Ош: жаңы мэрдин аткаруучу же чарбачыл экени эми сындан өтөт

45 мандаттуу шаардык кеңеш Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашевди 44 добуш менен шайлады. Сүрөттүн автордук укугу j.sulaimankulov
Image caption 45 мандаттуу шаардык кеңеш Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашевди 44 добуш менен шайлады.

Ош шаардык кеңеши Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашевди шайлады. Буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп иштеп келген Сарыбашев шаар мэрлигине атаандашы жок көрсөтүлгөн талапкер эле. Аны мэрлик кызматка шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция сунуштап, депутаттар бир добуштан колдоп берди. 45 депутаттын 44ү Сарыбашевдин талапкерлигин колдогон.

"Ош шаарынын эли ар бир келген шаар башчысынан өзгөрүүлөрдү күтөт. Кудай буюруса, өз тажрыйбамды колдонуп, эл үчүн, шаардын өзгөрүшү үчүн адилеттүү, таза иштеп берем. Ош шаарынын бюджети 986 млн сом экен. Шаардык кеңештин депутаттары дагы бул суроону көп беришти. Болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, өкмөттүк мекемелер менен иликтөө жүргүзүп, туура иш жүргүзсөк бюджетти көбөйтүүгө мүмкүн",-деди Сарыбашев.

Шаардык кеңеште алты фракция бар. Алардын үчөө: КСДП, "Бир Бол", "Мекеним Кыргызстан" көпчүлүк фракцияга кирген. Ал эми "Кыргызстан" менен "Өнүгүү", "Республика - Ата Журт" фракциялары оппозициялык азчылыкты түзөт.

Жаңы шайланган мэр өз программасында шаардын экономикасын өнүктүрүү, мэриянын ишин жакшыртуу, шаардын бюджетинин ачык болушун камсыздоо, баштапкы жана орто билим берүүчү окуу жайлардын имаратын куруу боюнча пландарын айткан. Ошондой эле шаар казынасын көбөйтүүнүн жолдорун сунуштады.

"Талапкердин платформасы биздин партиянын программасына төп келгендиктен, бир добуштан колдоп бердик. Негизгилери, шаардагы жетишпей жаткан бала бакчаларды куруу, коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртуу сыяктуу маселелерди айтты. Андан сырткары, Ош шаарынын көп бөлүгүн айылдар түзөт эмеспи. Айталы, Жапалак айылдык башкармалыгы чоң аймакты ээлейт. Ошондуктан бул киши Ош облусун жетектеп туруп, айылдардын көйгөйүн дагы жакындан билген, тажрыйбасы мол экенин эске алдык. Шаарга караштуу айылдарда бир төп көйгөй бар. Суу жеткирүү , жол салуу сыяктуу көйгөйлөрдү дагы чечип берүү убадасын айтты",- деди Ош шаардык кеңешиндеги "Мекеним Кыргызстан" фракциясынын депутаты Таалай Шабанов.

Шайлоо алдында активисттер "Мэрге аманат" деген акция өткөрүп, бир нече маселелерди айтып чыгышкан. Анын ичинде "Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги эс алуучу жайларды жеке менчикке бербөө, жергиликтүү салыктагы ачык-айрымдуулукту камсыздоо, тротуарларды куруу, билим алууга шарттарды түзүү, бала бакчалардын санын көбөйтүү" сыяктуу бир катар маселелер бар эле. Жаңы мэр бул маселелердин көбүн чечүүгө убада берген экен.

Сарыбашевдин бейнеси

Жаңы шайланган мэр Таалайбек Сарыбашев буга чейин Алай райондук кеңешинде төрага жана райондун акими болуп иштеген.

2015-жылдын декабрында ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариевдин буйругу менен Алайдын акимдигинен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп келген.

Сарыбашев 1971-жылы Алай районунда туулган, билими жогорку. 1995-жылы Ош технологиялык техникумун аяктаган. 2008-жылы ОшМУнун юридикалык факультетинин юриспруденция бөлүмүн бүтүргөн.

Бирок, соңку учурда анын бир диплому тууралуу маселе маалымат каражаттарында кызуу талкууга түшкөнү бар.

Сарыбашев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп турганда, табият кырсыктарынан жабыр тарткан айылдарга чукулунан жетип барып, эл менен жолугушууларды байма-бай өткөрүп, элге жакын жетекчи экенин көрсөтүүгө аракет кылды. Бирок, өкмөттүн өкүлүнүн ыйгарым укуктары чектелүү болгондуктан, оор көйгөйлөрдү өкмөткө жеткирүү менен чектелип келди дейт жергиликтүү активисттер. Андан мурун тоолуу Алайда аким болуп жүргөндө деле аны элге жакын жетекчи катары көрсөткөн пикирлер үстөмдүк кылчу. Бийлик башындагылардын айтканынан чыкпаган, мыкты аткаруучу деген да пикирлер бар. Эми шаар мэри болуп келгенден кийин, анын канчалык реформатор, чарбачыл же аткаруучу экени сындан өтмөкчү.

