Алма-Атада киши колдуу каза тапкан олимпиадачы тууралуу эмне белгилүү?

Алма-Атада 25 жаштагы муз үстүндө бийлөө спортунун чебери Денис Тен киши колдуу каза тапты. Ал 2014-жылдагы Сочи Олимпиадасында коло медал уткан эле.

Сүрөттүн автордук укугу Bobylev Sergey/TASS
Image caption Денис Тен 2014-жылдагы Сочи Олимпиадасында коло медал уткан.

Жергиликтүү полиция спортчуга кол салуу окуясынан кийин шаардын ички иштер департаментинин бүтүндөй курамы иш алып барып жатканын кабарлады.

«Шектүүлөр тууралуу болжолдуу маалыматтар бар. Биз азыр маалыматтарды изилдеп жатабыз. Бул иш боюнча тажрыйбалуу кызматкерлерден турган топ иш алып барууда. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу башка кызыктуу эч нерсе айтып бере албайбыз»,-деди журналисттер үчүн өткөрүлгөн басма сөз жыйынында Алма-Ата полициясынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Акылбек Умбеталиев.

Кол салуу кандай болгон?

Уурулар авто унаасындагы күзгүсүн чыгарып жатканда, Тен алар менен кармаша кетип, каптал жагына бычак сайылган деп кабарлады полиция.

Tengrinews TV порталы кол салуу болгон жердеги тасманы жарыялады.

Кол салуу жергиликтүү убакыт боюнча болжолу 15:00дө болгон. Казакстандын салматтыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Тен үч литрдей кан жоготкон.

Денис Тен

Тен бир гана Сочи Олимпиадасында коло медал утпастан, 2015-жылы дүйнө чемпиону болгон. 2013-жылы дүйнө чемпионатында күмүш медалды багындырган.

Андан кийин Лос-Анжелесте жашап, Фрэнк Кэрроллдун колунда машыккан.

Sports.ru жазганына караганда, акыркы жылдары Тендин жаракаты болгондуктан байгелүү орундарга илинбей калган. Пхенчханда 27-орунду алган эле. (AbA)

Тектеш темалар