Улуттук стратегия-2040: Саясий багыт өзгөрбөйт

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук стратегиянын иштелип бүткөн долбоору менен 16-июлда таанышты. Сүрөттүн автордук укугу President.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Улуттук өнүгүү стратегиясынын иштелип бүткөн долбоорун Улуттук кеңештин кароосуна койду. Улуттук кеңеш бул стратегия долбоорун 25-июлда чогулуп талкууламакчы. Туруктуу өнүгүү стратегиясынын долбоорундагы эң башкы маселе - мамлекеттик башкаруу модели жөнүндө болуп жатат.

Президентке Стратегиянын долбоорун тааныштырган Улуттук кеңештин катчысы Нурсулу Ахметова документ эксперттик жана илимий коомчулуктун пикири менен кошумчаланып иштелип чыкканын билдирди. Мурда жарыяланган долбоорго эксперттер кандай конкреттүү же орчундуу кошумчаларды сунуштады деген суроо менен Би-Би-Си Нурсулу Ахметованын өзүнө кайрылды.

"Биздин Улуттук кеңештин мүчөлөрү партиялык курулуш боюнча сунуштарын беришти, Кыргызстанда парламентаризмди бекемдөө үчүн кандай чаралар керектиги жөнүндө. Жарандык коом мамлекет менен жарандык коом ортосундагы карым-катышты жакшыртуу жөнүндө сунуштарды беришти. Бейөкмөт уюмдар өлкөнү өнүктүрүү маселесине кандай катышат алышат. Ар кандай спектрдеги көп маселелер болду. Билим берүү, саламаттык сактоо тармагы кандай өнүгөт, мамлекеттик башкаруу жаатында эмне кылуу зарыл, мына ушул сыяктуу конструктивдүү, мазмундуу сунуштар көп болду. Биз алардын үстүнөн иштеп, 2040-стратегиясынын долбоорунун текстин жакшырттык",-деди Нурсулу Ахметова.

Аталган долбоор өткөн жылы октябрда Атамбаев президент болуп турган учурда эле негизинен кабыл алынган. Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин ушул жылдын март айынын аягында Улуттук кеңештин жыйынына коюлуп, бирок Ѳкмөттүн өтүнүчү болуп жатат деген негизде апрелге которулган. Бирок апрелде дагы каралбай, ушул убакка келип отурат.

Стратегияны кабыл алуунун создугуп жатышы ар кандай жоромол-божомолдорго себеп болуп келди. Эң биринчи кезекте жаңы президент мамлекеттик башкаруунун формасы жөнүндөгү стратегиялык маселеде олку-солку ойдо болуп жатабы деген суроолор болуп жатты.

Буга Атамбаевдин билдирүүсү да кошул-ташыл болду. Атамбаев 31-марттагы басма сөз жыйынында Туруктуу өнүгүү стратегиясында мурда каралган парламенттик башкаруу жолунан жаңы бийлик четтеп жатат деп Жээнбековдун аппаратын сынга алган болчу.

Туруктуу өнүгүү стратегиясынын долбоорундагы эң башкы маселе - мамлекеттик башкаруу модели жөнүндө болуп жатат. Бара-бара Кыргызстан президентти парламент аркылуу шайлаганга өтүп, толук кандуу парламенттик башкарууга барышы керектигин Атамбаев өткөн жылы Улуттук стратегия долбоору Улуттук кеңештин жыйынында биринчи окууда кабыл алынгандан кийин болгон акыркы басма сөз жыйынында баса белгилеген эле.

Ар кандай күмөндүү ой-пикирлер болуп жатканына карабастан, Кыргызстанда парламенттик өнүгүү багыты Улуттук стратегиянын долбоорунда өзгөртүлбөй сакталды,-деди Нурсулуу Ахметова.

"Стратегияда биз бул линияны өзгөртпөй уланттык. 2010-жылдын апрелинен кийинки саясаттын жолу, парламентаризмди өнүктүрүү бекем жана туруктуу жол катары сакталат жана улантылат",-деди Нурсулу Ахметова.

Президент Жээнбеков дагы өз кезегинде парламенттик демократия жолунан чыкпай турганын айтып келди. 27-июнда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүндө дагы президент бул оюн кайталап баса белгилеп айтты.

«Мен Кыргызстанда парламенттик демократия орношун көздөйм. Кыргызстанда авторитаризмди орнотуунун потенциалдык мүмкүнчүлүгүн жоюш керек деп эсептейм. Менин тереӊ ишенимимде кыргыз коомунун кыртышына жана табиятына парламенттик демократия туура келет. Бул мамлекеттин туруктуу өнүгүп, коомдо стабилдүүлүктүн бекем орношуна негиз болот. Акырындап ушул чоӊ саясий реформаны ишке ашыруу - келечектеги максатыбыз»,-деди Сооронбай Жээнбеков.

Бирок соңку саясий кайра түзүүлөрдү жана алардын себептерин эске алганда, конституцияда каралган мамлекеттик башкаруу моделинин өзүндө башка коркунучтар катылганы жөнүндө кабатыр пикирлер болуп жатканын айта кетели. Атап айтканда Конституцияда каралган күчтүү президент менен күчтүү премьер-министр саясий кризиске алып келе турганы көрүнүп калды,-деген коомдук ишмер Жумагул Сааданбеков Би-Би-Сиге.

Эксперттердин Конституциядагы кош бийлик коркунучу жөнүндө ой-пикирлери, сунуштары Улуттук стратегияга кошумчалар каралганда канчалык эске алынды, бул темага Улуттук кеңештин жыйынында дагы токтолушат болушу керек.

Экинчиден, парламентаризмди чыңдоо жолу менен кетиш үчүн президент бийлиги дагы кыскарууга тийиш. Бирок Сооронбай Жээнбеков президенттик бийликтеги андай жоготууларга барууга азыр даярбы, мындай саясий реформалардын убакыт мөөнөтү качан болот деген дагы суроо турат.

Тектеш темалар