Көчмөндөр оюндарына Джоли жана Ди Каприо чакырылды

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарыны.
Image caption Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарыны.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдык иштери дээрлик 80 пайызга аяктады. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктан билдиришти. Иш-чарага конок катары Анджелина Жоли, Жеки Чан жана Леонардо Ди Каприо сыяктуу дүйнөнүн белгилүү жылдыздары дагы чакырылды.

Быйыл Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чыдамсыздык менен күтүп, эмитен эле билет сатып алгандар дагы арбын.

Жибек Бекбосунова Көчмөндөр оюндары алгач уюштурулган жылы бийчи катары катышса, быйыл көрүүчү катары барганы турат. Ал бүгүн Бишкектеги почталардын бирине билет сатып алганы келди.

"Көчмөндөр оюндары жылдан-жылга жогорку деңгээлде уюштурулуп жатат. Быйыл апам менен көрүүчү катары барганы турабыз. Бардык үй-бүлө мүчөлөрү барганга мүмкүнчүлүк жок. Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем"- дейт Жибек.

Учурда жер-жерлердеги почта түйүндөрүндө Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билет сатып алуу иштери кызуу жүрүп жатат. Билеттер ачылышына 400 сомдон 4900 сомго чейин болсо, жабылышына 380 сомдон 3800 сомго чейин сатылууда.

"Билеттер жакшы сатылып жатат. Чет элдин жарандары дагы сатып алууда. Күнүнө болжол менен сексен-токсонго чейин билет сатылат"- дейт Бишкектеги почта түйүндөрүнүн биринин оператору Гүлназ Кенжебаева.

Үчүнчү бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчөлүтөрү

Быйыл Үчүнчү бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда ар бир министрликтин катышуусунда 12 топ иш алып барууда. Алардын бири спорттук оюндар боюнча жооптуу болсо, экинчиси маданий иш-чаралар боюнча жоопкерчиликти алган. Андан тышкары коопсуздук, чет жактан келген конокторду тосуу, эсеп-кысап маселеси, демөөрчүлөр менен иш алып баруу жана чек ара бекеттерин көзөмөлдөө сыяктуу топтор дагы бар.

"Маселен, экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көпчүлүгү спорттук оюндарга басым жасалган. Быйыл спортко, маданиятка жана илимий иштерге бирдей көңүл бурулуп жатат. Иш-чаранын алкагында илимий иштер, ошондой эле 61 мамлекеттин катышуусунда Алтай элдеринин чоң илимий конференциясы өтөт. Ал жерде Алтай элдеринин улуттук оюндары талкууланат. Спорттук программалар дагы көбөйдү. Буга чейин спорттун 24 түрү боюнча таймаш өтсө, быйыл спорттун 37 түрү боюнча сынактар уюштурулуп жатат. Маселен, чет мамлекеттердин суранычы боюнча Сумо, Самбо жана улуу көчмөн күрөшү деген күрөштүн түрү киргизилип жатат ",- дейт Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов.

Image caption Быйыл Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынында cпорттук программалар дагы көбөйдү.

Көчмөндөр оюндарынын шарданды менен эки жылдан бери өтпөй келе жаткан Түрк тилдүү мамлекеттердин саммити дагы өткөнү турат. Иш-чарага келген Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын жана башка мамлекеттердин башчылары Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине дагы күбө болушат.

"Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярдуу элчиси Стивен Сигал келет. Андан тышкары Анджелина Жоли, Жеки Чан жана Леонардо Ди Каприо сыяктуу дүйнөнүн белгилүү жылдыздарына дагы чакыруу жиберилген. Азырынча жооп келе элек. Андан тышкары өкмөт башчынын атынан дагы Араб өлкөлөрүндөгү шейхтерге, Европанын атактуу чиновниктерине дагы чакыруу жиберилди",- дейт Нурсултан Аденов.

Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга мамлекет тарабынан 307 миллион сом каралган. Уюштуруучулардын айтымында, бөлүнгөн каражат иш-чараны уюштуруунун 50 пайызына гана жетет. Андыктан демөөрчүлөр тарабынан дагы кошумча 200 миллиондон ашык каражат каралууда.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым маалымдоо каражаттары Евразия өнүктүрүү банкынын ай сайын чыгаруучу микроэкономикалык иликтөөлөрүнө шилтеме берүү менен Көчмөндөр оюндарын өткөрүү мамлекеттин бюджеттине ири чыгым алып келе турагынын жазып чыгышкан. Көчмөндөр оюндары 2-сентябрда башталып, 8-сентябрда жыйынтыкталат.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2012-жылы Түрк Кеңешинин саммитинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан көтөрүлүп, 2014-жылы биринчи ирет өткөрүлгөн. Көчмөндөр оюндары Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин өлкөнү дүйнөгө тааныткан масштабдуу долбоор катары айтылып келет. Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарыэкинчи ирет 2016-жылы уюштурулган.