Кыргызстанды каптаган корей толкуну: кей-поп жана сериалдар

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кыргызстандагы жаштар арасында кей-поп абдан популярдуу

Мурдагы советтик өлкөлөр өзүнүн иденттүүлүгүн издөөдө. Орусия менен маданий тыгыз байланыштарга карабастан, мурдакы союздук өлкөлөрдүн чегинен чыккан учурлары аз эмес.

Кыргызстанда орус тилинин расмий тил макамы бар. Кыргызстандыктардын көпчүлүгү орус каналдарын көрүшөт. Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат учурунда кыргызстандыктардын көбү Орусия курама командасы үчүн жан тартышты. Бирок, жаштардын жаңы кумирлери пайда болду - кыргыз жаштары барган сайын Түштүк Кореяга көбүрөөк таасирленүүдө.

Бишкектин көчөлөрүнөн кара түстө кийинген, экстраваганттуу чач жасалгасы менен айырмаланган жаштарды көп көрүүгө болот. Булар корей толкунуна кабылган кыргыз жаштары.

"Корей модасын куугандарды башкалардан айырмалоо кыйын деле эмес. Булар негизинен курагы 14-25терде, чачтары боёлгон, кымбат баалуу спорттук бут кийим, чыптама шым жана корейлердин поп-группаларынын аты жазылган футболкачан болушат",-дейт Кыргызстандагы корей элчилигинин кызматкери Адинай Эрматова.

Адинай өзү дагы бир учурда корей сериалдарынын артынан түшүп көргөн, катуу күйөрман эле. Ошентип жүрүп корей тилине кызыгып калып, кийин Сеулда магистратурага өтүп кетет. Каникулда үйүнө кайтып келгенде, Бишкекте корей дүкөндөрү да, корей модасын кууган жаштар да көбөйүп баратканын байкаган.

Image caption Кей-поперлер өзгөчө стили менен айырмаланып турат: көбүнчө топтун аты жазылган футболка же кара беткап

Корей маданияты кыргызстандыктар үчүн жаңылык деле эмес. Өлкөдө 1930-жылдары Ырааакы Чыгыштагы чек ара райондорунан сүргүнгө айдалып келген корейлер жашайт. Аларды советтик корейлер деп атап коюшат. Мына ушулардын арты менен кыргызстандыктар айталы, корей ашканасы менен мурдатан эле тааныш. Бирок, азыркы түштүк кореялык ашкана өтө эле айырмалуу.

Сеулдун таасирин арттырган дагы бир толкун бар: соңку үч жылда Түштүк Кореяга кетип жаткан кыргызстандыктар саны көбөйдү. Түштүк Корея элчилигинин маалыматына ылайык, соңку жылдары бул өлкөгө кеткен кыргызстандыктар саны 30 пайызга өскөн.

Image caption Бишкектеги кей-поп кечесинин алдындагы даярдык

Корейге турмушка чыгуу

Окуп же иштөө үчүн Түштүк Кореяга кеткен кыргызстандыктар саны өсүүдө. Өлкөдөгү Корей билим берүү борбору тилди бекер үйрөтүп, корей маданияты менен кыргызстандыктарды жакындан тааныштырып келүүдө. Азыр бул борбордо миңге чукул киши окуйт. Алардын бири 23 жаштагы Сезим Жумабекова дагы корей сериалдары аркылуу бул өлкөгө кызыгып калган. Сериалдарга болгон кызыгуусу кийин Түштүк Кореянын географиясын, тарыхын жана маданиятын билүүгө ынтызарлыкты күчөттү. Сезим колледжди аяктагандан кийин, корей тилин үйрөнүүнү чечкен.

"Ата-энем корей тилин үйрөнөм дегенде каршылык билдирип, англис тилинин келечеги бар деп чыкты. Калган туугандар болсо, анын эмне кереги бар экенин сурашты. Мен болсо корейге турмушка чыккым келет деп тамашалагам",-дейт Сезим.

Ырас, Сезим корейге турмушка чыгам деп тамашалап айтууда. 2008-2009-жылдары Кыргызстанда өтө популярдуу болгон корей сериалы кыргыз кыздарын катуу шыктандырды. Кореяга жыргал жашоо издеп баргысы келгендерге катуу дем берди.

Image caption Кыргызстандагы жаштар арасында кей-поп абдан популярдуу

Сериалдагы башкы каармандын ысымы Гу Чжун Пө ушунчалык белгилүү болгонун мындан билиңиз, кыргыз режиссеру ушундай ат менен: "Гу Чжун Пөгө кантип турмушка чыгыш керек?" деген тасма жараткан.

