк кыйла эскире баштаган. Бирок эмнеге 2014-жылы кайдагы токтомду чыгарып, өкмөт элди эзип келген деген суроо да кошо чыкты.

"Убагында мурунку чечим кабыл алынып атканда мен колумдан келишинче катуу каршылык көрсөткөм. Анткени, Россиянын машинелерин бизге ташып, алдынкы өлкөлөрдөн келчү машинелерге бөгөт коюш үчүн ушундай кадамга барышкан. Тыюу салган жокпуз деп туруп олчойгон салыкты коюп, эл сатып ала албагандай бааны асмандатып салса ким алат? Бул абдан туура эмес саясат. Россия өзү жарытылуу машине чыгара албайт. Ал колунан да келбейт. "Жигули" деп Италиянын качанкы замандагы эски машинесинин сыртын кооздомуш болуп чыгарып келе жатат. Эми кеч болсо да өкмөт мындай чечим кабыл алганы эң туура болду. Кыязы турмуш өзү мажбурлап кабыл алдырды окшойт",- дейт Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманов.

Image caption Кыргызстанда алгачкылардан болуп автоунаа соодасын баштаган ишкерлердин бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманов

Бирок бул токтомдун да "өмүрү" кыска экен деген сындар айтыла баштады. Тактап айтканда бул эреже 2020-жылдын башына чейин гана жарамдуу.

Би-Би-Си сөз болуп жаткан жаткан төлөмдөр канчалык арзандаганын да эсептеп көрдү. Мында негизинен кыргызстандыктар арасында суроо-талабы жогору делген айрым унаалар тандалды.

Image caption Өкмөттүн Германия, Япония сыяктуу өлкөлөрдөн ташылган унааларга бажы салыгын арзандатуу боюнча токтому айдоочуларга да майдай жаккан көрүнөт. Ал тургай мындай кабарды казакстандык айрым интернет колдоочулары да алкап жатышат.

Белгилей кетчү нерсе бул мыйзам оң рулду унааларга тиешеси жок. Демек мыкты делген фирманын деле оң рулдуу унаасын алам десеңиз бажы салыгынын мурунку чени өзгөрбөйт.

Экономика министирлигинин эсеби боюнча, бул токтом күчүнө кирсе, Кыргызстандагы азыркы унаалар он пайызга чейин арзандайт. Эски машине демекчи, Бишкектеги абанын ченемсиз булганышына техникалык абалы начар же эскилиги эбак жеткен унаалар тикелей таасир берип келе жактанын өкмөт өзү да бир нече жолу көтөрүп чыккан жайы бар.