"Мигрант эми гастарбайтер эмес, ал - реалдуу инвестор"

Кыргызстандан сырт жүргөн мигранттар саны 800 миңден ашат Сүрөттүн автордук укугу Center.kg
Image caption Кыргызстандан сырт жүргөн мигранттар саны 800 миңден ашат

Россиядагы кыргыз эмгек мигранттары президент жана өкмөт башчыга кайрылуу жолдоп, аларды реалдуу инвестор катары таанып, инвестициялык долбоорлорго тартуу боюнча программа иштеп чыгууну суранышты.

"Ишкерлердин эл аралык ассоциациясы" уюмунун вице-президенти Акбар Маразыков Россияда ирденген кыргыз мигранттары ал жакта тапкан акчасын Кыргызстанга инвестицияга салгылары келип, бирок ал үчүн өкмөт тараптан колдоого муктаж экендиктерин айтты.

Президентке кайрылуу

"15 жыл мурун Россияга мигрант болуп барып көчө шыпырып, жүк ташыган балдардын деңгээли өстү. Эми алар ишкер болуп, бизнеске башын салып, акча эсептегенди үйрөнүштү. Ал жактагы кыргыздар соңку 10-15 жылда жаңы тепкичке көтөрүлдү. Кыргыз ишкерлери тажрыйба алдык, эми Кыргызстанга кантип келерибизди билбей атабыз. Кыргызстанга инвестиция кылыш керек болуп жатат. Өкмөт тарабынан жардам болсо Мекенибизден иш убаштагыбыз келет ", - деди Акбар Маразыков Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.

Кайрылуу аркылуу мигранттар инвестор катары аларга бир катар жеңилдиктерди сурашты. Тактап айтканда, аларды салыктан беш жыл, ал эми фискалдык текшерүүлөрдөн кеминде үч жылга бошотсо дешет.

Ошондой эле алар өкмөткө чет жердеги кыргызстандыктардын медициналык камсыздандыруу, пенсиялык төлөм маселелерин чечүү милдетин коюшту.

Image caption Россияда мигранттарды каттоо эрежелери катаалданды

Россияда чет элдик жарандарды каттоо эрежелеринин катаалданышына кыргыз өкмөтүнөн тезинен жооп кылууну да талап кылышты.

"Акча өөнөгүсү келген чиновниктер көп"

Ильгиз Сарылдык уулу учурда Кыргызстандагы ийгиликтүү ишкерлердин бири. Өз учурунда ал Россияга барып үч жыл тынымсыз мигрант болуп иштеп бир аз акча топтоп, Мекенине келип ишкана ачкан.

Учурда Кара-Балта шаарында форель өндүрүү чарбасын жетектейт. Бирок ал өзүн жөн эле ишкер эмес, инвестор катары сезет.

"Биз өзүбүзду инвестор атайбыз, бизнеске 60-70 миң сом акча эмес, миллиондогон, миллиарддаган акчаларды салып атабыз. Жеке кызыкчылыкты карасам, мен 700 миң долларга башка эле бизнес ачып коймокмун. Балык менен өлкө экономикасын көтөрсө болот экен деп ушул ишти ачкам", -деди ишкер.

Бирок ал бизнесин баштоодо көптөгөн бюрократиялык бут тосууларга, учугу бүтпөгөн текшерүүлөргө кабылганын айтып нааразыланды.

"Бизде текшерүүлөр деген көп да. Өткөндө премьер-министрге дагы айткам. Жаңыдан ишти баштап атсаң, бир күнү салыктан келишет, бир күнү экотехинспекциядан келет, бир күнү өрт өчүрүү кызматынан келишет. Биз эми соода борборун ачып жаткан жерибиз жок да. Өндүрүш ачып атабыз. Колдоо көрсөтүүнүн ордуна , чиновниктерибиз ар кандай шылтоолор менен келип акча өөнөгүлөрү келет", -деди Ильгиз Сарылдык уулу.

ИДПнын үчтөн бирин мигранттар жабат

Миграция кызматынын маалыматы боюнча Кыргызстандан сыртка иш издеп кеткен жарандар саны 800 миңден ашат.

Бирок, чынында, Россияда жүргөн эле мигранттардын саны эчак миллиондон ашып, керек болсо 1,5 миллионго жетип калгандыгы айтылып жатат.

Бул - ар бир төрт кыргызстандыктын үчүнчүсү үй-бүлөсүн багуу үчүн сыртка жумуш издеп кетти дегенди билдирет.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Россиядагы мигранттардын көбү кара жумушка тартылат

"2017-жылы өлкөнүн ИДПсы 7 миллиард 237 миллион доллар болсо, ошонун 2 миллиард 482 миллиону доллар кирешеси бул эмгек мигранттарынан келген. ИДПнын 34,3% түзөт экен. Ал акчанын 90% Россиядагы эмгек мигрантарынан келип жатат. Бул Улуттук банкктын расмий билдирүүсү. Мигранттар Кыргызстандын жаңы экономикасынын реалдуу инвесторлору болуп атат, муну расмий түрдө таанышыбыз керек", -деди "Замандаш" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов мигранттар тууралуу бүгүнкү тегерек стол үстүндөгү талкууда.

"Биздин айрым мамлекеттик кызматкерлер сырттан инвестиция тартуу боюнча байма-бай айтып келишет. Инвестор десе эле чет элдик меценат-инвесторлорду элестетишет. Бирок күн сайын сырттан инвестиция алып келип жаткан инвесторлор булар -биздин эмгек мигранттары. Аларга кооз сүйлөп жерибизди жаранамалагандын деле кереги жок. Себеби мекендештерденбиз. Болгону аларга тийиштүү инвестициялык шарт түзүп берүүбүз керек", -деп кошумчалады Жеңиш Молдокматов.

Мекендештерди колдоо жаңы программасы

Мамлекеттик Миграция кызматынын өкүлү Улан Шамшиев чет өлкөдө иштеп жаткан мигранттардын которгон акчаларын туура жана үнөмдөө пайдаланууга багытталган атайы механимз, жаңы программа иштелип жаткандыгын билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Мигранттардан былтыр түшкөн акча ИДПнын 34, 3% түздү

"Биздин кызмат жаңы "Мекендештерди колдоо" программасын иштеп чыкты. Азыр ал макулдашуулардан өтүп, өкмөттүк аппаратта кароодо турат. Ал жерде негизги төрт багытты камтыганбыз. Иштеп жаткан азыркы эле мыйзам базаларын өнүктүрүп мекендештерге ыңгайлуу ушарттарды түзүү, экономикалык кызматташууну жана туризмди өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызтан тууралуу маалыматты диаспоралар аркылуу алар жүргөн мамлекеттердер кеңири таратуу жана башкалар камтыган", - деди Улан Шамшиев.

Айтымында, күзүндө ал программа коомдук, андан соң парламент кароосуна коюлмакчы.

Тектеш темалар