Дүйшебаев: Исаев менен бийликтин ортосунда эч кандай сүйлөшүү болгон жок

"Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption "Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевдин үй камагына чыгарылышы аны акталат дегендердин үмүтүн ого бетер жандантты. Көпчүлүк үчүн бул күтүлгөн эле иш болду. Айрымдар Исаев саясий куугунтуктун курмандыгы болгон дешсе, иштин бул өңүттө чечилип жатканын жаңы бийлик менен сүйлөшүүгө барган болушу мүмкүн деп жоромолдогондор дагы бар.

Маалымат жыйынга чогулган "Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаевдин тарапташтары аны үй камагына чыгаруу үчүн бийлик менен эч кандай сүйлөшүү болбогонун айтат. Алардын баамында, мамлекет башчынын өлкөдө мыйзамдуулукту калыбына келтирүү боюнча катуу талабынан улам иш өз нугуна түшүүдө.

"Исаевдин үй камагына чыгарылышына коомдун колдоосу дагы чоң роль ойноду. Канатбек Исаевди коргоо комитети буга чейин Кыргызстандагы кадыр- барктуу кишилерден турган жүздөн ашык кол топтоп, президенттин, Жогорку Соттун кароосуна жөнөткөнү жалпыга маалым. Бул дагы иштин оңунан чечилишине таасир тийгизбей койгон жок. Албетте, Исаев саясий буйруктун курмандыгы болгону айдан ачык. Андыктан сот аны актайт деген үмүтүбүз чоң",- дейт УКМКнын мурдагы жетекчиси Кеңешбек Дүйшебаев.

Депутат камакка алынгандан кийин аны колдоп каршылык акциясына чыккандар деле дээрлик болгон эмес. Бирок коомдо Исаевдин күнөөсү жоктугу, кылмыш иши саясий мотив менен токулганы байма-бай айтылып турду дегендер дагы арбын.

"Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып акылга сыйбаган нерсе. Бийликти сындап койгондун барын эле мамлекетти басып алганы жатасыңар деп камай берген туурабы? Биздин жыйырма жылдан ашык убакыттан бери эңсеп келе жаткан демократия ушулбу?"- деди "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов.

Канатбек Исаев саясий куугунтуктун курмандыгына кабылдыбы?

Канатбек Исаевге 2017-жылы президенттик шайлоо өнөктүгү кызыган маалда "бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деген оор күнөө тагылып, камакка алынган. Ага ошол кезде Интернетке тараган видео себеп болгон. Саясий эксперттер анын шайлоо алдында камакка алынышынын өзүн саясий чечим болгон деп келишет. Коомдук ишмер Алишер Мамасалиев.

Сүрөттүн автордук укугу TYNCHTYK ALTYMYSHEV
Image caption Канатбек Исаев үй камагына чыккандан кийин.

"2016-жылы баш мыйзамды реформалоо башталганда Канатбек Исаев сунушталган жаңы Конституция долбоорунун авторлорунун бири болгон. Бирок кийин ал кайра каршы чыгып, Алмазбек Атамбаевге оппонент болду. Ошондон кийин анын тегерегинде ар кандай саясий оюндар башталды. Серепчи катары ага карата козголгон кылмыш ишин Атамбаевдин саясий чечими болгон деп эсептейм. Кылмыш иши мыйзамсыз козголуп, тергөө процесси мыйзамсыз жүргөн",- деди Алишер Мамасалиев.

Канатбек Исаевге Токмок шаарын жетектеп турганда коррупциялык ишке аралашкан деген айып дагы тагылган. Бирок жакында эле шаардык сот Исаевге карата "Коррупция" беренеси боюнча райондук соттун 10 жылга кескен чечимин "мөөнөтү өттү" деп жокко чыгарып, "Бийликти басып алуу" беренеси боюнча иши кайра тергөөгө берилген. Канатбек Исаев эми ошол шаардык соттун чечими менен үй камагына чыкты.

Тектеш темалар