"Центерра" менен келишимде Сапар Исаков аша чапкан беле?

Мурунку өкмөт башчы өзү учурда ЖЭБ чуусу боюнча тергөө абагында Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Мурунку өкмөт башчы өзү учурда ЖЭБ чуусу боюнча тергөө абагында

Бишкекте "Пикир" эксперттер клубу өткөргөн жыйында Сапар Исаковдун өкмөтү "Центерра" компаниясы менен Кумтөр кени жөнүндө бир жыл мурда түзгөн макулдашууну жокко чыгаруу демилгеси көтөрүлдү. Мурунку өкмөт башчыга кызмат абалынан аша чапкандыгы боюнча кылмыш ишин козгоо да сунушталды.

Эксперттердин тегерек стол үстүндөгү талкуусу өкмөт жана президенттин аппаратынын демилгеси менен болду.

"Сапар Исаков башындагы өкмөт макулдашкан келишим өтө коркунучтуу келишим. Аны юридикалык жактан жокко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү бар. Антпесек Кыргызстандын келечеги болбойт. Ал келишимде өкмөт кыргыз элинин атынан кол коюп жатат. Ал жерде өкмөттүн прерогативасына кирбеген чечимдер бар",- деди эксперттик талкууда баяндама жасаган коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Кыргызстанда Кумтөр эң спекулятивдүү тема

"Келишимде Жогорку Соттун Кумтөр боюнча бүт чечимдери жоюлсун делет. Бирок ага өкмөттүн кандай тиешеси бар? Ошондой эле Башкы прокуратуранын ал боюнча козгогон иштеринин баары жабылсын деген. Исаковдун андай ыйгарым укугу жок да ошентип кол койгонго. Демек, ал өкмөттүн ыйгарым укуктарынан чыгып кеткен келишим болсо, анын юридикалык жактан күчү болбойт", - деп кошумчалады Ишенбай Кадырбеков.

Кыргызстандын өкмөтү былтыр 11-сентябрда "Центерра" компаниясы менен экологиялык жаңы макулдашууга кол койгон эле. Ага ылайык "Центерра" Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 50 миллион АКШ долларын которуп, ошондой эле экологиялык төлөмдү 310 миң доллардан 3 миллион долларга көбөйткөн.

Кыргыз өкмөтү "Центерра" менен түзүлгөн макулдашуу узакка созулган сүйлөшүү жана кеңешүүлөрдүн жыйынтыгы болуп, «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда экологиялык абалды жакшыртууга шарт түзөт деп билдирген эле.

"Ар бир өкмөт башчы өзүнүн идеясы менен келет. Биздин команданыны көз карашы бул чоң орчундуу маселени кадам-кадам кылып чечүү. Биз кыргызстандыктар муктаж болуп жаткан экология маселелерин чечтик. "Центерра" келерки бир-эки жылда Кумтөр кенинде жакшы акыбалды уюштурат. 50 миллион доллар көлдөгү саркынды сууларды тазалоочу жайларга кетет", - деген эле экс-өкмөт башчы былтыр.

Бирок бүгүнкү талкууда ал келишим менен кыргыз тарап өз кезегинде "Центеррага" болгон экологиялык эле эмес, бардык доо арыздарды чакырып алганга мүмкүн кылып, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоодо кол-бут байлагандай абалда калтырганы белгиленди.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Кумтөрдөгү карьер

"Кумтөргө байланыштуу кыргыз сотторунун чечимдерин жокко чыгаруу тууралуу ал келишимде айтылып жатат. Сапар Исаковго ким ушундай укук берди? Баш мыйзамда премьер-министрдин ыйгарым укугу тууралуу жерде деле андай жок. Бирок ал ошентип кол коюп атат. Жогорку Кеңеш аны ратификациядан өткөргөн күндө деле анын күчү болмок эмес. Сот бийлиги бизде Баш мыйзам боюнча көз карандысыз да. Бирок эми биздин Жогорку сот ошол чечимдерин жокко чыгарып салган жокпу деп турабыз. Кудай андайды көрсөтпөсүн", -деди Кумтөр боюнча эксперттердин талкуусунда Ишенбай Кадырбеков.

Кумтөр долбоору соңку он жылдан бери саясатташкан түйүнгө айланып, чечилбей келатат. Мурдакы үч өкмөт тең "Центерра" менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштап, ал сүйлөшүүлөр туюкка кептелген эле.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 14-июнда парламентте Кумтөр боюнча соңку келишимде өкмөт макул болбогон маселелер бар экенин билдирген. Ал канадалык компаниянын жетекчиси менен жолукканын, анда 2017-жылы сентябрь айында кол коюлган келишимди жакшыртуу жөнүндө ойлор айтылганын кошумчалаган.

Белгилеп кетүүчу жагдай, мурунку өкмөт түзгөн соңку келишим азырынча күчүнө кире элек.

Ошондой эле өкмөт Кумтөр кени боюнча жаңы келишимди карап жатканын Жогорку Кеңеш төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттин IV сессиясынын ишинин жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып билдирген.

Тектеш темалар