Тасманын режиссеру Данияр Абдыкеримов мындай идея карындаштары менен тамашалап сүйлөшүп олтурганда жаралганын айтып берди.

"Ошол күнү эле кечинде бардык тааныштарыбызга чалып, ушундай тасманы көрүү үчүн келет белеңер деп сурап чыктык. Көпчүлүгү оң жооп айтышты. Ошентип тасманы тартып баштаганбыз. Кастинг жарыяланган биринчи эле аптада 300 киши өзүн сынап көрүү үчүн келди. Ошондо мен корей толкуну барган сайын күчөп баратканын аңдадым", -дейт Абдыкеримов.

"Гу Чжун Пөгө кантип турмушка чыгуу керек?" деген тасма өлкөдө эң көп көрүлгөн ата-мекендик тасмалардын бири болуп калды. Аны бир ай ичинде 25 миң киши көргөн.

Бирок, корейлер менен никеге турууга үгүттөп жатат деп авторлорду сөгүп-сөздөгөндөр дагы көп болду.

2012-жылы Жогорку Кеңештин эки депутаты чет өлкөгө турмушка чыгууну уюштурган нике агенттиктерине жана алардын ЖМКлар, интернет аркылуу таратылган жарнамаларына тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган.

Мурунку депутат Абдыманап Кутушевдин айтымында, корейлер менен никеге турган кыргызстандыктардын 30% ажырашуу менен аяктоодо. Ал кыздар Түштүк Кореядагы Кыргызстандын элчилигине кайрылып, мекенине кайтып келүүгө жардам сурашат. Бирок, мыйзам долбоору колдоо тапкан эмес.

Жанара (ысымы өзгөртүлдү) корей сериалдарына такыр кызыккан эмес. Нике агенттиктери тууралуу курбуларынан уккан. Болочоктогу жолдошу менен таанышкандан бир аптадан кийин эле Түштүк Кореяга барууга макулдук берген. Ата-энеси каршы болгон, кызынын коопсуздугуна кабатырланышкан.

"Тааныштарымдын көбү туура эмес кылып жатасың дешти. Кыргыз кыргызга турмушка чыгышы керек деп көзүмө карап айткандары болду. Мен башынан эле кыргызга турмушка чыккым келчү эмес",-деп түшүндүрөт Жанара.

Маданияттын экспорттолушу

Мигранттардан жана Кореяга келин болуп баргандардан айырмаланып, кей-поперлер (корей поп-музыкасынын күйөрмандары жана аткаруучулар) кореялык кумирлерге урмат-сыйын ачык көрсөтүүдөн тартынбайт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Эл аралык кей-поп фестивалдарын Түштүк Кореянын тышкы иштер министрлиги уюштурат.

Кыргызстандагы кей-поп күйөрмандары мындай топтордун чыгармачылыгы менен жакындан тааныш болуп, ар бир жаңылыктан артта калбайт.

Кей-поп Түштүк Кореянын өзүндө бир нече миллиарддаган индустрия жана өлкөдөн чыккан экспорттук товарлардын негизгиси саналат.

Сеул үчүн корей маданиятын жайылтууга мамлекеттик мааниде көңүл бурулат.

2012-жылы PSY музыканттарынын Gangnam Style ыры дүйнөгө дүң болгон корей хиттеринин биринчиси болду. Ырдын клибин YouTube коомдук сайтынан 3 миллиард киши көргөн.

Ар бир кей-попердин максаты Түштүк Кореяга барып, жергиликтүү шоу-бизнестен ордун табуу. Көп жылдан бери Бишкекте кей-поп фестивалы өтөт. Жеңүүчүлөр Кореядагы эл аралык фестивалдарга чакыруу алат.

Руслан Жолоев Ninjas деп аталган кей-поп группаны негиздеген. Бала кезинен тарта эле кореялык тарыхый тасмалардын артынан түшүп көргөнүн айтат.

Ал азыр Бишкектеги кей-поп кечелерди уюштуруп, коңшу Казакстандагы жылдыздарды дагы чакырып келет.

"Биздин кыздардын кореялык кей-поперлерге ашынган күйөрман болуп, кыргыз балдарын карабаганы мени ызаалантат. Биз дагы алар сыяктуу эле стилдүү жана кыйын боло алаарыбызды далилдегим келет",- дейт Руслан. (AbA)