Атаандашсыз шайлоо көндүм болуп калдыбы?

Кыргызстандын экинчи ири калаасы Оштогу шайлоолор ар дайым өлкөдөгү саясий күчтөрдүн негизги көңүл борборунда туруп келген. Албетте, негизги маселе - электораттардын шайлоодогу активдүүлүгү жана санынын көп экени. Бирок, бул жолу мэрди шайлоо атаандашсыз өткөнү, оппозициялык күчтөрдүн өзүнүн идеясы, программасы менен теңтайлашып чыга албаган алсыздыгын көрсөтөт, дейт жарандык активист Төлөгөн Келдибаев.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service

"Өзүнүн позициясы, көз-карашы бар партия же фракция болсо, сөзсүз программасын сунуштап, өз талапкерин алып чыкмак. Тилекке каршы, соңку жылдары ар кандай жол менен бирөөнүн ишенимине кирип, акчасы менен бийликке жеткендер көбөйдү. Өкүнүчтүүсү бүгүнкү саясий элитанын жүзү ушундай болуп калды",- деди Төлөгөн Келдибаев.

"44 депутат бир добуштан шайлаганы суроо жаратат. Атаандаштык болгон жок. Балким буга чейин өз алдынча сүйлөшүүлөр болгон. "Силер мени шайлап берсеңер, талабыңарды аткарам" дегендей соодалашуу болушу мүмкүн. Ал жагын айтуу кыйын, бирок бул көрүнүш жакшы эмес. Эми аны алдыда көрө жатабыз. Бизге жакканы - жаңы мэрдин платформасы болду. Үстүртөн эмес, өлчөмдүү, так жазылыптыр", -дейт Интербилим" ресурстук борборунун жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева.

Июлдун башында Ош шаарынынын мэри Айтмамат Кадырбаев башка кызматка өткөнүнө байланыштуу деп ишин тапшырган эле. Кадырбаев учурунда Мелис Мырзакматовду шайлоодон утуп, мэр болуп келгени бар. Эки жыл мурун Ош шаардык кеңеши кайрадан Кадырбаевди мэрликке шайлаган. Анда да атаандаштык болгон эмес.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service

"Көпчүлүктү түзгөн коалиция бир чети конъюнктуралык болуп калды окшойт. Тилекке каршы бүгүнкү күндө дайындалуучу эмес, шайлануучу орундарга да альтернативасы жок талапкерлердин көрсөтүлүшү тенденцияга айланып баратат. Бул бир эсе оппозициянын да күнөөсү. Эмне үчүн оппозициялык турумдабыз деген фракциялар өздөрүнүн талапкерин сунуштабайт? Туура, көпчүлүк коалиция баары бир утуп кетет деген сценарий баарына түшүнүктүү. Бирок, учурдагы демократиялык коомдун пикири башкача, ар дайым альтернатива болушу керек. Оппозиция жок эле дегенде биз барбыз деген ишаратты көрсөтүш үчүн деле өзүнүн программасы менен талапкерин чыгарышы зарыл", -дейт саясат талдоочу Расул Авазбек уулу.

Мурунку мэр Айтмамат Кадырбаевдин мөөнөтү бүткөнгө чейин эле кызматын тапшырышы дагы бир катар түкшүмөл суроолорду жаратты. Айрым саясат талдоочулар, бийлик өзүнүн ишенимдүү, мурунтан таптап келе жаткан кадрын Ош мэрлигине алып келүүдө деп баалады.

Кадырбаев учурунда азыркы президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн Оштогу өкүлү болуп турганда, 2010-жылы май айында Оштогу облус бийлигинин имаратын басып алган топтун башында тургандардын бири болгону айтылган. Кийин бул боюнча Кадырбаевге кылмыш иши козголгону кабарланган. Бирок, эки жыл мурун Ош мэриясы "Кадырбаевдин кылмыш иши боюнча сот жообуна тартылгандыгы тууралуу айтылгандар чындыкка коошпойт" деп билдирүү таратып:

"Айтмамат Тентибаевич боюнча бул айтылган дооматтар чындыкка коошпойт. Туура, 2010-жылдын майындагы окуялардан кийин кылмыш иши козголгон, бирок анын аракетинде кылмыш иши болгон эмес деп, кийин кылмыш иши кыскартылган",-деп түшүндүргөнү бар.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service
Image caption Шаардын күнүмдүк турмушу Ак-Буура дарыясы сыяктуу эле шаркырап агып турган учур.

Мэрлик кызматтан кеткен Айтмамат Кадырбаев өкмөттүн буйругу менен Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке төраганын орун басары болуп дайындалган. (AbA)

Тектеш темалар