Жамиля Исаева: Канат экөөбүз Токмокко баратабыз

Канатбек Исаев тарапташтары менен Сүрөттүн автордук укугу Tynchtyk Altymyshev
Image caption Канатбек Исаев тарапташтары менен

Өткөн жылы президенттик шайлоонун алдында бийликти басып алууга аракет кылды деп айыпталып, камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев үй камагына чыгарылды.

Бул чечимди Бишкек шаардык соту чыгарды. Исаевдин жактоочулары буга чейин анын баш коргоо чарасын кайра кароо тууралуу даттанып келишкен эле.

Жогорку Соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаеванын айтымында, Исаевдин баш коргоо чарасы гана өзгөртүлгөн. Тергөө иштери улана бермекчи.

Биз Канат Исаевдин жубайы Жамилия Исаева менен байланышып, жолдошунун ал-абалын сурадык.

"Убакыт деген аябай тез экен. Азыр эсептеп көрсөм, тогуз ай өтүптүр. Канатты соңку ирет мындан он күн мурдараак көргөн элем. Азыр үй-бүлөбүз менен апабызга учурашканы Токмокко бара жатабыз. Канат эми эс алып, туугандардын арасында эле болот. Калганын убакыт көргөзөт. Негизи саламаттыгы жакшы. Канаттын буга чейинки ишинен кабардар болсоңуздар керек. Бир иши кыскарып, эми анын баш коргоо чарасы өзгөргөндөн кийин адилеттик, акыйкаттык бар экен деп турабыз. Үмүт деген өчпөйт эмеспи",- дейт Канат Исаевдин жубайы Жамиля Исаева.

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев Токмок шаарын жетектеп турганда коррупциялык ишке аралашкан деген айып да тагылып келген. Бирок жакында эле шаардык сот Исаевге карата "Коррупция" беренеси боюнча райондук соттун 10 жылга кескен чечимин "мөөнөтү өттү" деп жокко чыгарган. Ал эми "Бийликти басып алуу" беренеси боюнча иши кайра тергөөгө берилген.

Тема боюнча башка макалалар