УКМК: Албек Ибраимов кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Бишкектин мэри Албек Ибраимов кылмышка шектүү катары бүгүн кармалганын кабарлады.

Сүрөттүн автордук укугу facebook

"Эки-үч жолу тергөөгө чакырылган. Чакырыкка келбей койгон. Коркутуп-үркүтүүлөр болду. Ошол себептен бүгүн кармалып отурат",-деди Би-Би-Сиге УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов.

13-июлда Бишкек шаардык кеңеши мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, премьер-министрге жөнөткөн. Сессияга катышкан 40 депутат бул сунушту колдоп добуш берген эле. Мэрге коюлган негизги күнөө шаарда иш кайнап турганда анын кычап мыйзамсыз эмгек өргүүсүнө чыкканы жөнүндө болгон.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Aйрым жергиликтүү маалымат каражаттары Бишкектин мэри Албек Ибраимов өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат таратышкан. Бирок, расмий кабарларда мэр эмгек өргүүсүнө чыкканы айтылган эле.

Экс-президент Атамбаев мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин "жийиркеничтүү каралоо жана саясий куугунтук" деп атаган.

Анын алдында эле Албек Ибраимов өзү билдирүү жарыялап, эмгек өргүүсүнө чыкканын айтып, шаардык кеңештин чечимин саясий куугунтук катары айтып чыккан.

Мэр 10-июлдан 8-августка чейин эмгек өргүүсүнө чыкканы белгилүү болгон.

Сүрөттүн автордук укугу dastan

Өткөн айда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Дастан» корпорациясында ири өлчөмдөгү акчалай зыян болгону жөнүндө кылмыш ишин козгогон эле. Бишкек мэри Албек Ибраимов учурунда "Дастанды" башкарып турган. Ошондуктан ал сурак берип чыкканы белгилүү болгон.

"Дастан" корпорациясындагы иш Кылмыш Кодексинин ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири көлөмдө жана кызмат абалынан пайдалануу менен ээлеп алуу жөнүндөгү 171-беренеси боюнча козголду. Тергөөнүн материалдары боюнча, 2012-жылы Албек Ибраимов "Дастан" корпорациясын башкарып турганда "Дастан Инжиниринг" ишканасы менен 533 760 АКШ долларына 80 сандагы атайын буюм сатып алуу жөнүндө келишим түзгөн.

"Дастан Инжиниринг" ишканасы өз кезегинде атайын буюмдарды Украинадан 14400 долларга эле сатып алып, аны алып келгенге 49000 доллар жумшаган. Натыйжада мамлекет ортодо айырма болгон 470 360 долларга зыян тарткан. Эми бул акчанын кимдин чөнтөгүнө кеткенин тергөө иликтеп жатат.

Тектеш темалар