Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө жарандык коомго таянат

Бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү президент менен жолугушууга оңунан баа берип жатышат Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү президент менен жолугушууга оңунан баа берип жатышат

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-июлда жарандык коом өкүлдөрү менен Ала-Арча резиденциясында ММК өкүлдөрүнүн катышуусуз жыйын курду. Бул Жээнбековдун бейөкмөт уюмдарынын активисттери менен болгон биринчи жолугушуусу.

Өлкө башчысы Кыргызстандагы жарандык коомду күчтүү деп сыпаттап, аны менен сыймыктанса болорун белгиледи. Ошондой эле жарандык коомдун дымагын мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн сактап жана бекемдөө зарыл деди.

"Жарандык сектор менен кызматташууга, өнөктөш болууга даярбыз. Биз конструктивдүү сын жана идеяларга ачыкпыз", -деди президент өз сөзүндө.

"Коррупция каршы күрөштү аягына чыгарам"

Ошондой эле коррупция менен күрөштө Жээнбеков жарандык коомго таянарын айтты.

"Бийликтин бул жааттагы максаттарына жеңил баа берген көптөгөн адамдар бар экени жөнүндө кабарым бар. Бүгүн сиздер менен бирге айткым келет: Бул иш убактылуу эмес! Коррупцияга каршы күрөштү биз туруктуу жана системалуу түрдө жүргүзөбүз!

Биз бул күрөштү аягына чыгарабыз! Ошондуктан, урматтуу активисттер, сиздердин колдооңуздар керек. Мен жарандык коомду коррупцияга каршы күрөштө өнөктөш катары көргүм келет", - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Президент менен жолугушууга келген саясатчы, жарандык активисттер

Президент менен жолугушууга 40 саясатчы, жарандык активист жана коомдук уюмдар өкүлү чакырылды.

"Кылым шамы" коомдук уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова эки саатка пландалган иш-чара төрт саатка созулганын, жолугушууга катышкан ар бир адамга президентке суроо берүү мүмкүнчүлүгү болгонун белгиледи.

"Ар бирибиздин сунуштарыбызды кунт коюп угуп, суроолорубузду жазып алып атты. Ал жерде бир гана коррупциянын айланасында эмес, соттук реформа, өлкөдөгү балдардын абалы, диний радикалдашуу, экологиялык көйгөйлөр, кыйноо фактылары, армиядагы маселелер, иши кылып көп суроолор көтөрүлдү. Президент ал суроолоурдун ар бирине жооп берип жатты. Президент менен жарандык коом ортосунда биринчи жолу ушундай жакшы диалог болду",- деди укук коргоочу.

Жолугушууга катышкан активисттердин айтымында президент менен диалогдо мамлекет менен жарандык коом ортосундагы карым-катышты жакшыртуу жөнүндө сунуштар да берилди. Ошондой эле бейөкмөт уюмдар өлкөнү өнүктүрүү маселесине кандай катышат талкууланды.

Эске салсак, Жээнбеков жарандык коом менен жолугушуу уюштуруп жаткан биринчи президент эмес.

Жарандык коом менен Атамбаевдин салкын мамилеси

Мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев өз инагурациясынан кийин жарандык коом өкүлдөрү менен жолугуп, алардын колдоосуна муктаж экендигин айткан.

"Мен прессанын жана жарандык коомдун колдоосуна үмүттөнөм. Ар бирибиз болуп жаткан окуяларга болгон өзүбүздүн жоопкерчилигибизди так түшүнгөн абалга жетмейинче оң натыйжаларга жетиш кыйын болот", - деген эле Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 30-декабрында.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Жолугушууга Рита Карасартова, Эдил Байсалов баштаган жарандык коомдун лидерлери да чакыртылды

Бирок экс-президент соңку башкаруу жылдарында жарандык коомдун айрым активдүү өкүлдөрү менен жакшы тил табыша албай калган. Атамбаевдин тушунда жарандык коомго каршы багытталды делген "Чет элдик тыңчы жөнүндөгү" мыйзамы демилгеленип, ал саясатка жакын бейөкмөт уюм өкүлдөрү менен болгон салкын мамилени андан да сууткан эле.

2016-жылы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселесинде, андан кийин президенттик шайлоого байланыштуу мурунку өлкө башчысына нааразычылык андан да күчөгөн.

Күчтүү жарандык ком - күчтүү мамлекет

Кыргызстан Борбор Азия аймагындагы жарандык коому күчтүү бирден бир мамлекет катары эл аралык коомчулукка маалым.

Кыргызстанда жарандык коом эгемендиктин алгачкы жылдарында бейөкмөт уюмдарга активдеше баштаган десе болот. 1990-жылдары донордук уюмдар пайда боло баштап, алардын колдоосунда биринчи жолу жарандык коом уюмдары түзүлө баштаган.

1991-1994 -жылдары жарандык коом калыптануусундагы биринчи этап болгон дешет. Бул убакыт аралагында абдан көп бейөкмөт уюмдары ачылып, бирок алардын узак мөөнөттүү стратегиялык программалары жок болуп, "гранттан грантка чейин" иш алып барып, донорлорунан абдан көз каранды болгону айтылып келет.

1995-2004-жылдары жарандык коомдун өнүгүшүнүн экинчи этабы болгон дешет. Бул убакыт аралыгында жарандык коом сандан сапатка өтө баштаган. Дагы бир өзгөчүлүгү - элетте бейөкмөттөр уюмдары активдеше баштаган. Жарандык коом ирилешип, "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы, Укук коргоо уюмдарынын желеси, Кризистик борборлорунун ассоциациясы, Кыргызстан юристтер ассоциациясы түзүлгөн.

2005-2011-жылдарды жарандык коом өнүүгүсүнүн үчүнчү этабы катары таанышат. Бул жылдары өлкөдөгү бейөкмөт уюмдары кыйла ирденип, өз долбоорлору менен гана чектелбестен, өлкөдөгү маанилүү коомдук жана саячий кызыкчылыктарды сүрөгөнгө жарап калышкан.

Учурда Кыргызстанда расмий катталган бейөкмөт уюмдарынын саны 12 миңге чамаласа да, чындап иш алып баргандарынын саны 600-700 гана делет.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар