Чек арадагы контрабанда жана куш тумоо коркунучу

Сырттан ташылып келген тоок эти жана жумурткалары жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүкүнөн арзан Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Сырттан ташылып келген тоок эти жана жумурткалары жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүкүнөн арзан

Кыргызстандык тоок багуучулар Россиядан контрабанда менен кирип жаткан эттен куш тумоосунун жайылып кетүү коркунучу тууралуу эскертишти.

Атамекендик өндүрүүчүлөр азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо, ириде, ЕАЭБ жана Өзбекстандан кирип жаткан мыйзамсыз тамак аш ташууга бөгөт коюуга чакырды.

"Сактансаң, сактайм"

Тоок багуучулар ассоциациясынын президенти Рустам Осмоналиев Бишкекте бүгүн өткөн маалымат жыйынында Кыргызстанды куш тумоосу капташы мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди.

"Кыргызстанды куш тумоосу каптайт деген да коркунуч болуп атат. Эл аралык эпизоотиялык бюро Россияда жогорку патогендүү куш тумоосун каттады. Азык түлүк коопсуздугу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында Кыргызстанда Россиянын 10 субъектисинен тоок этин, жумурткасын, жүнүн ташып келүүгө тыюу салды", - деди Рустам Осмоналиев.

Кыргызстан Россиянын Самара, Белгород, Смоленск, Саратов, Орлов, Астрахань облустарынан жумуртка жана тоок этин алып келүүгө утурумдук тыюу салганын Ветеринардык жана фитосантардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан Би-Би-Сиге такташты.

Казынаны кыйгап өткөн кирешелер

Тоок багуучулар ассоциациясынын президенти чек арада көзөмөлдүн жоктугу азык-түлүк коопсуздугуна гана шек келтирбестен, мамлекеттик бюджетти дагы чыгымга учуратып жатканын кошумчалады.

"Контрабанда айынан казына көп акчадан кур калып атат. Тоок жумурткасынан эле 60 миллиондой сом бюджетке түшпөй калып жатат. Тоок этин мыйзамсыз ташып келүүдө НДСтен эле жылына 500 миллион сом жоготуп атат", -деди Рустам Осмоналиев.

Кыргызстандын тоок, өрдөк багуучулары ЕАЭБ жана Өзбекстандан контрабанда жол менен арзан жана көп көлөмдөгү жумуртка жергиликтүү рынокту каптап, алар банкротко кептелип жатканын айтышууда.

Бул себептүү атамекендик өндүрүучүлөр өкмөт бул ишке кийлигишип чара көрбөсө, бизнестеринен баш тартуудан башка арга көрбөй турушат.

Бажы кызматы: чек ара бекем

Тоок багуучулар ассоциациясынын президенти Рустам Осмоналиев расмий маалыматтар боюнча 2017-жылы май-октябрь айларында өлкөгө бир гана жүк ташуучу машина менен жумуртка ташылып келди делген менен, чынында контрабанда гүлдөп жатат дейт.

Айтымында чек арада документи жок товарларды казак тараптан 20 миң тенге, ал эми кыргыз тараптан 5 миң сом төлөп коюп эле алып өтүү мүмкүн болуп жатат.

Image caption Кыргыз-казак чек арасы, "Ак-Жол" өткөрмө бекети

Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү Алмазбек Мамытбеков Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгону 2015-жылы августан тарта Казакстан менен чек арада бажы көзөмөлү алынып салынганын айтты.

Учурда бажы көзөмөлү Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай тараптан ташылып жактан продукцияларга гана иштеп жатат.

"Былтыр Өзбекстан аймагынан өлкөгө 200 тонна көлөмүндө 12 ташып келүү болду. Азыр чек аралар такталып калгандыктан ал жактан көп өлчөмдө контрабанда жолу менен товар, продукты ташуу мүмкүн болбой калды. Өзбекстан тараптан контрабанда жолу менен жумуртка ташылып кармалган же катталган факты жок", -деди Бажы кызматынын Тартипти сактоо башкармалыгынын жетекчиси.

Ал эми тоок этин мыйзамсыз ташуу боюнча былтыр төрт факты катталып, контрабандалык жүктүн көлөму 38 тоннадан ашык экени аныкталган. Быйыл жыл башынан бери мыйзамсыз тоок этин ташуу боюнча эки гана учур катталганы маалым болду.

Өкмөттөн колдоо күткөндөр

Жеригиликтүү ишкерлер Казакстан жана Россиядан ташылып келип жаткан арзан жумуртка менен тоок эти атамекендик бир нече компанияларды банкротко учуратты деп, ички рынокто бизнестин бул түрүн коргоо үчүн алар өкмөттөн колдоо сурап жатышат.

Ириде, алар, тоок-өрдөк багуу үчүн сырттан тоют жана витамин ташууда кошумча нарк салыгынан бошотууну өтүнүшүүдө.

"Кыргызстан КМШ аймагындагы бардык өлкөлөр ичинен тоок, өрдөк багууда эң артта, жалгыз гана Тажикстандан алдыда турат. Бирок ошол Тажикистанда деле быйылтан тарта күчүнө кирген жаңы Салык кодексине ылайык бизнестин бул түрү менен шугулданганар жеңилдиктер берилип жатат", - деди Тоок багуучулар ассоциациясынын президенти Рустам Осмоналиев.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ичинде ички чек арада бажы эрежелери жеңилдетилген

Буга чейин Экономика министрлиги ушундай мазмунда сунуш менен чыгып, бирок бюджеттин тартыштыгынан ал сунуш өткөн эмес. Иш чарага 1,4 миллиард сом каралат делген.

Бизнес өкүлдөрүнүн айткандарына таянсак, Кыргызстанга куш эти ЕАЭБден эмес, башка өлкөлөрдөн көбүрөөк ташылат жана анын сапаты чоң шек жаратууда.

Тектеш темалар