Мамлекеттик сыйлыктар: талапкер тандоонун ташпиши

Министрлик быйыл сыйлыкка 101 адамды көрсөтүп жатат Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Министрлик быйыл сыйлыкка 101 адамды көрсөтүп жатат

Маданият министрлиги мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөндөр тизмесин президентке караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча катчылыкка жолдоду. Министрлик быйыл сыйлыкка 101 адамды көрсөтүп жатат. Бул жолу 17 кишиден турган коллегия жабык добуш берүү аркылуу сыйлыкка татыктууларды тандады.

Бирок тандоонун бул түрүнө деле нааразычылык арткандар чыгып жатат.

Кеңешип кескен бармак оорубайт

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мамлекеттик сыйлыкка ким татыктуу ачык-айкын жана коррупциясыз тандоо үчүн 14-июлда жыйын курду.

"Коллегия министрдин төралагынын алдында өттү. Идея дагы Султан Жумагуловго таандык. Тандоону ачык өткөзгөнүбүздүн себеби көп жылдар бою сыйлык алууда, берүүдө көп көйгөйлөр болуп келген. Талаш-тартыш, өйдө-төмөн сөздөр болгон. Арты чатаксыз , калыс болсун деп коллегиянын мүчөлөрүнүн тандоосу аркылуу жүрдү ", -деди мекеменин басма сөз кызматкери Жийде Зоотпекова.

Коллегиянын 17 мүчөсү ал же тигил талапкер үчүн добушун жабык берген, башкача айтканда колдой же колдобой тургандыгын жашыруун билдирген. Жыйынтык жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгында чыгарылган.

Ошентип сыйлыкка документтерин даярдап келген 352 адамдын үчтөн биринен да азы, 101 адам тандоодон өткөн.

Зоотпекова коллегиядан өтпөй калгандар арасында тандоонун бул түрүнө нааразылар болуп атканын жашырган жок.

Арасында акын, режиссер, композитор

Эң жогорку - "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамына бир гана талапкер - композитор Муратбек Бегалиев көрсөтүлүп, бирок аны коллегия колдогон эмес.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Муратбек Бегалиев, композитор

Андан кийинки эле абройлуу "Курманжан Датка" орденине Улуттук филармониянын артисти Кутбүбү Мамашева жана акын Гүлсайра Момунова көрсөтүлүштү.

III даражадагы "Манас" орденине режиссер Ишенбек Сагынбеков жана жазуучу Мелис Абакиров көрсөтүлсүн делди.

"Эл артист" наамына Улуттук филармониянын солисти Майрам Дүйшекеева, композитор Жылдыз Малдыбаева, театр артисти Нурканбек Турсунбаев жана дагы беш киши көрсөтүлдү.

"Эмгек сиңирген артист" наамына 20 киши көрсөтүлдү, алардын арасында аткаруучулар Шахризада Аскарова менен Адил Чекилов бар.

Сыйлыкка көрсөтүлгөндөрдүн толук тизмеси министрликтин сайтына жарыяланды.

Сыйдан кетирген сыйлыкпы?

Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүдө маданият тармагында ызы-чуу көбүрөөк болору белгилүү. Мындан уламбы, айтоор былтыр 28-июлда Кыргызстандын мамлекеттик жана ардак наамдар жөнүндөгү жаңы мыйзамына толуктоолор кирген.

Жаңы мыйзамдын 14-беренесинде "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамына кимдер татый тургандыгы так белгиленген. Мыйзамда "маданият жана искусство тармагында кеминде 15 жыл иштеген кишилерге берилет" деп жазылган.

Бирок мыйзамда ошондой эле адаттан тыш чыгарма жазгандарга аталган сыйлык мөөнөтүнө карабай ыйгаруу мүмкүнчүлүгү да каралган.

Экс- президент Алмазбек Атамбаев былтыр 30-августта мамлекеттик сыйлыктар жөнүндөгү мыйзамга кол коюп, 150дөй кишиге жана бир катар уюмдарга мамлекеттик сыйлыктар менен медалдар ыйгарылган болчу.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Эмгек сиңирген артист Самара Каримова

"Кыргыз Республикасынан эмгек сиңирген артисти" наамы бир катар жаш ырчы-аткаруучуларга ыйгарылганы коомдо кызуу талкууга жем таштаган.

Аталган наамды алгандар катарында эстрада ырчылары Нурайым Азыкбаева, Самара Каримова, "Учур" мамлекеттик жаштар театрынын актеру Чынгызбек Мамаев, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артист-вокалисти Тилек Найманбаев, Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгынын "Доор" фольклордук-этнографиялык ансамблинин солисти Каныкей Раймалиева, "Эл шайырлары" фольклордук тобунун артисти Анапия Райымбекова жана эстрада ырчысы Гүлжигит Сатыбеков бар.

Калыстык болбосо, нааразычылык болот

Белгилүү аткаруучу Саламат Садыкова ар бир чыгармачыл адамдын эмгеги бааланып, сыйлык ээсин тапса , нааразычылык болбой турганын баса белгиледи.

"Иттин уулу Байгара да алып атпайбы. Кийинки жылдары мен андай комиссияларда да иштедим, азыр чийип салышты. Бардык кызмат кылгандар татыктуу дечи, бирок жаш мурдун эптеп арчып жүргөндөргө сыйлыкты тобу менен беришпедиби, алыш керек булар деп. Көчмөндөр оюнуна барып, бир жылт этип көрүнүп койгондор сыйлыкка татыктуу экен. Бул эмне деген жакшылык? Албетте ошондо таарыныч болуп жатат.

Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Эл артисти Саламат Садыкова

40-50 жылдап маданият тармагында ат көтөрө албаган эмгекти жасагандар бул жагынан алганда акыйкат таарынып жатышат. Өздөрүнүн баласынан кичине, небересиндей балдар сыйлык алып жатса, бул таарынычты алып келет да анан. Калыстык болбой жатат, муну министрлик жасап аткан жери жок. Муну улам келип жаткан президенттин аппаратындагы кыйынчыкмалар жасап атат го", - деди Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреты Саламат Садыкова.

Маданият министрлиги сыйлыкка көрсөткөндөр кийинки этапта да колдоо тапса, наамдарын 31-августта Эгемендик күнүнө карата салтанатта алып калышат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар