Сактансаң сактайм: Кызамыктын алдын алуу

Кызамык аба аркылуу жугат Сүрөттүн автордук укугу PSL
Image caption Кызамык аба аркылуу жугат

Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова учурда Кыргызстанда жайылып жаткан илдет көпчүлүк ММКлар жазып жаткандай кызылча (краснуха) эмес, кызамык (корь) экенин Би-Би-Сиге тактады.

Эмдөө адиси ошондой эле кызамыкка карата өлкөдөгү абал менен тааныштыра кетти.

Кызамыкка кабылгандардын көбү жаш балдар

"Кырдаал аябай начар деп айта албайбыз. Учурлар катталып атат. Жыл башынан бери кызамык менен өлкөдө 326 киши катталды. Анын 142си бир жашка чейинки, мурда кызамыкка каршы эмдөө ала элек балдар. Алар кызамык менен ооругандардын 43% түзүп атат. Эмделген балдарыбыз оорубай эле турушат", -деди Гүлбара Ишенапысова.

Ошентсе былтыр бул убакытка кызамык менен катталгандар саны болгону беш адамды түзгөн.

Image caption Кызамык кесепети оор жугуштуу оорулардын бири

Учурда катталып жаткан кызамыктын генотиби текшерилип, ал Россияда жайылган В6 үлгүсүндөгү кызамык экени аныкталды.

Кыргызстанга илдет январда Россияда эмгектенген кыргыз мигранттары менен кошо келип, жайылган.

Ата-энелерге кеңеш

Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова кызамыктын алдын алуу боюнча төмөндөгүдөй кеңештери менен бөлүштү:

  • Кызамык аба аркылуу жугат, андыктан оорулуулар менен жакын алакага барбоо
  • Дене табы ашыкча көтөрүлсө (39-40°C) бейтапканага барбай, үйгө дарыгер чакыруу
  • Дене табы ысыганда баланы же чоң кишини ороп-чулгабай салкын кармоо керек
  • Баланын ичи өтүп, кусуп жана денелерине бүртүкчөлөр чыга баштаса ал -кызамыктын белгиси
  • Кызамык сасык тумоо катары башталат, андыктан гриппке чалдыккандар 21 күн дарыгердин көзөмөлүндө болушу керек
  • Оорунун алдын алуу жана айыктыруу үчүн А витаминин берүү
  • Врач жазган антибиотиктерди гана алуу
  • Оорулу киши бар үй-бүлө мүчөлөрүн тезинен эмдетүү зарыл

Кызамыкка карата эмдөө өлкөдө 1 жана 6 жаштагы балдарга мамлекет тарабынан бекер жүргүзүлөт. Быйыл балдарды мектепке кабыл алууда алардын эмдөөдөн өткөн-өтпөгөнү тыкыр көзөмөлдөнмөкчү.

"Милдеттүү эмдөө керек"

Кызамыкка кабылган балдардын көбүнүн ата-энеси динге шылтап, эмдөөдөн баш тарткандар болуп чыкты, дешти эмдөө борборунан.

Сүрөттүн автордук укугу Ajar Alapaeva
Image caption Кыргызстанды кызамык 2015-жылы каптаган, ал цикл менен кайталанып турчу оору

"Диний көз караштан болсо деле эми көз караштарын башкача бурсабы дейбиз. Мына факт болуп жатпайбы. Эмделе элек балдарыбызды ооруттук. Эмдөөнү убагы менен алыш керек. Бизде "Инфекциялык оорулардын алдын алуу" 2018-2020 улутутук программабыз бар. Ага өзгөртүү кыргизип эмденүү милдеттүү кылалы деп атабыз. Өлкө коопсузду үчүн кааласа-каалабаса да алсын дегени жатабыз. Аны бир гана Саламаттыкты сактоо министрлиги чечпейт. Дагы талкууга алынат. ЖК кароосунда болот", - деди Гүлбара Ишенапысова.

Республикалык эмдөө борборунун маалыматы боюнча учурда өлкө боюнча кызамыкка каршы вакцина жетиштүү, жер-жерлерге таратылгандан кийин дагы кампада 145 миң вакцина бар.

Тектеш темалар