Миграция сабактарын киргизүү сунушталууда

Учурда 800 миңден ашык Кыргызстан жараны чет мамлекетте эмгектенет Сүрөттүн автордук укугу CENTER.KG
Image caption Учурда 800 миңден ашык Кыргызстан жараны чет мамлекетте эмгектенет

Кыргызстандагы мигранттар менен иш алып барган бир катар бейөкмөт уюмдар өлкөдөн чыгып кетип жаткан эмгек мигранттарынын негизги көйгөйү - мурункудай эле жумуш бере турган тарап менен эмгек келишимин түзбөгөнү болуп жатканын айтып чыкты. Мына ушул жагдайдан улам мигранттардын укугу тебеленип, акчасын ала албай алданып, ар кандай жагдайда сот жообуна тартылган учурлар бар.

"Бир Дүйнө-Кыргызстан" коомдук уюмунун жетекчиси Толекан Исмаилованын айтымында, көптөгөн мигранттар эмгек келишими жок иштегендиктен укуктары тебеленүүдө. Айталы, алар коңшулаш Казакстанда 30 күндөн ашык жүрө албайт. Чек арада таанымал болуп калгандыктан кирип чыккан сайын пара берүүгө аргасыз болушат деди Исмаилова.

Ошондой эле мигранттардын саны боюнча Казакстан менен Кыргызстандын статистикалык маалыматтары бири-биринен кескин айырмалант деди укук коргоочу.

"Казакстандын ички иштер министрлиги 2017-жылдын соңунда өлкөдө Кыргызстан жарандарынын саны 100-105 миң кишиге жеткенин айтты. Ал эми Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитети Казакстанда 35 миң гана Кыргызстан жараны бар деп жатат. Муну кандай түшүнсө болот. Бул биздеги статистикалык маалыматтардын так эместиги. Эгер мыкты статистика болсо миграция тармагындагы коррупциянын деңгээлин аныктаганга дагы мүмкүн болмок".

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мигранттардын эмгек келишимин түзбөгөнү, кулчулукка алып келген мисалдар арбын.

Бирок, расмийлер мындай доомат менен макул эмес. Улан Шамшиев мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү:

"Учурда 800 миңден ашык Кыргызстан жараны чет мамлекетте эмгектенет. Айрымдар тиешелүү документтерди толтурбай өз алдынча кетип калып жаткандыктан кээде статистикалык маалыматтарда айырма болуп калат. Бирок ага карабастан биз кыргызстандыктар көп жүргөн мамлекеттердин тиешелүү органдары менен биргеликте алардын санын тактаганга аракет кылабыз. Маселен, 2017- жылдын жыйынтыгына ылайык, учурда Орусияда 640 миңден ашуун жарандарыбыз бар. Ал эми Казакстанда жүргөн мигранттардын саны 110 миң деп көрсөтүлгөн. Бирок белгилей кетчү жагдай, ар бир жаран каттоого тургандан кийин өлкөгө кирип чыккан сайын миграциялык статистикага кире берет. Ошондуктан Казакстанда биздин жарандар көрсөтүлгөн сандан 3 эсеге аз. Биздин эксперттик маалыматтар боюнча учурда Казакстанда 30-35 миңге жакын Кыргызстан жарандары бар",- деди ал.

Мигранттардын эмгек келишимин түзбөгөнү, кулчулукка алып келген мисалдар арбын. Азырга чейин эле Казакстан же Орусиядан кулчулуктан куткарылган мигранттар тууралуу кабарлар кез-кезде чыга калып жүрөт.

"Мекендешибиз Казакстанда 5 жыл кул болуп жүрдү. Кыргызстанга келгенден кийин үч жыл жумуш таба алган жок. Өзүбүздүн эле жарандар аны жумушка албай койду. Биринчи кезекте аларга жергиликтүү бийлик кам көрүп, өздөрүнүн алар менен иш алып баруу программаларын түзүүсү керек",- дейт "Инсан Лейлек" бейөкмөт уюмунун лидери Гүлнара Дербишева.

Ошондой эле мигранттардын сабаттуулугун жоюу үчүн мектептерге класстан тышкаркы сааттарды киргизүү жана жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учурдун талабы экен айтты.

Мамлекеттик миграция кызматы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кошулгандан кийин Казакстандагы мигранттарга бир топ жеңилдиктер каралганын айтат. Жумушка кирүүдө уруксат алуу системасы жокко чыгарылып, Кыргызстандын жарандарына квота колдонулбайт.

Эскерте кетсек, 2017-жылы кыргыз-казак мамилеси солгундап, чек ара көйгөйлөрү жаралганда 242 Кыргызстан жаранына Казакстанга кирүүгө бөгөт коюлган. Ал эми 2018-жылдын июнуна карата алынган маалыматтарга ылайык, Орусияда кара тизмеге киргендердин сары 70 миң 983 кишини түзөт.

Тектеш темалар